БЕЙШЕНАЛИЕВА Бүбүсара: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕЙШЕНАЛИЕВА''' '''Бүбүсара''' (17. 5. 1926, Чүй облусу, Аламүдүн району, Таш-Дөбө кыштагы – 10. 5. 1973, Фрунзе) – атактуу балерина, кыргыз хорео­графиясын негиздөөчүлөрдүн бири, Кыргыз ССР эл артисти (1954), СССР эл артисти (1958). | '''БЕЙШЕНАЛИЕВА''' '''Бүбүсара''' (17. 5. 1926, Чүй облусу, Аламүдүн району, Таш-Дөбө кыштагы – 10. 5. 1973, Фрунзе) – атактуу балерина, кыргыз хорео­графиясын негиздөөчүлөрдүн бири, Кыргыз ССР эл артисти (1954), СССР эл артисти (1958). 1936–1941-жылдарда Ленин­град хореография окуу жа­йында окуган. | ||
[[File:БЕЙШЕНАЛИЕВА8.png | thumb | none]] | [[File:БЕЙШЕНАЛИЕВА8.png | thumb | none]] | ||
1948–1949-жылдарда ошол эле окуу жайдын өнөр арттыруу классында айты­луу балет педагогу А. В. Ва­гановадан таалим алган. Бейшеналиева 13 жашында кыргыз искусст­восунун Москвада өткөн 1- он күндүгүндө (1939) бийлеп | |||
[[File:БЕЙШЕНАЛИЕВА9.png | thumb | М. Раухвергер. «Чол­пон» балетинде. Бү­бүсара Бейшеналие­ва Айдайдын ро­лунда.]] чыккан. 1941-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера | [[File:БЕЙШЕНАЛИЕВА9.png | thumb | М. Раухвергер. «Чол­пон» балетинде. Бү­бүсара Бейшеналие­ва Айдайдын ро­лунда.]] чыккан. 1941-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти (1946-жылдан баш­кы солист). 1949-жылдан Фрунзе хореография окуу жайында педагогдук кесипте эмгектенген. Сахнада туңгуч ирет В. Власов менен В. Ференин «Селкинчек» (1943, балетмейстер Л. М. Крама­ревский) балетинде Зайнуранын ролун аткаруу менен кесипкөй чеберчилиги бар экенин көрсөткөн. | ||
«Селкинчек» (1943, балетмейстер Л. М. Крама­ревский) балетинде Зайнуранын ролун аткаруу | Бейшеналиеванын күчтүү хореографиялык таланты «Чолпон» (композитор М. Раухвергер, балетмейстер Л.М. Крамаревский) балетинде ачык-айкын көрүнгөн. Кийинки аткарган негизги ролдору: | ||
[[File:БЕЙШЕНАЛИЕВА10.png | thumb | none]] Л. Минкус , «Дон Кихот» балетинде Бүбүсара Бейше­налиева – Китри, У. Сарбагышев – Базиль. Мария, Зарема (Б. Асафьев, «Бахчисарай фон­таны», 1949), Одетта – Одиллия (П. Чайков­ский, «Ак куу көлү», 1950), Тао Хоа (Глиэр, «Кы­зыл гүл»), Каарман кыз (С. Рахманинов, «Жаз келатат», 1953), Айдай (М. Раухвергер, «Чол­пон», 1953, 1958), Сайра (В. Власов, В. Фере, | [[File:БЕЙШЕНАЛИЕВА10.png | thumb | none]] Л. Минкус , «Дон Кихот» балетинде Бүбүсара Бейше­налиева – Китри, У. Сарбагышев – Базиль. Мария, Зарема (Б. Асафьев, «Бахчисарай фон­таны», 1949), Одетта – Одиллия (П. Чайков­ский, «Ак куу көлү», 1950), Тао Хоа (Глиэр, «Кы­зыл гүл»), Каарман кыз (С. Рахманинов, «Жаз келатат», 1953), Айдай (М. Раухвергер, «Чол­пон», 1953, 1958), Сайра (В. Власов, В. Фере, «Ала-Тоо жазы», 1955), Аврора (П. Чайковский, «Уйкудагы сулуу», 1956), Зейнеп (К. Молдо­басанов, Т. Окунев, «Куйручук», 1960), Фанни (И. Штраус, «Чоң вальс», 1961), Жульетта (С. Прокофьев, «Ромео жана Жульетта», 1962), Сильфида (Ф. Шопен, «Шопениана», 1966), Китри (Л. Минкус, «Дон Кихот», 1967), Асел (В. Власов, «Асел», 1967), Солистка (М. Равель, «Болеро», 1970) ж. б. Бейшеналиева улуттук жана классика­лык балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдардын бүтүндөй бир галереясын жараткан. Ал кыргыз кесиптик хореография өнө­рүнүн калыптанышына жана азыркы деңгээлге көтөрүлүшүнө зор залым кошкон, жеке өзүнө тиешелүү аткаруучулук салттарын мураска кал­тырган. Бейшеналиева чыгармачылыгы телегейи текши өнүккөн балериналардын тобуна кошулат. Анын бийчи­лик өнөрү үчүн тубаса көрктүү келбетин, назик­тик менен кайраттуулуктун, кыймылдын таамай­лыгы менен эмоциялуулугунун айкалышы мүнөз­дүү. Артисттин ар бир аткарган ролу сулуу­луктун, назиктиктин, шаттыктын жаркын май­рамына айланган. Бейшеналиева кыргыздын балет искусст­восун дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө тааныткан. Ал катышкан «Чолпон» балет-фильми 60тан ашуун өлкөдө коюлган. Ал ошондой эле Румынияда (1953), Чехословакияда (1967), Канадада (1967), Азия жана Африканын айрым өлкөлөрүндө гастролдо болгон. Өзгөчө кыргыз искусствосу менен адабиятынын Москвада өткөн 2-он күндүгүндө (1958) Бейшеналиева моск­валык көрүүчүлөрдүн, адистердин эң жогорку баасына арзыган. Башкы партиясын Бейшеналиева аткар­ган «Асел» балети мыкты опералык жана балет­тик спектаклдердин конкурсунда (1967) сыйлык алган, ошол эле ролду аткарганы үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон (1970). Бейшеналиева СССР Жогорку Советинин 6– 7-шайланышынын, Кыргыз ССР Жогорку Сове­тинин 4–5-шайланышынын депутаты. Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна жана Бишкек шаарындагы бир көчөгө ысымы берилген. Кыргыз сомунун 5 сом­дук купюрасына анын сүрөтү басылган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а ме­далдар менен сыйланган. | ||
«Ала-Тоо жазы», 1955), Аврора (П. Чайковский, «Уйкудагы сулуу», 1956), Зейнеп (К. Молдо­басанов, Т. Окунев, «Куйручук», 1960), Фанни (И. Штраус, «Чоң вальс», 1961), Жульетта (С. Прокофьев, «Ромео жана Жульетта», 1962), Сильфида (Ф. Шопен, «Шопениана», 1966), Китри (Л. Минкус, «Дон Кихот», 1967), Асел (В. Власов, «Асел», 1967), Солистка (М. Равель, «Болеро», 1970) ж. б. Бейшеналиева улуттук | |||
Ад.: ''Брудный Дм.'' Киргизский балетный театр. Ф., 1968; ''Уразгильдеев Р''. Бүбүсара Бейшеналиева. Ф. 1971; ''Львов Н.'' Киргизский театр. М., 1953. | Ад.: ''Брудный Дм.'' Киргизский балетный театр. Ф., 1968; ''Уразгильдеев Р''. Бүбүсара Бейшеналиева. Ф. 1971; ''Львов Н.'' Киргизский театр. М., 1953. |
06:01, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БЕЙШЕНАЛИЕВА Бүбүсара (17. 5. 1926, Чүй облусу, Аламүдүн району, Таш-Дөбө кыштагы – 10. 5. 1973, Фрунзе) – атактуу балерина, кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрдүн бири, Кыргыз ССР эл артисти (1954), СССР эл артисти (1958). 1936–1941-жылдарда Ленинград хореография окуу жайында окуган.

1948–1949-жылдарда ошол эле окуу жайдын өнөр арттыруу классында айтылуу балет педагогу А. В. Вагановадан таалим алган. Бейшеналиева 13 жашында кыргыз искусствосунун Москвада өткөн 1- он күндүгүндө (1939) бийлеп

чыккан. 1941-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти (1946-жылдан башкы солист). 1949-жылдан Фрунзе хореография окуу жайында педагогдук кесипте эмгектенген. Сахнада туңгуч ирет В. Власов менен В. Ференин «Селкинчек» (1943, балетмейстер Л. М. Крамаревский) балетинде Зайнуранын ролун аткаруу менен кесипкөй чеберчилиги бар экенин көрсөткөн.
Бейшеналиеванын күчтүү хореографиялык таланты «Чолпон» (композитор М. Раухвергер, балетмейстер Л.М. Крамаревский) балетинде ачык-айкын көрүнгөн. Кийинки аткарган негизги ролдору:

Л. Минкус , «Дон Кихот» балетинде Бүбүсара Бейшеналиева – Китри, У. Сарбагышев – Базиль. Мария, Зарема (Б. Асафьев, «Бахчисарай фонтаны», 1949), Одетта – Одиллия (П. Чайковский, «Ак куу көлү», 1950), Тао Хоа (Глиэр, «Кызыл гүл»), Каарман кыз (С. Рахманинов, «Жаз келатат», 1953), Айдай (М. Раухвергер, «Чолпон», 1953, 1958), Сайра (В. Власов, В. Фере, «Ала-Тоо жазы», 1955), Аврора (П. Чайковский, «Уйкудагы сулуу», 1956), Зейнеп (К. Молдобасанов, Т. Окунев, «Куйручук», 1960), Фанни (И. Штраус, «Чоң вальс», 1961), Жульетта (С. Прокофьев, «Ромео жана Жульетта», 1962), Сильфида (Ф. Шопен, «Шопениана», 1966), Китри (Л. Минкус, «Дон Кихот», 1967), Асел (В. Власов, «Асел», 1967), Солистка (М. Равель, «Болеро», 1970) ж. б. Бейшеналиева улуттук жана классикалык балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдардын бүтүндөй бир галереясын жараткан. Ал кыргыз кесиптик хореография өнөрүнүн калыптанышына жана азыркы деңгээлге көтөрүлүшүнө зор залым кошкон, жеке өзүнө тиешелүү аткаруучулук салттарын мураска калтырган. Бейшеналиева чыгармачылыгы телегейи текши өнүккөн балериналардын тобуна кошулат. Анын бийчилик өнөрү үчүн тубаса көрктүү келбетин, назиктик менен кайраттуулуктун, кыймылдын таамайлыгы менен эмоциялуулугунун айкалышы мүнөздүү. Артисттин ар бир аткарган ролу сулуулуктун, назиктиктин, шаттыктын жаркын майрамына айланган. Бейшеналиева кыргыздын балет искусствосун дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө тааныткан. Ал катышкан «Чолпон» балет-фильми 60тан ашуун өлкөдө коюлган. Ал ошондой эле Румынияда (1953), Чехословакияда (1967), Канадада (1967), Азия жана Африканын айрым өлкөлөрүндө гастролдо болгон. Өзгөчө кыргыз искусствосу менен адабиятынын Москвада өткөн 2-он күндүгүндө (1958) Бейшеналиева москвалык көрүүчүлөрдүн, адистердин эң жогорку баасына арзыган. Башкы партиясын Бейшеналиева аткарган «Асел» балети мыкты опералык жана балеттик спектаклдердин конкурсунда (1967) сыйлык алган, ошол эле ролду аткарганы үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон (1970). Бейшеналиева СССР Жогорку Советинин 6– 7-шайланышынын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4–5-шайланышынын депутаты. Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна жана Бишкек шаарындагы бир көчөгө ысымы берилген. Кыргыз сомунун 5 сомдук купюрасына анын сүрөтү басылган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар менен сыйланган.
Ад.: Брудный Дм. Киргизский балетный театр. Ф., 1968; Уразгильдеев Р. Бүбүсара Бейшеналиева. Ф. 1971; Львов Н. Киргизский театр. М., 1953.
Б. Алагушов.