БИОЛОГИЯЛЫК ТАЗАЛОО: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИОЛОГИЯЛЫК ТАЗАЛОО''' – тиричиликтен ж-а | '''БИОЛОГИЯЛЫК ТАЗАЛОО''' – тиричиликтен ж-а | ||
өндүрүштөн чыккан булганч сууларды тазалоо ыкмасы. Булганч | өндүрүштөн чыккан булганч сууларды тазалоо ыкмасы. Булганч органикалык заттарды (эриген ж-а эри­беген) биохимиялык жактан бөлүп ажыратуучу (ми­нералга айландыруучу) микроорганизмдердин иш-аракетинин негизинде жүрөт. Бул заттар микроорганизмдердин (бактериялардын) жашоо ­тиричилиги үчүн керектүү азык ж-а энергия була­гы. Микроорганизмдердин дем алуу процессинде органикалык заттар кычкылданып, алардын тиричили­гине керектүү энергия бөлүнүп чыгат. Бул энер­гиянын бир бөлүгү клетка заттарын синтездөөгө, башкача айтканда бактериялардын, кыймылдуу чөгүндүлөр­дүн ж-а тазалоочу курулмалардагы суу бетин­деги организмдердин санынын көбөйүшүнө жум­шалат. Булганч суулардагы органикалык бирикмелерди минералга айландырууда бактериялар катышат. Алар кычкылтекти пайдалануусуна жараша 2 топко бөлүнөт: ''аэробдор'' (демалганда сууда эри­ген кычкылтекти пайдалануучу) ж-а ''анаэроб­дор'' (эркин кычкылтек болбогон шартта жашо­очу). Булганч сууларда эриген органикалык заттардан тышкары, калкып жүргөн заттар, чайырлар, майлар кездешет. Биологиялык тазалоонун алдында тор, кум­ тоскучтар, тундургучтар аркылуу ал заттардан сууну арылтуу зарыл. Аэробдуу биологиялык тазалоо сугат жер­лерде, чыпкалоочу талааларда, биологиялык көлмө­лөрдө, аэротенктерде, аэрочыпкаларда жүргүзү­лөт. Мындай шарттарда микроорганизмдердин жашоо тиричилиги жогору болот. Анаэробдуу тазалоодо метатенктер (жасалма чөйрө) колдо­нулат. Тазалоочу курулмалар суунун булгануу мүнөзүнө, өлчөмүнө, жергиликтүү шарттарга, суунун тазалык сапаттарына ж. б. жараша тандалып алынат. Толук тазалоонун натыйжасында био­химиялык жактан кычкылдануучу органикалык заттар сууда дээрлик калбайт. Натыйжада суунун бактерия­лык булгануусу төмөндөп, тунуктуулугу артат. Микроорганизмдердин жашоо-тиричилиги үчүн жетиштүү сандагы биологиялык элементтери (азот, фос­фор, калий) бар булганч суулар биологиялык тазалоодон өткөрү­лөт. Биологиялык тазалоонун алдында айрым учурларда бул­ганч сууларга биогендик элементтер туздардын эритмеси түрүндө кошулат. | ||
Ад.: Канализация / Под. ред. А. И. Жукова. 4 изд. М., 1969. | Ад.: Канализация / Под. ред. А. И. Жукова. 4 изд. М., 1969. | ||
<p align='right'>''Э. Ахматбекова.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | <p align='right'>''Э. Ахматбекова.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
09:33, 10 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БИОЛОГИЯЛЫК ТАЗАЛОО – тиричиликтен ж-а өндүрүштөн чыккан булганч сууларды тазалоо ыкмасы. Булганч органикалык заттарды (эриген ж-а эрибеген) биохимиялык жактан бөлүп ажыратуучу (минералга айландыруучу) микроорганизмдердин иш-аракетинин негизинде жүрөт. Бул заттар микроорганизмдердин (бактериялардын) жашоо тиричилиги үчүн керектүү азык ж-а энергия булагы. Микроорганизмдердин дем алуу процессинде органикалык заттар кычкылданып, алардын тиричилигине керектүү энергия бөлүнүп чыгат. Бул энергиянын бир бөлүгү клетка заттарын синтездөөгө, башкача айтканда бактериялардын, кыймылдуу чөгүндүлөрдүн ж-а тазалоочу курулмалардагы суу бетиндеги организмдердин санынын көбөйүшүнө жумшалат. Булганч суулардагы органикалык бирикмелерди минералга айландырууда бактериялар катышат. Алар кычкылтекти пайдалануусуна жараша 2 топко бөлүнөт: аэробдор (демалганда сууда эриген кычкылтекти пайдалануучу) ж-а анаэробдор (эркин кычкылтек болбогон шартта жашоочу). Булганч сууларда эриген органикалык заттардан тышкары, калкып жүргөн заттар, чайырлар, майлар кездешет. Биологиялык тазалоонун алдында тор, кум тоскучтар, тундургучтар аркылуу ал заттардан сууну арылтуу зарыл. Аэробдуу биологиялык тазалоо сугат жерлерде, чыпкалоочу талааларда, биологиялык көлмөлөрдө, аэротенктерде, аэрочыпкаларда жүргүзүлөт. Мындай шарттарда микроорганизмдердин жашоо тиричилиги жогору болот. Анаэробдуу тазалоодо метатенктер (жасалма чөйрө) колдонулат. Тазалоочу курулмалар суунун булгануу мүнөзүнө, өлчөмүнө, жергиликтүү шарттарга, суунун тазалык сапаттарына ж. б. жараша тандалып алынат. Толук тазалоонун натыйжасында биохимиялык жактан кычкылдануучу органикалык заттар сууда дээрлик калбайт. Натыйжада суунун бактериялык булгануусу төмөндөп, тунуктуулугу артат. Микроорганизмдердин жашоо-тиричилиги үчүн жетиштүү сандагы биологиялык элементтери (азот, фосфор, калий) бар булганч суулар биологиялык тазалоодон өткөрүлөт. Биологиялык тазалоонун алдында айрым учурларда булганч сууларга биогендик элементтер туздардын эритмеси түрүндө кошулат.
Ад.: Канализация / Под. ред. А. И. Жукова. 4 изд. М., 1969.
Э. Ахматбекова.