БЕЛЛИНИЛЕР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕЛЛИНИЛЕР''' – италиялык живописчилердин үй­-бүлөсү, Венецияда Кайра жаралуу искусствосун не­гиздөөчүлөр. Үй-бүлөнүн башчысы – Якопо Беллини. (1400-жылдар ченинде Венеция – 1470 же 1471, ошол эле жерде), анын көрүнүктүү графикалык мураста­ры (сүрөт альбомдору, Лувр, Париж жана Бри­тан музейлеринде; 1440–1450-жылдар), байыркы эстеликтердин, күндөлүк турмуштун | '''БЕЛЛИНИЛЕР''' – италиялык живописчилердин үй­-бүлөсү, Венецияда Кайра жаралуу искусствосун не­гиздөөчүлөр. Үй-бүлөнүн башчысы – Якопо Беллини. (1400-жылдар ченинде Венеция – 1470 же 1471, ошол эле жерде), анын көрүнүктүү графикалык мураста­ры (сүрөт альбомдору, Лувр, Париж жана Бри­тан музейлеринде; 1440–1450-жылдар), байыркы эстеликтердин, күндөлүк турмуштун эпизоддору, көп жактуу диний мифологиялык сүрөттөрү сактал­ган. Архитектуралык сүрөттөрүнө готикалык шарт­туулук мүнөздүү. | ||
[[File:БЕЛЛИНИЛЕР47.png | thumb | Жентиле Беллини. «Сан - Маркоаян аянтындагы процессия». 1496. Акаде­мия галереясы (Ве­неция).]] | [[File:БЕЛЛИНИЛЕР47.png | thumb | Жентиле Беллини. «Сан - Маркоаян аянтындагы процессия». 1496. Акаде­мия галереясы (Ве­неция).]] | ||
Анын уулу Ж е н т и л е (1430-жылдар ченинде Венеция – 23. 2. 1507, ошол эле жерде) – атасынан окуган жана аны менен биргеле­шип иштеген. 1474–1483-жылдары Венеция республикасынын атайын живописчиси кызматында иштеген. 1479-жылы Константинополго султан Мехмед IIнин чакыруусу менен барып, портреттерди жараткан (Мехмед II, Улуттук галерея, Лондон; патриарх Жусти­ниани, 1465, Академия галереясы, Венеция жана башкалар). Анын тарыхый-диндик окуялар чагылдырыл­ган көп фигуралуу композициясы («Сан-Марко аянтындагы процессия», «Сан-Лоренцо көпүрө­сүндөгү керемет», «Ыйык Айкаш жыгач менен айыктыруу», 1496–1501, бардыгы Академия галереясында, Венеция). Кийинки иштерине – «Касиеттүү Марктын Александриядагы насыяты» (Жован­ни Беллини. бүтүргөн, 1504–1507, Брера галереясы) кирет. Ж о­в а н н и Беллини (1430–1435, Венеция – 29. 11. 1516, ошол эле жерде) – Беллини Якопонун экинчи уулу – Венеция мектебинин ири чебери. Ал да атасы­нан окуган. Диний мифологиялык темадагы классика­лык картиналары колоритинин гармониялуу­лугу, пейзаж сүрөттөрүнүн поэтикалуулугу менен айырмаланат. Венеция республикасынын атайын живо­писчиси (1433). Жованнинин чыгармалары: «Касиеттүүлөрдүн курчоосунда тактыдагы Ма­донна», «Мадонна кичине баласы менен», Жованни Беллини | Анын уулу Ж е н т и л е (1430-жылдар ченинде Венеция – 23. 2. 1507, ошол эле жерде) – атасынан окуган жана аны менен биргеле­шип иштеген. 1474–1483-жылдары Венеция республикасынын атайын живописчиси кызматында иштеген. 1479-жылы Константинополго султан Мехмед IIнин чакыруусу менен барып, портреттерди жараткан (Мехмед II, Улуттук галерея, Лондон; патриарх Жусти­ниани, 1465, Академия галереясы, Венеция жана башкалар). Анын тарыхый-диндик окуялар чагылдырыл­ган көп фигуралуу композициясы («Сан-Марко аянтындагы процессия», «Сан-Лоренцо көпүрө­сүндөгү керемет», «Ыйык Айкаш жыгач менен айыктыруу», 1496–1501, бардыгы Академия галереясында, Венеция). Кийинки иштерине – «Касиеттүү Марктын Александриядагы насыяты» (Жован­ни Беллини. бүтүргөн, 1504–1507, Брера галереясы) кирет. Ж о­ в а н н и Беллини (1430–1435, Венеция – 29. 11. 1516, ошол эле жерде) – Беллини Якопонун экинчи уулу – Венеция мектебинин ири чебери. Ал да атасы­нан окуган. Диний мифологиялык темадагы классика­лык картиналары колоритинин гармониялуу­лугу, пейзаж сүрөттөрүнүн поэтикалуулугу менен айырмаланат. Венеция республикасынын атайын живо­писчиси (1433). Жованнинин чыгармалары: «Касиеттүүлөрдүн курчоосунда тактыдагы Ма­донна», «Мадонна кичине баласы менен», Жованни Беллини | ||
[[File:БЕЛЛИНИЛЕР48.png | thumb | none]] «Мадонна ымырка­йы менен». 1430. Каррара Академия­сы (Бергамо).(1487, Академия галереясы, Ве­неция), Дож Лоредандын портрети (1502, Улуттук галерея, Лондон). «Кудайлардын тойло­шу» (1514, Улуттук галерея, Вашингтон) акыркы чыгармасы. ''Жоржоне'' жана ''Тициан'' анын окуу­чулары болгон.<p align='right'> </p>''Н. Жылдызова.'' | [[File:БЕЛЛИНИЛЕР48.png | thumb | none]] «Мадонна ымырка­йы менен». 1430. Каррара Академия­сы (Бергамо).(1487, Академия галереясы, Ве­неция), Дож Лоредандын портрети (1502, Улуттук галерея, Лондон). «Кудайлардын тойло­шу» (1514, Улуттук галерея, Вашингтон) акыркы чыгармасы. ''Жоржоне'' жана ''Тициан'' анын окуу­чулары болгон.<p align='right'> </p>''Н. Жылдызова.'' | ||
[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | [[Category: 2-том, 146-225 бб]] |
10:48, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БЕЛЛИНИЛЕР – италиялык живописчилердин үй-бүлөсү, Венецияда Кайра жаралуу искусствосун негиздөөчүлөр. Үй-бүлөнүн башчысы – Якопо Беллини. (1400-жылдар ченинде Венеция – 1470 же 1471, ошол эле жерде), анын көрүнүктүү графикалык мурастары (сүрөт альбомдору, Лувр, Париж жана Британ музейлеринде; 1440–1450-жылдар), байыркы эстеликтердин, күндөлүк турмуштун эпизоддору, көп жактуу диний мифологиялык сүрөттөрү сакталган. Архитектуралык сүрөттөрүнө готикалык шарттуулук мүнөздүү.

Анын уулу Ж е н т и л е (1430-жылдар ченинде Венеция – 23. 2. 1507, ошол эле жерде) – атасынан окуган жана аны менен биргелешип иштеген. 1474–1483-жылдары Венеция республикасынын атайын живописчиси кызматында иштеген. 1479-жылы Константинополго султан Мехмед IIнин чакыруусу менен барып, портреттерди жараткан (Мехмед II, Улуттук галерея, Лондон; патриарх Жустиниани, 1465, Академия галереясы, Венеция жана башкалар). Анын тарыхый-диндик окуялар чагылдырылган көп фигуралуу композициясы («Сан-Марко аянтындагы процессия», «Сан-Лоренцо көпүрөсүндөгү керемет», «Ыйык Айкаш жыгач менен айыктыруу», 1496–1501, бардыгы Академия галереясында, Венеция). Кийинки иштерине – «Касиеттүү Марктын Александриядагы насыяты» (Жованни Беллини. бүтүргөн, 1504–1507, Брера галереясы) кирет. Ж о в а н н и Беллини (1430–1435, Венеция – 29. 11. 1516, ошол эле жерде) – Беллини Якопонун экинчи уулу – Венеция мектебинин ири чебери. Ал да атасынан окуган. Диний мифологиялык темадагы классикалык картиналары колоритинин гармониялуулугу, пейзаж сүрөттөрүнүн поэтикалуулугу менен айырмаланат. Венеция республикасынын атайын живописчиси (1433). Жованнинин чыгармалары: «Касиеттүүлөрдүн курчоосунда тактыдагы Мадонна», «Мадонна кичине баласы менен», Жованни Беллини

«Мадонна ымыркайы менен». 1430. Каррара Академиясы (Бергамо).(1487, Академия галереясы, Венеция), Дож Лоредандын портрети (1502, Улуттук галерея, Лондон). «Кудайлардын тойлошу» (1514, Улуттук галерея, Вашингтон) акыркы чыгармасы. Жоржоне жана Тициан анын окуучулары болгон.
Н. Жылдызова.