БИОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БИОЛО́ГИЯ''' (''био''... ж-а ...''логия'') – тирүү жара­тылыш ж-дөгү илимдер жыйындысы. Б. тири­чиликтин бардык кубулуштарын, организмдин түзүлүшүн ж-а функциясын, таралышын, келип
'''БИОЛО́ГИЯ''' (''био''... ж-а ...''логия'') – тирүү жара­тылыш жөнүндөгү илимдер жыйындысы. Биология  тири­чиликтин бардык кубулуштарын, организмдин түзүлүшүн ж-а функциясын, таралышын, келип чыгышын, өөрчүшүн, бири-бири м-н жансыз табиятка болгон байланышын изилдейт ж-а үйрөтөт. Биологиянын негизги максаты – бул кубулуш­тардын закон ченемин үйрөнүү, тиричиликтин негизин аныктоо, тирүү организмдерди система­га келтирүү, өсүмдүк ж-а жаныбарлар байлы­гын тейлөө, ар түрдүү тиричилик формалары­нын пайда болуу ж-а өөрчүү закон ченемдерин  үйрөнүү, жаратылышты адамдын керектөөсүнө жараша өзгөртүү. «Биология» терминин 1802-жылы француз  илимпозу Ж. Б. Ламарк ж-а немис илимпозу Г. Р. Тревиранус сунуш кылган. Швед биологу Карл Линнейдин «Табият систематикасы» (1735) деген эмгегинде өсүмдүк ж-а жаныбар түрлөрү классификацияланган. 1839-жылы немис илимпо­зу Т. Шванн ''клетка теориясын'' ачкан. Ал орга­низмдин түзүлүшү клеткалардан тургандыгын далилдеген. Ч. ''Дарвин'' «Түрлөрдүн келип чыгы­шы» (1859) аттуу эмгегинде жаныбар м-н өсүмдүк түрүнүн өзгөрүшүн ж-а жаңы түрдүн келип чы­гышын аныктаган. Биологиянын өсүшүнө И. В. ''Мичу­риндин'' окуусу, И. П. ''Павловдун'' жогорку нерв системасынын иши жөнүндөгү  эмгектери негиз бол­ду. Тиричиликтин татаал көрүнүштөрү ж-а ку­булуштары ар түрдүү шарттарда биологиянын алдына ар кандай максаттарды коюп, аны жаңы биологиялык  объекттерди изилдөөгө түрттү. Табияттагы ти­ричилик жөнүндө илим кеңейип отуруп, анын жаңы тармактарын пайда кылды. Биологияда  биринчилер­ден болуп жаныбарлар жөнүндөгү ''зоология'', өсүм­дүктөр жөнүндөгү ''ботаника'', ошондой эле адамдын анато­миясы ж-а физиологиясы бөлүмдөрү пайда бол­гон. Биология  изилдөө объектисине карата да бөлүнөт. Микроорганизмдерди ''микробиология'', сууда жашоочу организмдерди ''гидробиология'' изил­дейт. Ар бир организм өзүнө мүнөздүү сырткы түзүлүшү ж-а тиричилигинин ар түрдүүлүгү м-н айырмаланат. Алардын түзүлүшүн ж-а форма­сын морфология үйрөтсө, функциясынын закон ­ченемин ''физиология'' илими изилдейт. Өсүмдүк морфологиясы – өсүмдүктөрдүн формаларын, пайда болуу процессин, сырткы түзүлүшүн; өсүм­дүктөрдүн анатомиясы – өсүмдүктүн микроскоп­тук ички түзүлүшүн; адамдын ж-а жаныбар анатомиясы – жаныбардын, адамдын түзүлү­шүн, формасын; жаныбардын салыштырма анатомиясы – ар түрдүү типке кирген жаныбар­дын органдар системасын бири бирине салыш­тырып карайт; гистология – жаныбар ж-а адам­дын ткань түзүлүшүн; ''эмбриология'' – түйүл­дүктүн өөрчүшүн; ''цитология'' – жаныбар ж-а өсүмдүктүн клеткасын; палеонтология тукум ку­рут болгон организм ж-а өсүмдүк калдыктарын изилдейт. Зоология өз кезегинде териология (сүт эмүүчүлөр), орнитология (куштар), ихтиология (балыктар), энтомология (курт-кумурска) ж. б. илимдерге бөлүнөт. Ошондой  эле ботаникада альголо­гия – балырлар, микология – козу карындар, бри­ология – мамык чөптөр жөнүндөгү тармактарга ай­ырмаланат. Жаныбарлардын жүрүм-турумун – этология, тукум куугучтук ж-а өзгөргүчтүк за­кон ченемин – генетика, өөрчүү тарыхын ''эволю­циялык окуу'' изилдейт. 20-кылымда жаңы биологиялык тар­мактар ж-а багыттар – радиобиология, космос биологиясы, эмгек физиологиясы ж. б. пайда болду. Азыркы учурда электрондук микроско­пия, спектрометриялык, оптикалык, биологиялык  структуралардын рентген анализи ж. б. метод­дор тиричиликтин негизи болгон клеткалардын белокторун изилдөөгө жетишти. Өсүмдүк, жа­ныбарлардын физиологиялык  өзгөчөлүктөрүн ж-а ге­нетика, селекция закондорун билүү агротехни­ка м-н зоотехниканы жакшыртуу жогорку түшүмдүү өсүмдүк сортторун, жаныбар порода­ларын чыгарууга мүмкүндүк берет. Биохимиялык  изилдөөлөр өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан алынган органикалык заттарды толук пайдаланууга ж-а аларды лабораторияда ж-а өнөр жайда син­тездөөгө мүмкүндүк түзөт. Гендик  инженериянын өсүшү биологиялык активдүү ж-а дары заттарынын био­технологиясына кеңири жол ачты. Оору козго­очу вирустар, бактериялар ж-а мите организм­дердин көбөйүү, таралуу закон ченемин билүү адамдын, жаныбарлардын жугуштуу ж-а мите ооруларына каршы күрөшүүдө чоң мааниге ээ болду.
чыгышын, өөрчүшүн, бири-бири м-н жансыз
табиятка болгон байланышын изилдейт ж-а
үйрөтөт. Б-нын негизги максаты – бул кубулуш­тардын законченемин үйрөнүү, тиричиликтин негизин аныктоо, тирүү организмдерди система­га келтирүү, өсүмдүк ж-а жаныбарлар байлы­гын тейлөө, ар түрдүү тиричилик формалары­нын пайда болуу ж-а өөрчүү законченемдерин
үйрөнүү, жаратылышты адамдын керектөөсүнө жараша өзгөртүү. «Б.» терминин 1802-ж. фр. илимпозу Ж. Б. Ламарк ж-а немис илимпозу Г. Р. Тревиранус сунуш кылган. Швед биологу Карл Линнейдин «Табият систематикасы» (1735) деген эмгегинде өсүмдүк ж-а жаныбар түрлөрү классификацияланган. 1839-ж. немис илимпо­зу Т. Шванн ''клетка теориясын'' ачкан. Ал орга­низмдин түзүлүшү клеткалардан тургандыгын далилдеген. Ч. ''Дарвин'' «Түрлөрдүн келип чыгы­шы» (1859) аттуу эмгегинде жаныбар м-н өсүмдүк түрүнүн өзгөрүшүн ж-а жаңы түрдүн келип чы­гышын аныктаган. Б-нын өсүшүнө И. В. ''Мичу­риндин'' окуусу, И. П. ''Павловдун'' жогорку нерв системасынын иши ж-дөгү эмгектери негиз бол­ду. Тиричиликтин татаал көрүнүштөрү ж-а ку­булуштары ар түрдүү шарттарда Б-нын алдына ар кандай максаттарды коюп, аны жаңы биол. объекттерди изилдөөгө түрттү. Табияттагы ти­ричилик ж-дө илим кеңейип отуруп, анын жаңы тармактарын пайда кылды. Б-да биринчилер­ден болуп жаныбарлар ж-дөгү ''зоология'', өсүм­дүктөр ж-дөгү ''ботаника'', о. эле адамдын анато­миясы ж-а физиологиясы бөлүмдөрү пайда бол­гон. Б. изилдөө объектисине карата да бөлүнөт. Микроорганизмдерди ''микробиология'', сууда жашоочу организмдерди ''гидробиология'' изил­дейт. Ар бир организм өзүнө мүнөздүү сырткы түзүлүшү ж-а тиричилигинин ар түрдүүлүгү м-н айырмаланат. Алардын түзүлүшүн ж-а форма­сын морфология үйрөтсө, функциясынын закон­ченемин ''физиология'' илими изилдейт. Өсүмдүк морфологиясы – өсүмдүктөрдүн формаларын, пайда болуу процессин, сырткы түзүлүшүн; өсүм­дүктөрдүн анатомиясы – өсүмдүктүн микроскоп­тук ички түзүлүшүн; адамдын ж-а жаныбар анатомиясы – жаныбардын, адамдын түзүлү­шүн, формасын; жаныбардын салыштырма анатомиясы – ар түрдүү типке кирген жаныбар­дын органдар системасын бири бирине салыш­тырып карайт; гистология – жаныбар ж-а адам­дын ткань түзүлүшүн; ''эмбриология'' – түйүл­дүктүн өөрчүшүн; ''цитология'' – жаныбар ж-а
өсүмдүктүн клеткасын; палеонтология тукумку­рут болгон организм ж-а өсүмдүк калдыктарын изилдейт. Зоология өз кезегинде териология (сүт эмүүчүлөр), орнитология (куштар), ихтиология (балыктар), энтомология (курт-кумурска) ж. б. илимдерге бөлүнөт. О. эле ботаникада альголо­гия – балырлар, микология – козугарындар, бри­ология – мамыкчөптөр ж-дөгү тармактарга ай­ырмаланат. Жаныбарлардын жүрүм-турумун – этология, тукумкуугучтук ж-а өзгөргүчтүк за­конченемин – генетика, өөрчүү тарыхын ''эволю­циялык окуу'' изилдейт. 20-к-да жаңы биол. тар­мактар ж-а багыттар – радиобиология, космос биологиясы, эмгек физиологиясы ж. б. пайда болду. Азыркы учурда электрондук микроско­пия, спектрометриялык, оптикалык, биол. структуралардын рентген анализи ж. б. метод­дор тиричиликтин негизи болгон клеткалардын белокторун изилдөөгө жетишти. Өсүмдүк, жа­ныбарлардын физиол. өзгөчөлүктөрүн ж-а ге­нетика, селекция закондорун билүү агротехни­ка м-н зоотехниканы жакшыртуу жогорку түшүмдүү өсүмдүк сортторун, жаныбар порода­ларын чыгарууга мүмкүндүк берет. Биохим. изилдөөлөр өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан алынган орг. заттарды толук пайдаланууга ж-а аларды лабораторияда ж-а өнөржайда син­тездөөгө мүмкүндүк түзөт. Ген. инженериянын
өсүшү биол. активдүү ж-а дары заттарынын био­технологиясына кеңири жол ачты. Оору козго­очу вирустар, бактериялар ж-а мите организм­дердин көбөйүү, таралуу законченемин билүү адамдын, жаныбарлардын жугуштуу ж-а мите ооруларына каршы күрөшүүдө чоң мааниге ээ болду.


Ад.: История биологии с древнейших времён до начало XX в. М., 1972; ''Вилли К., Детье В.'' Биология
Ад.: История биологии с древнейших времён до начало XX в. М., 1972; ''Вилли К., Детье В.'' Биология / Пер. с англ. М. 1974. ''Шерматов С. М''., Биологиянын негиздери. Б., 2002; Биология. Энциклопедиялык окуу куралы. Б., 2003.            
/ Пер. с англ. М. 1974. ''Шерматов С. М''., Биологиянын
негиздери. Б., 2002; Биология. Энциклопедиялык окуу куралы. Б., 2003. ''Б. Т. Бегалиева. [[Category: 2-том, 146-225 бб]]


''Б. Т. Бегалиева. ''
''[[Category: 2-том, 146-225 бб]]''

08:57, 10 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы

БИОЛО́ГИЯ (био... ж-а ...логия) – тирүү жара­тылыш жөнүндөгү илимдер жыйындысы. Биология тири­чиликтин бардык кубулуштарын, организмдин түзүлүшүн ж-а функциясын, таралышын, келип чыгышын, өөрчүшүн, бири-бири м-н жансыз табиятка болгон байланышын изилдейт ж-а үйрөтөт. Биологиянын негизги максаты – бул кубулуш­тардын закон ченемин үйрөнүү, тиричиликтин негизин аныктоо, тирүү организмдерди система­га келтирүү, өсүмдүк ж-а жаныбарлар байлы­гын тейлөө, ар түрдүү тиричилик формалары­нын пайда болуу ж-а өөрчүү закон ченемдерин үйрөнүү, жаратылышты адамдын керектөөсүнө жараша өзгөртүү. «Биология» терминин 1802-жылы француз илимпозу Ж. Б. Ламарк ж-а немис илимпозу Г. Р. Тревиранус сунуш кылган. Швед биологу Карл Линнейдин «Табият систематикасы» (1735) деген эмгегинде өсүмдүк ж-а жаныбар түрлөрү классификацияланган. 1839-жылы немис илимпо­зу Т. Шванн клетка теориясын ачкан. Ал орга­низмдин түзүлүшү клеткалардан тургандыгын далилдеген. Ч. Дарвин «Түрлөрдүн келип чыгы­шы» (1859) аттуу эмгегинде жаныбар м-н өсүмдүк түрүнүн өзгөрүшүн ж-а жаңы түрдүн келип чы­гышын аныктаган. Биологиянын өсүшүнө И. В. Мичу­риндин окуусу, И. П. Павловдун жогорку нерв системасынын иши жөнүндөгү эмгектери негиз бол­ду. Тиричиликтин татаал көрүнүштөрү ж-а ку­булуштары ар түрдүү шарттарда биологиянын алдына ар кандай максаттарды коюп, аны жаңы биологиялык объекттерди изилдөөгө түрттү. Табияттагы ти­ричилик жөнүндө илим кеңейип отуруп, анын жаңы тармактарын пайда кылды. Биологияда биринчилер­ден болуп жаныбарлар жөнүндөгү зоология, өсүм­дүктөр жөнүндөгү ботаника, ошондой эле адамдын анато­миясы ж-а физиологиясы бөлүмдөрү пайда бол­гон. Биология изилдөө объектисине карата да бөлүнөт. Микроорганизмдерди микробиология, сууда жашоочу организмдерди гидробиология изил­дейт. Ар бир организм өзүнө мүнөздүү сырткы түзүлүшү ж-а тиричилигинин ар түрдүүлүгү м-н айырмаланат. Алардын түзүлүшүн ж-а форма­сын морфология үйрөтсө, функциясынын закон ­ченемин физиология илими изилдейт. Өсүмдүк морфологиясы – өсүмдүктөрдүн формаларын, пайда болуу процессин, сырткы түзүлүшүн; өсүм­дүктөрдүн анатомиясы – өсүмдүктүн микроскоп­тук ички түзүлүшүн; адамдын ж-а жаныбар анатомиясы – жаныбардын, адамдын түзүлү­шүн, формасын; жаныбардын салыштырма анатомиясы – ар түрдүү типке кирген жаныбар­дын органдар системасын бири бирине салыш­тырып карайт; гистология – жаныбар ж-а адам­дын ткань түзүлүшүн; эмбриология – түйүл­дүктүн өөрчүшүн; цитология – жаныбар ж-а өсүмдүктүн клеткасын; палеонтология тукум ку­рут болгон организм ж-а өсүмдүк калдыктарын изилдейт. Зоология өз кезегинде териология (сүт эмүүчүлөр), орнитология (куштар), ихтиология (балыктар), энтомология (курт-кумурска) ж. б. илимдерге бөлүнөт. Ошондой эле ботаникада альголо­гия – балырлар, микология – козу карындар, бри­ология – мамык чөптөр жөнүндөгү тармактарга ай­ырмаланат. Жаныбарлардын жүрүм-турумун – этология, тукум куугучтук ж-а өзгөргүчтүк за­кон ченемин – генетика, өөрчүү тарыхын эволю­циялык окуу изилдейт. 20-кылымда жаңы биологиялык тар­мактар ж-а багыттар – радиобиология, космос биологиясы, эмгек физиологиясы ж. б. пайда болду. Азыркы учурда электрондук микроско­пия, спектрометриялык, оптикалык, биологиялык структуралардын рентген анализи ж. б. метод­дор тиричиликтин негизи болгон клеткалардын белокторун изилдөөгө жетишти. Өсүмдүк, жа­ныбарлардын физиологиялык өзгөчөлүктөрүн ж-а ге­нетика, селекция закондорун билүү агротехни­ка м-н зоотехниканы жакшыртуу жогорку түшүмдүү өсүмдүк сортторун, жаныбар порода­ларын чыгарууга мүмкүндүк берет. Биохимиялык изилдөөлөр өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан алынган органикалык заттарды толук пайдаланууга ж-а аларды лабораторияда ж-а өнөр жайда син­тездөөгө мүмкүндүк түзөт. Гендик инженериянын өсүшү биологиялык активдүү ж-а дары заттарынын био­технологиясына кеңири жол ачты. Оору козго­очу вирустар, бактериялар ж-а мите организм­дердин көбөйүү, таралуу закон ченемин билүү адамдын, жаныбарлардын жугуштуу ж-а мите ооруларына каршы күрөшүүдө чоң мааниге ээ болду.

Ад.: История биологии с древнейших времён до начало XX в. М., 1972; Вилли К., Детье В. Биология / Пер. с англ. М. 1974. Шерматов С. М., Биологиянын негиздери. Б., 2002; Биология. Энциклопедиялык окуу куралы. Б., 2003.


Б. Т. Бегалиева.

'