БЕЛАРУССИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БЕЛАРУ&#769;ССИЯ''' (Беларусь), Б е л а р у с ь Р е с &shy;п у б л и к а с ы (Рэспублiка Беларусь) – Чы&shy;гыш Европадагы мамлекет. Түндүк-батышынан Литва ж-а Латвия, чыгышынан Россия, түштү&shy;гүнөн Украина, батышынан Польша м-н чекте&shy;шет. Аянты 207,6 миң ''км''<sup>2</sup>. Калкы 9,1 млн. (2024). Мамлекеттик тили – беларусь ж-а орус тилде&shy;ри. Борбору – Минск шаары (облус статусуна ээ). Административдик аймактык жактан 6 облуска бөлүнөт.  

[[File:БЕЛАРУССИЯ24.png | thumb | none]]
[[File:БЕЛАРУССИЯ24.png | thumb | none]]
Акча бир&shy;диги – беларусь рубли. Беларуссия – БУУнун, ЮНЕСКОнун, Европа Кеңешинин, КМШнын, ЕККУнун, Эларалык эмгекти бөлүштүрүү, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдарынын, Эларалык валюта фондунун мүчөсү.  
Акча бир&shy;диги – беларусь рубли. Беларуссия – БУУнун, ЮНЕСКОнун, Европа Кеңешинин, КМШнын, ЕККУнун, Эл аралык эмгекти бөлүштүрүү, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдарынын, Эл аралык валюта фондунун мүчөсү.  

'''Мамлекеттик түзүлүшү.''' Беларуссия – унитардык мам&shy;лекет. Конституциясы 15.3.1994-жылы кабыл алын&shy;ган. Башкаруу формасы – президенттик респуб&shy;лика. Мамлекет башчысы – президент (5 жылга шайланат). Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт ишке ашырат. Мыйзам чыга&shy;руу бийлигинин жогорку органы – эки палата&shy;луу Улуттук Жыйналыш (Республика Совети ж-а Өкүлдөр палатасы). Саясий партиялары: Агрардык партия, либералдык-демократия партия&shy;сы, Беларуссия элдик фронт партиясы, Беларуссия коммунистер партиясы ж. б.

21 сап: 21 сап:
'''Тарыхы.''' Беларуссиянын аймагында алгачкы адамдар жогорку палеолитте жашаган. Неолит доорун&shy;да адамдар эгин айдап, мал багууну үйрөнгөн. Б. з. ч. 7-кылымда Беларуссиянын аймагында жашаган уруу&shy;лар темирден курал жасай башташкан. Б. з. 2– 5-кылымдарда бул жерге Днепр боюнан славян уруула&shy;ры келе баштап, Беларуссия аймагын мекендеп калыш&shy;кан. Днепр м-н Двина дарыяларынын баш жагында кри&shy;вич, Полесье м-н Ортоңку Беларуссиянын бир бөлүгүндө дрегович, Сож алабында радимич уруулары тур&shy;ган. Бул уруулар б. з. 5-кылымынан тартып жер ай&shy;дап, дыйканчылык кылган, мал асыраган, ба&shy;лык, аң уулаган. Алар 9-кылымга чейин түндүк-батыш&shy;та жашаган балтикалык урууларды ассимиля&shy;циялап алышат. 6–8-кылымдарда Беларуссияны мекендеген чыгыш славяндарда уруу союздарынын ордуна княздык&shy;тар түзүлүп, кол өнөрчүлүк өнүгөт, соода-сатык кеңейип, шаарлар пайда болот. 9–11-кылымдарда Беларуссия жери ''Киев Русунун'' курамына кирет. Бул мез&shy;гилде Полоцк, Витебск, Минск сыяктуу ири шаарлар пайда болот. Польша, Швеция ж. б. чет жерлер м-н да соода жүргүзүлөт. Байыркы орус мамлекетинин феодалдык бытыроо процессинде (11–12-кылымдар) Полоцк, Туров, Смоленск княздык&shy;тары бөлүнүп чыгат, кийин алар да өз ара май&shy;да княздыктарга ажырап кетет. 13–14-кылымдарда Беларуссия жери Литва улуу княздыгынын курамына ки&shy;рип калат. Бытырандылыктан ж-а байыркы орус мамлекетинен оолактап калгандыктан Рустун батыш бөлүгүндөгү калкта өзүнчө тил, маданият, үрп-адат пайда болот. Беларус эли ка&shy;лыптана баштайт. Кийинчерээк байыркы орус мамлекетинин батыш тарабындагы жерлер «Бе&shy;лая Русь» деп аталып калат. 13–15-кылымдарда беларус эли, литва, поляк, орус эл&shy;дери м-н бирге немис рыцарларына каршы кү&shy;рөшкөн. Немис рыцарларынын Тевтон орденин талкалоодо ''Грюнвальд салгылашуусу (1410'') че&shy;чүүчү мааниге ээ болгон. Немис ордендеринин бийлигинин бошоңдошу Беларуссияга Батыш Европа м-н соода кылууга мүмкүнчүлүк берген. Беларуссия шаарла&shy;рынын экономикалык маанисинин өсүшү ж-а шаардык&shy;тардын өз укуктары үчүн дайыма жүргүзгөн күрөшүнөн улам 14-кылымдын аягында Улуу князь 40тан ашык шаарга «магдебург укугу» деп атал&shy;ган өзүн өзү башкаруу укугун берүүгө мажбур болот. 15–16-кылымдарда шаарларда кол өнөрчүлүк уюм&shy;дары түзүлөт. 16-кылымда беларустардын эл болуп калыптануусу аяктайт. 1569-жылы Люблин уния&shy;сынын шарты боюнча Литва улуу княздыгы м-н Польша биригип, Речь Посполита мамлекети түзүлүп, Беларуссия анын курамына кирген. 1590–1663-жылдар аралыгында беларустар поляктарга каршы күрөшө баштаган. Алар 1648-жылы  Б. Хмельниц&shy;кий жетекчилик кылган украиндердин боштон&shy;дук согушун активдүү колдойт. Россия-Польша согушунда (1654–67) беларус эли орус аскерле&shy;рине жардам көрсөтөт. Согуш, ачарчылык ж-а эпидемия Беларуссиянын экономикасын абдан бүлүнтөт, калкынын тең жарымы дээрлик азаят. Түндүк согушу (1700–21) өлкөнүн экономикасын ого бе&shy;тер жакырлантат. Речь Посполитаны 1772-, 1773-, 1795-жылдардагы бөлүштүрүүлөрдө Беларуссия Россия империясынын курамына кирет. 19-кылымдын 2-жа&shy;рымында беларус эли улут болуп түзүлгөн. Би&shy;ринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде Беларуссия аймагы бүлгүнгө учураган. 1917-жылы январдагы төңкө&shy;рүштөн соң, уюшулган Беларус радасы өз алдын&shy;ча мамлекет түзүү үчүн күрөш жүргүзгөн. Алар 1918-жылы 19–20-январда поляк легиондорунун кор&shy;пусу м-н биригип, Минск шаарын басып алып, Бела&shy;рус Эл Республикасы түзүлгөн. 1919-жылы бул өкмөт кызыл аскерлер тарабынан талкаланган ж-а 1919-жылы Беларус Советтик Социалисттик Республикасы (БССР) түзүлгөндүгү жа&shy;рыяланган. 1921-жылы Советтик Россия м-н Польшанын ортосунда түзүлгөн Рига тынчтык келишими&shy;нин шарты боюнча Батыш Беларуссия Польшанын карамагында калган. 1922-жылы 30-декабрда БССР СССРдин курамына кирген. 1939-жылы БССР Ба&shy;тыш Беларуссия м-н кошулуп, аймагы кеңейген. Батыш Беларуссиядагы поляктар Польшага көчүрүлгөн. Бела&shy;рус эли Улуу Ата Мекендик согуштун (1941–

45) мезгилинде эң оор сыноону башынан өткөр&shy;дү. Согуштун алгачкы күндөрүнөн тартып Беларуссия сал&shy;гылашуунун зор майданына айланды. 1944-жылы 24-июнда Лабейка кыштагын бошотууда кыргыз жоокери Ж. ''Асаналиев'' баатырларча курман бол&shy;гон. Аймак баскынчылардан 1944-жылы июлда то&shy;лук бошотулган. Бул согушта беларус эли 2 225 миң кишисинен ажыраган, 300 миңге жакын кишиси Германияга айдалган, 692 кыштак эли м-н жок кылынган, 209 шаар ж-а райондук бор&shy;бор, 9200 кыштак, 1,5 млн имарат талкалан&shy;ган. 1945-жылдан БУУнун Башкы Ассамблея-[[File:БЕЛАРУССИЯ29.png | thumb | Советтер Союзунун Баатыры Ж. Асана&shy;лиевдин эстелиги. Минск шаары]]  

[[File:БЕЛАРУССИЯ30.png | thumb | Минск автомобиль заводу чыгарган жүк ташуучу ма&shy;шина (чиркегичи менен).]]сына мүчө. 1950-жылга чейин бардык республикалардын жардамы аркасында толук калыбына келтирилген. 1986-жылы Чернобыль АЭСиндеги болгон авария Беларуссиянын бай түштүк райондоруна чоң зыян келтирген. 1990-жылы июлда республиканын Жо&shy;горку Совети БССРдин суверендүүлүгү жөнүндө дек&shy;ларация, 1991-жылы 8-декабрда Беловежа макул&shy;дашуусунун чечимине ылайык, СССР таркатыл&shy;ган соң июлда көз каранды эместик жөнүндө декла&shy;рация кабыл алган. 1994-жылы суверендүү өлкөнүн президенти болуп А. Г. Лукашенко шайланган.  

==Экономикасы==
'''Экономикасы.'''  Ички дүң продукциясынын кө&shy;лөмү 70,5 млрд доллар, аны киши башына бө&shy;лүштүргөндө 6800 доллардан (АКШ) туура ке&shy;лет. Ички дүң продукциясындагы өнөр жайдын үлүшү 26,8%, айыл чарбасыныкы 8,9%. 2004-жылы 31,2 млрд ''кВт с'' электр энергиясы өндүрүлгөн. Негизги өнөр жай тармактары: трактор кураштыруу, ав&shy;томобиль, станок, айыл чарба машиналарын, прибор куруу, радиоэлектроника, жеңил, электр-техника, химия, нефть-химия (калий, фосфор, азот жер се&shy;мирткичтери, синтетикалык ж-а жасалма була), нефть ажыратуу. Отун-энергетикалык запасы ченелүү. 2003-жылы 1,8 млн т нефть казып алын&shy;ган. Машина куруу комплекси чоң жүк ташуу&shy;чу автомобилдерди, трактор ж-а айыл чарба машина&shy;ларын курууга адистешкен. Токой, жыгаччы&shy;лык ж-а целлюлоза-кагаз өнөр жайы жергиликтүү ре&shy;сурсу м-н иштейт. Жыгач иштетүү, фанера, ширеңке, картон, эмерек, целлюлоза-кагаз өнөр жайлары жакшы өнүккөн. Жеңил өнөр&shy;жайы – тор кийим тигүү, бут кийим, тери ж-а булгаары; тамак-аш өнөр жайы – эт, сүт, май, макарон, нан, кондитер ж. б. продукцияларды чыгарат. Эт ж-а сүт багытындагы мал чарба- [[File:БЕЛАРУССИЯ31.png | thumb | Дан эгинин чаап-жыйноо.]]
. Ички дүң продукциясынын кө&shy;лөмү 70,5 млрд доллар, аны киши башына бө&shy;лүштүргөндө 6800 доллардан (АКШ) туура ке&shy;лет. Ички дүң продукциясындагы өнөржайдын
чылыгы бар. Чочко асыралып, үй кушу багы&shy;лат. Айыл чарбасына жарактуу жер 9,11 млн ''га'', айдоо аянты 6,1 млн ''га'', анын ичинде 43% – дан эгиндери (сулу, буудай, арпа, кара буудай, кара күрүч), кант&shy; кызылча, кендир, жашылча-жемиш айдалат. Темир жолунун узундугу 5,5 миң ''км'', автомобиль жо&shy;лунуку – 81,2 миң ''км'' (анын ичинде 70,2 миң ''км''и ас&shy;фальтталган). Беларуссиянын аймагы аркылуу мамле&shy;кет аралык мааниге ээ Париж – Брюссель – Минск – Москва; Санкт-Петербург – Витебск – Гомель – Киев – Одесса; Таллин – Рига – Виль&shy;нюс – Минск – Гомель – Киев магистралдары өтөт. Куур транспорту да өнүккөн. Днепр-Буг
үлүшү 26,8%, а. ч-ныкы 8,9%. 2004-ж. 31,2 млрд
''кВт · с'' электр энергиясы өндүрүлгөн. Негизги
өнөржай тармактары: трактор кураштыруу, ав&shy;томобиль, станок, а. ч. машиналарын, прибор куруу, радиоэлектроника, жеңил, электр-тех., хим., нефть-хим. (калий, фосфор, азот жерсе&shy;мирткичтери, синтетикалык ж-а жасалма була), нефть ажыратуу. Отун-энергетикалык запасы
ченелүү. 2003-ж. 1,8 млн т нефть казып алын&shy;ган. Машина куруу комплекси чоң жүк ташуу&shy;чу автомобилдерди, трактор ж-а а. ч. машина&shy;ларын курууга адистешкен. Токой, жыгаччы&shy;лык ж-а целлюлоза-кагаз өнөржайы жерг. ре&shy;сурсу м-н иштейт. Жыгач иштетүү, фанера, ширеңке, картон, эмерек, целлюлоза-кагаз
өнөржайлары жакшы өнүккөн. Жеңил өнөр&shy;жайы – торкийим тигүү, бут кийим, тери ж-а булгаары; тамак-аш өнөржайы – эт, сүт, май, макарон, нан, кондитер ж. б. продукцияларды
чыгарат. Эт ж-а сүт багытындагы мал чарба-  
[[File:БЕЛАРУССИЯ31.png | thumb | Дан эгинин чаап-жыйноо.]]
чылыгы бар. Чочко асыралып, үй кушу багы&shy;лат. А. ч-на жарактуу жер 9,11 млн ''га'', айдоо аянты 6,1 млн ''га'', а. и. 43% – дан эгиндери (сулу, буудай, арпа, карабуудай, каракүрүч), кант&shy;кызылча, кендир, жашылча-жемиш айдалат. Темиржолунун уз. 5,5 миң ''км'', автомобиль жо&shy;лунуку – 81,2 миң ''км'' (а. и. 70,2 миң ''км''и ас&shy;фальтталган). Б-нын аймагы аркылуу мамле&shy;кет аралык мааниге ээ Париж – Брюссель – Минск – Москва; Санкт-Петербург – Витебск – Гомель – Киев – Одесса; Таллин – Рига – Виль&shy;нюс – Минск – Гомель – Киев магистралдары
өтөт. Куур транспорту да өнүккөн. Днепр-Буг

[[File:БЕЛАРУССИЯ32.png | thumb | Беларуссия акчасы.]]
[[File:БЕЛАРУССИЯ32.png | thumb | Беларуссия акчасы.]]

каналында, Припять, Днепр, Сож, Березина д-нда кеме жүрөт. Сыртка трактор, автомо&shy;биль, хим. продукцияларын ж-а азык-түлүк
каналында, Припять, Днепр, Сож, Березина дарыяларында кеме жүрөт. Сыртка трактор, автомо&shy;биль, химия продукцияларын ж-а азык-түлүк чыгарат. Сырттан өнөр жай ж-а азык-түлүк сы&shy;рьёлорун алат. Негизги соода шериктештери: Россия, Украина, Германия, Литва, КМШ өл&shy;көлөрү.  
чыгарат. Сырттан өнөржай ж-а азык-түлүк сы&shy;рьёлорун алат. Негизги соода шериктештери: Россия, Украина, Германия, Литва, КМШ өл&shy;көлөрү.

==Маданияты==
'''Маданияты.''' Беларуссияда 11–12-кылымдарда билим берүүнү чиркөө мектептери жүргүзгөн. 12-кылымда Евфроси&shy;ния Полоцкая өз монастырында окутуп, окуу&shy;чуларга китеп көчүртүү м-н алектенген. Ошондой эле Беларуссиянын аймагында көптөгөн протестант мектеп&shy;тери, басмаканалар ачылып, беларус тилинде алгачкы окуу китептер пайда болгон. 16–17-к&shy;ылымдарда ариан мектептери түзүлүп, анда католик ди&shy;нине каршы күрөш жүргүзүшкөн. 18–кылымдын аягында Беларуссия Россияга кошулуп, орус эли м-н бе&shy;ларустардын карым-катнашы күчөп, 20дан ашык орус мектептери (анын ичинде 2 негизги, 6 элдик кичи орто окуу жайлары) шаардыктар үчүн ачылган. Бирок, билим берүү өтө төмөнкү дең&shy;гээлде жүргүзүлгөн. Беларустар өз эне тилинде билим ала алышкан эмес. Көптөгөн мектептер&shy;де окуу поляк тилинде жүргүзүлүп, карапайым калктын балдары үчүн эшик жабык болгон. 19-кылымдын 2-жарымында гана монастырлардагы диний мектептер жабыла баштаган. 1840-жылы айыл чарба окуу жайы уюшулуп, кийинчерээк академия болгон. 1919-жылы кечки мектептер ачылып, сабат&shy;сыздыкты жоюу жалпы жүргүзүлгөн. 1921-жылы университет (Минск), маданият институту (1922), ИА (1929), саз илим-изилдөө институту, ошондой эле тажрыйба станциялары ую&shy;шулган. 16-кылымда китеп басып чыгарууну Скори&shy;на негиздеген. Ал Библия, Псалтырь ж. б. ки&shy;тептерди беларус тилине которуп, Прагадан чыгарган (1517–20). 1932-жылдан 7 жылдык
. Б-да 11–12-к-да билим берүүнү
чиркөө мектептери жүргүзгөн. 12-к-да Евфроси&shy;ния Полоцкая өз монастырында окутуп, окуу&shy;чуларга китеп көчүртүү м-н алектенген. О. эле Б-нын аймагында көптөгөн протестант мектеп&shy;тери, басмаканалар ачылып, беларус тилинде алгачкы окуу китептер пайда болгон. 16–17-к&shy;да ариан мектептери түзүлүп, анда католик ди&shy;нине каршы күрөш жүргүзүшкөн. 18–к-дын аягында Б. Россияга кошулуп, орус эли м-н бе&shy;ларустардын карым-катнашы күчөп, 20дан ашык орус мектептери (а. и. 2 негизги, 6 элдик кичи орто окуу жайлары) шаардыктар үчүн ачылган. Бирок, билим берүү өтө төмөнкү дең&shy;гээлде жүргүзүлгөн. Беларустар өз эне тилинде билим ала алышкан эмес. Көптөгөн мектептер&shy;де окуу поляк тилинде жүргүзүлүп, карапайым калктын балдары үчүн эшик жабык болгон. 19-к-дын 2-жарымында гана монастырлардагы диний мектептер жабыла баштаган. 1840-ж. а. ч. окуу жайы уюшулуп, кийинчерээк академия болгон. 1919-ж. кечки мектептер ачылып, сабат&shy;сыздыкты жоюу жалпы жүргүзүлгөн. 1921-ж. ун-т (Минск), мад-т ин-ту (1922), ИА (1929), саз ил.-из. ин-ту, о. эле тажрыйба станциялары ую&shy;шулган. 16-к-да китеп басып чыгарууну Скори&shy;на негиздеген. Ал Библия, Псалтырь ж. б. ки&shy;тептерди беларус тилине которуп, Прагадан
чыгарган (1517–20). 1932-жылдан 7 жылдык

[[File:БЕЛАРУССИЯ33.png | thumb | Минскидеги Архитектура-курулуш институтунун имараты.]]  
[[File:БЕЛАРУССИЯ33.png | thumb | Минскидеги Архитектура-курулуш институтунун имараты.]]  
[[File:БЕЛАРУССИЯ34.png | thumb | Беларусь бий ансамбли.]]
[[File:БЕЛАРУССИЯ34.png | thumb | Беларусь бий ансамбли.]]
билим алуу (батыш облустарында 1940-жылдан) киргизилген. Б-нын билим берүү системасы – мектепке чейинки мекемелер (балабакча ж. б.), башталгыч ж-а жалпы билим берүү, орто ж-а ЖОЖдон турат. Б-да радио уктуруу 1925-жыл&shy;дан уктурулса, телекөрсөтүү 1956-жылдан көр&shy;сөтүлөт. Гомелде, Брест, Витебск, Гродно ш-нда телестудиялар иштейт. Беларус ад-ты элдин бай оозеки чыгармаларынан, ал орус, украин, бе&shy;ларустарга жалпы мурас болуп саналган Киев Русу доорунун ад-тынан башталат. Б-нын белгилүү жазуучулары: М. Танк, Ф. Пестрак, В. Тавлай, М. Машара, Я. Купала, Я. Колас, К. Чорный, М. Чарот, П. Панченко, А. Куле&shy;шов, П. Глебко, К. Киркенко ж. б. Б-да азыр&shy;кыга чейин София собору (1044–66, Полоцк), Спас-Ефросиния (Полоцк) чиркөөсү, Киев Русу мезгилиндеги арх-ра эстеликтери сакталган. Фе&shy;одализм доорунда крепостной ж-а дворецтик-за&shy;моктук арх-ра өнүккөн. Каменец мунарасы (Бе&shy;лая Вежа, 1276) ж-а Новогрудок, Лидадагы
билим алуу (батыш облустарында 1940-жылдан) киргизилген. Беларуссиянын билим берүү системасы – мектепке чейинки мекемелер (бала бакча ж. б.), башталгыч ж-а жалпы билим берүү, орто ж-а ЖОЖдон турат. Беларуссияда радио уктуруу 1925-жыл&shy;дан уктурулса, теле көрсөтүү 1956-жылдан көр&shy;сөтүлөт. Гомелде, Брест, Витебск, Гродно шаарларында телестудиялар иштейт. Беларус адабияты элдин бай оозеки чыгармаларынан, ал орус, украин, бе&shy;ларустарга жалпы мурас болуп саналган Киев Русу доорунун адабиятынан башталат. Беларуссиянын белгилүү жазуучулары: М. Танк, Ф. Пестрак, В. Тавлай, М. Машара, Я. Купала, Я. Колас, К. Чорный, М. Чарот,   П. Панченко, А. Куле&shy;шов, П. Глебко, К. Киркенко ж. б.Беларуссияда азыр&shy;кыга чейин София собору (1044–66, Полоцк), Спас-Ефросиния (Полоцк) чиркөөсү, Киев Русу мезгилиндеги архитектура эстеликтери сакталган. Фе&shy;одализм доорунда крепостной ж-а дворецтик-за&shy;моктук архитектура өнүккөн. Каменец мунарасы (Бе&shy;лая Вежа, 1276) ж-а Новогрудок, Лидадагы чептер, замоктор ж. б. 19-кылымдын 1-жарымында Беларуссиянын архитектурасы орус классицизминин таасирин&shy;де өнүккөн. 1934-жылы архитекторлор союзу түзүл&shy;гөн. Беларуссиянын музыкалык фольклорунда обондуу лирика&shy;лык ырлар басымдуу. Беларуссиянын бийлери, күүлөрүнүн мүнөздүү өзгөчөлүгү – шайырлыгы, темпинин тездиги м-н айырмаланат. Белгилүү бийлери: «Лявониха», «Бульба», «Янка», «Метелица». Салттуу музыкалык аспаптары: цимбал, алгачкы скрипка, жалейка, сурнай ж. б. «Селолук идил&shy;лия» деген операсы Минскиде 1852-жылы коюлган (музыкасы С. Монюшко, текстин В. Дунин-Мар&shy;цинкевич жазган). Консерватория, опера ж-а балет театры, филармония (симфониялык оркестри м-н) уюшулган. Беларуссиянын академиялык хор капелласы, мамлекеттик эл хору, мамлекеттик бий ансамбли түзүлгөн. Беларуссиянын атактуу композиторлору: Н. Чуркин, Н. Соко&shy;ловский, В. Оловников, Д. Каменский, П. Под&shy;ковыров, Д. Абелсович, И. Лученок. Вокал өнөр
чептер, замоктор ж. б. 19-к-дын 1-жарымында Б-нын арх-расы орус классицизминин таасирин&shy;де өнүккөн. 1934-ж. Архитекторлор союзу түзүл&shy;гөн. Б-нын муз. фольклорунда обондуу лирика&shy;лык ырлар басымдуу. Б-нын бийлери, күүлөрүнүн мүнөздүү өзгөчөлүгү – шайырлыгы, темпинин тездиги м-н айырмаланат. Белгилүү бийлери:
«Лявониха», «Бульба», «Янка», «Метелица». Салттуу муз. аспаптары: цимбал, алгачкы скрипка, жалейка, сурнай ж. б. «Селолук идил&shy;лия» деген операсы Минскиде 1852-ж. коюлган (музыкасы С. Монюшко, текстин В. Дунин-Мар&shy;цинкевич жазган). Консерватория, опера ж-а балет театры, филармония (симф. оркестри м-н) уюшулган. Б-нын акад. хор капелласы, мамл. эл хору, мамл. бий ансамбли түзүлгөн. Б-нын атактуу композиторлору: Н. Чуркин, Н. Соко&shy;ловский, В. Оловников, Д. Каменский, П. Под&shy;ковыров, Д. Абелсович, И. Лученок. Вокал өнөр

чеберлери: Л. Александровская, И. Болотин, М. Денисов, Р. Млодек, Т. Нижникова, Н. Ворву&shy;лев, З. Бабий ж. б. Театр өнөрү негизинен бай&shy;ыркы каада-салттан ж-а элдик оюндардан баш&shy;талат. 16-к-дан элдик театрдын кеңири тарал&shy;ган түрү – «батлейка» (куурчак театры) болгон. 19-к-дын орто ченинде драматург В. И. Дунин- Марцинкович 1-театрын түзгөн. Б-нын улуттук театрын түзүүдө Я. Купала м-н Я. Коластын дра&shy;матургиясы зор роль ойногон. 2-драма театры 1926-ж. Витебскиде ачылган. 1946-жылдан «Бе&shy;ларусьфильм» киностудиясы иштейт. 1926-ж.
 
«Токой окуясы» (реж. Ю. Тарич) деген 1-көр&shy;көм фильм тартылган. Сүрөт музейи XVIII–XX к-дагы (орус сүрөтчүлөрүнүн бай коллекциясы), жыгачтан жасалган айкелдер, бир нече сүрөт гал. бар. Минск ш-на жакын Раубичи спорт ком&shy;плекси уюшулган.
чеберлери: Л. Александровская, И. Болотин, М. Денисов, Р. Млодек, Т. Нижникова, Н. Ворву&shy;лев, З. Бабий ж. б. Театр өнөрү негизинен бай&shy;ыркы каада-салттан ж-а элдик оюндардан баш&shy;талат. 16-кылымдан элдик театрдын кеңири тарал&shy;ган түрү – «батлейка» (куурчак театры) болгон. 19-кылымдын орто ченинде драматург В. И. Дунин- Марцинкович 1-театрын түзгөн. Беларуссиянын улуттук театрын түзүүдө Я. Купала м-н Я. Коластын дра&shy;матургиясы зор роль ойногон. 2-драма театры 1926-жылы Витебскиде ачылган. 1946-жылдан «Бе&shy;ларусьфильм» киностудиясы иштейт. 1926-жылы «Токой окуясы» (режиссер  Ю. Тарич) деген 1-көр&shy;көм фильм тартылган. Сүрөт музейи XVIII–XX кылымдагы (орус сүрөтчүлөрүнүн бай коллекциясы), жыгачтан жасалган айкелдер, бир нече сүрөт галересы бар. Минск шаарына жакын Раубичи спорт ком&shy;плекси уюшулган.

Ад.: Белоруссия //Страны и народы мира. М., 1984. Т. 7.2; ''Даринский А. В.'' Белоруссия// География стран ближнего зарубежья. М., 1997; ''Слюнькова И. Н.'' Мо&shy;настыри восточной и западной традиций: Наследие архитектуры Беларуси. М., 2002; [Музыкальная куль&shy;тура Белоруссии]// История музыки народов СССР. М., 1970–1997; История белорусского кино. Минск, 1969–1970. [Т. 1–2]. [[Category: 2-том, 146-225 бб]]

03:55, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БЕЛАРУ́ССИЯ (Беларусь), Б е л а р у с ь Р е с ­п у б л и к а с ы (Рэспублiка Беларусь) – Чы­гыш Европадагы мамлекет. Түндүк-батышынан Литва ж-а Латвия, чыгышынан Россия, түштү­гүнөн Украина, батышынан Польша м-н чекте­шет. Аянты 207,6 миң км2. Калкы 9,1 млн. (2024). Мамлекеттик тили – беларусь ж-а орус тилде­ри. Борбору – Минск шаары (облус статусуна ээ). Административдик аймактык жактан 6 облуска бөлүнөт.

Акча бир­диги – беларусь рубли. Беларуссия – БУУнун, ЮНЕСКОнун, Европа Кеңешинин, КМШнын, ЕККУнун, Эл аралык эмгекти бөлүштүрүү, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдарынын, Эл аралык валюта фондунун мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. Беларуссия – унитардык мам­лекет. Конституциясы 15.3.1994-жылы кабыл алын­ган. Башкаруу формасы – президенттик респуб­лика. Мамлекет башчысы – президент (5 жылга шайланат). Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт ишке ашырат. Мыйзам чыга­руу бийлигинин жогорку органы – эки палата­луу Улуттук Жыйналыш (Республика Совети ж-а Өкүлдөр палатасы). Саясий партиялары: Агрардык партия, либералдык-демократия партия­сы, Беларуссия элдик фронт партиясы, Беларуссия коммунистер партиясы ж. б.

Табияты. Жеринин бетин орто бийиктиктеги (150–200 м) ж-а ойдуңдуу (100–150 м) түздүктөр ээлейт. Байыркы муз каптоо доорунун издери байкалат. Түндүк-батышын Балтика жалчасынын бир бөлүгү болгон морена жалчаларынын сис­темасы (Свенцян, Браслав ж-а Освей) ээлейт.

Полоца оёңу.

Ортоңку бөлүгүндө батыштан чыгышка Бела­русь жалчасы (Беларуссиянын эң бийик жери, 345 м Дзержинский тоосу) созулуп жатат. Жал­чадан түштүк-чыгышка карай мөңгүнүн таасири­нен пайда болгон түздүктөр тилкеси (Борбордук Бе­резина ж. б.), түштүгүндө Беларусь Полесьеси жайгашкан. Беларуссия аймагы байыркы Чыгыш-Евро­па платформасынын батыш бөлүгүндө жатат. Негизги кен байлыктары – калий ж-а таш тузу (Старобинск, Петриковск ж. б.), нефть (Речиц­кое, Вишанское, Осташковское ж. б.), чым көң табигый курулуш материалдары (мергель, бор, айнек куму, шагыл ж. б.) казылып алынат. Темир, фосфорит, күрөң көмүр, сапропел ж-а минералдык суулар да бар. Климаты мелүүн кон­тиненттик. Январдын орточо температурасы түштүк-батышында –4,5°Сден, түндүк-чыгышында –8, 4°Сге

чейин, июлдуку түндүгүндө 17,2°Сден, түштү­гүндө 19,2°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 650 ммден (түндүк-чыгышында) 750 ммге чейин (борбордук бөлүгүндө). Башкы дарыялары: Днепр (куйма­лары – Березина, Припять, Сож м-н), Батыш Двина, Неман (куймасы Вилия м-н), Буг; көл-

Беларуссиянын то­койлорундагы евро­па зубрлары.

дөрү (Нарочь, Освей, Лукомль, Дривяты ж. б.) көп. Беларуссияда 150дөн ашык суу сактагычтары бар. Ирилери: Вилия, Заславск ж. б. Чымдак-күл

топурак басымдуу. Табигый ландшафтынын 1/2 бөлүгүн айыл чарба жерлери ээлейт. Жеринин 35% то­кой. Беларуссия токоюнда сейрек кездешүүчү агыш көк ка­рагай, сары рододендрон, көлмө жээктеринде суу жаңгагы өсөт. Беларуссия аймагында жалпы аянты 864,2 миң га болгон 57 кайтарылуучу жаратылыш аймагы, анын ичинде Березина биосфералык корук, По­лесия радиационно-экологиялык корук, Брас­лавия көлү ж-а Беловежа чер токоюнун (Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирги­зилген) бир бөлүгү бар. Беларуссиянын аймагынын 1/4

бөлүгү 1986-жылкы Чернобыль авариясынан кийинки радиоактивдүү зонада жатат.

Калкынын 81,2% – беларустар, 11,4% – орус­тар, ошондой эле поляк, украин, еврейлер ж. б. улут

өкүлдөрү да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 47 киши. Христиан динин (80% православие­лер, 15% католиктер) тутат. Калкынын жашы-

Минск шаарынын көрүнүшү. Арткы планда банктын имараты.

нын орточо узактыгы эркектериники – 62,7; аял­дарыныкы – 74,7 жаш. Шаар калкы – 71,5%. Ири шаарлары: Гомель, Витебск, Могилёв, Грод­но, Брест, Бобруйск, Борисов.

Тарыхы. Беларуссиянын аймагында алгачкы адамдар жогорку палеолитте жашаган. Неолит доорун­да адамдар эгин айдап, мал багууну үйрөнгөн. Б. з. ч. 7-кылымда Беларуссиянын аймагында жашаган уруу­лар темирден курал жасай башташкан. Б. з. 2– 5-кылымдарда бул жерге Днепр боюнан славян уруула­ры келе баштап, Беларуссия аймагын мекендеп калыш­кан. Днепр м-н Двина дарыяларынын баш жагында кри­вич, Полесье м-н Ортоңку Беларуссиянын бир бөлүгүндө дрегович, Сож алабында радимич уруулары тур­ган. Бул уруулар б. з. 5-кылымынан тартып жер ай­дап, дыйканчылык кылган, мал асыраган, ба­лык, аң уулаган. Алар 9-кылымга чейин түндүк-батыш­та жашаган балтикалык урууларды ассимиля­циялап алышат. 6–8-кылымдарда Беларуссияны мекендеген чыгыш славяндарда уруу союздарынын ордуна княздык­тар түзүлүп, кол өнөрчүлүк өнүгөт, соода-сатык кеңейип, шаарлар пайда болот. 9–11-кылымдарда Беларуссия жери Киев Русунун курамына кирет. Бул мез­гилде Полоцк, Витебск, Минск сыяктуу ири шаарлар пайда болот. Польша, Швеция ж. б. чет жерлер м-н да соода жүргүзүлөт. Байыркы орус мамлекетинин феодалдык бытыроо процессинде (11–12-кылымдар) Полоцк, Туров, Смоленск княздык­тары бөлүнүп чыгат, кийин алар да өз ара май­да княздыктарга ажырап кетет. 13–14-кылымдарда Беларуссия жери Литва улуу княздыгынын курамына ки­рип калат. Бытырандылыктан ж-а байыркы орус мамлекетинен оолактап калгандыктан Рустун батыш бөлүгүндөгү калкта өзүнчө тил, маданият, үрп-адат пайда болот. Беларус эли ка­лыптана баштайт. Кийинчерээк байыркы орус мамлекетинин батыш тарабындагы жерлер «Бе­лая Русь» деп аталып калат. 13–15-кылымдарда беларус эли, литва, поляк, орус эл­дери м-н бирге немис рыцарларына каршы кү­рөшкөн. Немис рыцарларынын Тевтон орденин талкалоодо Грюнвальд салгылашуусу (1410) че­чүүчү мааниге ээ болгон. Немис ордендеринин бийлигинин бошоңдошу Беларуссияга Батыш Европа м-н соода кылууга мүмкүнчүлүк берген. Беларуссия шаарла­рынын экономикалык маанисинин өсүшү ж-а шаардык­тардын өз укуктары үчүн дайыма жүргүзгөн күрөшүнөн улам 14-кылымдын аягында Улуу князь 40тан ашык шаарга «магдебург укугу» деп атал­ган өзүн өзү башкаруу укугун берүүгө мажбур болот. 15–16-кылымдарда шаарларда кол өнөрчүлүк уюм­дары түзүлөт. 16-кылымда беларустардын эл болуп калыптануусу аяктайт. 1569-жылы Люблин уния­сынын шарты боюнча Литва улуу княздыгы м-н Польша биригип, Речь Посполита мамлекети түзүлүп, Беларуссия анын курамына кирген. 1590–1663-жылдар аралыгында беларустар поляктарга каршы күрөшө баштаган. Алар 1648-жылы Б. Хмельниц­кий жетекчилик кылган украиндердин боштон­дук согушун активдүү колдойт. Россия-Польша согушунда (1654–67) беларус эли орус аскерле­рине жардам көрсөтөт. Согуш, ачарчылык ж-а эпидемия Беларуссиянын экономикасын абдан бүлүнтөт, калкынын тең жарымы дээрлик азаят. Түндүк согушу (1700–21) өлкөнүн экономикасын ого бе­тер жакырлантат. Речь Посполитаны 1772-, 1773-, 1795-жылдардагы бөлүштүрүүлөрдө Беларуссия Россия империясынын курамына кирет. 19-кылымдын 2-жа­рымында беларус эли улут болуп түзүлгөн. Би­ринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде Беларуссия аймагы бүлгүнгө учураган. 1917-жылы январдагы төңкө­рүштөн соң, уюшулган Беларус радасы өз алдын­ча мамлекет түзүү үчүн күрөш жүргүзгөн. Алар 1918-жылы 19–20-январда поляк легиондорунун кор­пусу м-н биригип, Минск шаарын басып алып, Бела­рус Эл Республикасы түзүлгөн. 1919-жылы бул өкмөт кызыл аскерлер тарабынан талкаланган ж-а 1919-жылы Беларус Советтик Социалисттик Республикасы (БССР) түзүлгөндүгү жа­рыяланган. 1921-жылы Советтик Россия м-н Польшанын ортосунда түзүлгөн Рига тынчтык келишими­нин шарты боюнча Батыш Беларуссия Польшанын карамагында калган. 1922-жылы 30-декабрда БССР СССРдин курамына кирген. 1939-жылы БССР Ба­тыш Беларуссия м-н кошулуп, аймагы кеңейген. Батыш Беларуссиядагы поляктар Польшага көчүрүлгөн. Бела­рус эли Улуу Ата Мекендик согуштун (1941–

45) мезгилинде эң оор сыноону башынан өткөр­дү. Согуштун алгачкы күндөрүнөн тартып Беларуссия сал­гылашуунун зор майданына айланды. 1944-жылы 24-июнда Лабейка кыштагын бошотууда кыргыз жоокери Ж. Асаналиев баатырларча курман бол­гон. Аймак баскынчылардан 1944-жылы июлда то­лук бошотулган. Бул согушта беларус эли 2 225 миң кишисинен ажыраган, 300 миңге жакын кишиси Германияга айдалган, 692 кыштак эли м-н жок кылынган, 209 шаар ж-а райондук бор­бор, 9200 кыштак, 1,5 млн имарат талкалан­ган. 1945-жылдан БУУнун Башкы Ассамблея-

Советтер Союзунун Баатыры Ж. Асана­лиевдин эстелиги. Минск шаары
Минск автомобиль заводу чыгарган жүк ташуучу ма­шина (чиркегичи менен).

сына мүчө. 1950-жылга чейин бардык республикалардын жардамы аркасында толук калыбына келтирилген. 1986-жылы Чернобыль АЭСиндеги болгон авария Беларуссиянын бай түштүк райондоруна чоң зыян келтирген. 1990-жылы июлда республиканын Жо­горку Совети БССРдин суверендүүлүгү жөнүндө дек­ларация, 1991-жылы 8-декабрда Беловежа макул­дашуусунун чечимине ылайык, СССР таркатыл­ган соң июлда көз каранды эместик жөнүндө декла­рация кабыл алган. 1994-жылы суверендүү өлкөнүн президенти болуп А. Г. Лукашенко шайланган. Экономикасы. Ички дүң продукциясынын кө­лөмү 70,5 млрд доллар, аны киши башына бө­лүштүргөндө 6800 доллардан (АКШ) туура ке­лет. Ички дүң продукциясындагы өнөр жайдын үлүшү 26,8%, айыл чарбасыныкы 8,9%. 2004-жылы 31,2 млрд кВт с электр энергиясы өндүрүлгөн. Негизги өнөр жай тармактары: трактор кураштыруу, ав­томобиль, станок, айыл чарба машиналарын, прибор куруу, радиоэлектроника, жеңил, электр-техника, химия, нефть-химия (калий, фосфор, азот жер се­мирткичтери, синтетикалык ж-а жасалма була), нефть ажыратуу. Отун-энергетикалык запасы ченелүү. 2003-жылы 1,8 млн т нефть казып алын­ган. Машина куруу комплекси чоң жүк ташуу­чу автомобилдерди, трактор ж-а айыл чарба машина­ларын курууга адистешкен. Токой, жыгаччы­лык ж-а целлюлоза-кагаз өнөр жайы жергиликтүү ре­сурсу м-н иштейт. Жыгач иштетүү, фанера, ширеңке, картон, эмерек, целлюлоза-кагаз өнөр жайлары жакшы өнүккөн. Жеңил өнөр­жайы – тор кийим тигүү, бут кийим, тери ж-а булгаары; тамак-аш өнөр жайы – эт, сүт, май, макарон, нан, кондитер ж. б. продукцияларды чыгарат. Эт ж-а сүт багытындагы мал чарба-

Дан эгинин чаап-жыйноо.

чылыгы бар. Чочко асыралып, үй кушу багы­лат. Айыл чарбасына жарактуу жер 9,11 млн га, айдоо аянты 6,1 млн га, анын ичинде 43% – дан эгиндери (сулу, буудай, арпа, кара буудай, кара күрүч), кант­ кызылча, кендир, жашылча-жемиш айдалат. Темир жолунун узундугу 5,5 миң км, автомобиль жо­лунуку – 81,2 миң км (анын ичинде 70,2 миң кми ас­фальтталган). Беларуссиянын аймагы аркылуу мамле­кет аралык мааниге ээ Париж – Брюссель – Минск – Москва; Санкт-Петербург – Витебск – Гомель – Киев – Одесса; Таллин – Рига – Виль­нюс – Минск – Гомель – Киев магистралдары өтөт. Куур транспорту да өнүккөн. Днепр-Буг

Беларуссия акчасы.

каналында, Припять, Днепр, Сож, Березина дарыяларында кеме жүрөт. Сыртка трактор, автомо­биль, химия продукцияларын ж-а азык-түлүк чыгарат. Сырттан өнөр жай ж-а азык-түлүк сы­рьёлорун алат. Негизги соода шериктештери: Россия, Украина, Германия, Литва, КМШ өл­көлөрү.

Маданияты. Беларуссияда 11–12-кылымдарда билим берүүнү чиркөө мектептери жүргүзгөн. 12-кылымда Евфроси­ния Полоцкая өз монастырында окутуп, окуу­чуларга китеп көчүртүү м-н алектенген. Ошондой эле Беларуссиянын аймагында көптөгөн протестант мектеп­тери, басмаканалар ачылып, беларус тилинде алгачкы окуу китептер пайда болгон. 16–17-к­ылымдарда ариан мектептери түзүлүп, анда католик ди­нине каршы күрөш жүргүзүшкөн. 18–кылымдын аягында Беларуссия Россияга кошулуп, орус эли м-н бе­ларустардын карым-катнашы күчөп, 20дан ашык орус мектептери (анын ичинде 2 негизги, 6 элдик кичи орто окуу жайлары) шаардыктар үчүн ачылган. Бирок, билим берүү өтө төмөнкү дең­гээлде жүргүзүлгөн. Беларустар өз эне тилинде билим ала алышкан эмес. Көптөгөн мектептер­де окуу поляк тилинде жүргүзүлүп, карапайым калктын балдары үчүн эшик жабык болгон. 19-кылымдын 2-жарымында гана монастырлардагы диний мектептер жабыла баштаган. 1840-жылы айыл чарба окуу жайы уюшулуп, кийинчерээк академия болгон. 1919-жылы кечки мектептер ачылып, сабат­сыздыкты жоюу жалпы жүргүзүлгөн. 1921-жылы университет (Минск), маданият институту (1922), ИА (1929), саз илим-изилдөө институту, ошондой эле тажрыйба станциялары ую­шулган. 16-кылымда китеп басып чыгарууну Скори­на негиздеген. Ал Библия, Псалтырь ж. б. ки­тептерди беларус тилине которуп, Прагадан чыгарган (1517–20). 1932-жылдан 7 жылдык

Минскидеги Архитектура-курулуш институтунун имараты.
Беларусь бий ансамбли.

билим алуу (батыш облустарында 1940-жылдан) киргизилген. Беларуссиянын билим берүү системасы – мектепке чейинки мекемелер (бала бакча ж. б.), башталгыч ж-а жалпы билим берүү, орто ж-а ЖОЖдон турат. Беларуссияда радио уктуруу 1925-жыл­дан уктурулса, теле көрсөтүү 1956-жылдан көр­сөтүлөт. Гомелде, Брест, Витебск, Гродно шаарларында телестудиялар иштейт. Беларус адабияты элдин бай оозеки чыгармаларынан, ал орус, украин, бе­ларустарга жалпы мурас болуп саналган Киев Русу доорунун адабиятынан башталат. Беларуссиянын белгилүү жазуучулары: М. Танк, Ф. Пестрак, В. Тавлай, М. Машара, Я. Купала, Я. Колас, К. Чорный, М. Чарот, П. Панченко, А. Куле­шов, П. Глебко, К. Киркенко ж. б.Беларуссияда азыр­кыга чейин София собору (1044–66, Полоцк), Спас-Ефросиния (Полоцк) чиркөөсү, Киев Русу мезгилиндеги архитектура эстеликтери сакталган. Фе­одализм доорунда крепостной ж-а дворецтик-за­моктук архитектура өнүккөн. Каменец мунарасы (Бе­лая Вежа, 1276) ж-а Новогрудок, Лидадагы чептер, замоктор ж. б. 19-кылымдын 1-жарымында Беларуссиянын архитектурасы орус классицизминин таасирин­де өнүккөн. 1934-жылы архитекторлор союзу түзүл­гөн. Беларуссиянын музыкалык фольклорунда обондуу лирика­лык ырлар басымдуу. Беларуссиянын бийлери, күүлөрүнүн мүнөздүү өзгөчөлүгү – шайырлыгы, темпинин тездиги м-н айырмаланат. Белгилүү бийлери: «Лявониха», «Бульба», «Янка», «Метелица». Салттуу музыкалык аспаптары: цимбал, алгачкы скрипка, жалейка, сурнай ж. б. «Селолук идил­лия» деген операсы Минскиде 1852-жылы коюлган (музыкасы С. Монюшко, текстин В. Дунин-Мар­цинкевич жазган). Консерватория, опера ж-а балет театры, филармония (симфониялык оркестри м-н) уюшулган. Беларуссиянын академиялык хор капелласы, мамлекеттик эл хору, мамлекеттик бий ансамбли түзүлгөн. Беларуссиянын атактуу композиторлору: Н. Чуркин, Н. Соко­ловский, В. Оловников, Д. Каменский, П. Под­ковыров, Д. Абелсович, И. Лученок. Вокал өнөр

чеберлери: Л. Александровская, И. Болотин, М. Денисов, Р. Млодек, Т. Нижникова, Н. Ворву­лев, З. Бабий ж. б. Театр өнөрү негизинен бай­ыркы каада-салттан ж-а элдик оюндардан баш­талат. 16-кылымдан элдик театрдын кеңири тарал­ган түрү – «батлейка» (куурчак театры) болгон. 19-кылымдын орто ченинде драматург В. И. Дунин- Марцинкович 1-театрын түзгөн. Беларуссиянын улуттук театрын түзүүдө Я. Купала м-н Я. Коластын дра­матургиясы зор роль ойногон. 2-драма театры 1926-жылы Витебскиде ачылган. 1946-жылдан «Бе­ларусьфильм» киностудиясы иштейт. 1926-жылы «Токой окуясы» (режиссер Ю. Тарич) деген 1-көр­көм фильм тартылган. Сүрөт музейи XVIII–XX кылымдагы (орус сүрөтчүлөрүнүн бай коллекциясы), жыгачтан жасалган айкелдер, бир нече сүрөт галересы бар. Минск шаарына жакын Раубичи спорт ком­плекси уюшулган.

Ад.: Белоруссия //Страны и народы мира. М., 1984. Т. 7.2; Даринский А. В. Белоруссия// География стран ближнего зарубежья. М., 1997; Слюнькова И. Н. Мо­настыри восточной и западной традиций: Наследие архитектуры Беларуси. М., 2002; [Музыкальная куль­тура Белоруссии]// История музыки народов СССР. М., 1970–1997; История белорусского кино. Минск, 1969–1970. [Т. 1–2].