БЕРЛИН: нускалардын айырмасы
No edit summary |
|||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕРЛИ́Н''' – | '''БЕРЛИ́Н''' – Германиянын борбор шаары; өлкөдөгү ири шаар, анын экономикалык, маданий ж-а илимий борбору. ГФРдин фйедерациялык жери ста­тусуна ээ. Шпре дарыясына Хафель дарыясы куя беришинде жайгашкан. Кеме жүрүүчү каналдар аркылуу Эльба ж-а Одер дарыялары м-н туташат. Чоң Берлиндин борбордук ж-а чыгыш бөлүгүндөгү Митте, Пренцлау­эр-Берг, Фридприхсхайн, Трептов, Кёпеник, Лих­тенберг, Вайсензе, Панков округдарын ээлейт. Аянты 891 ''км''<sup>2</sup>. Калкы 1939-ж. 4,3 млн, 1945-ж. 2,8 млнго жакын, 1949-ж. 3,3 млн, азыр 3,4 млн (2023). 1990-жылдан өз алдынча административдик бирдик. Берлин шаары 13-кылымдын 1-жарымында пайда бол­гон. 1486-жылдан Бранденбургдун (кийин Прус­сиянын), 1871–1945-жылдарда Германиянын борбору. Европадагы 2-дүйнөлүк согуштун акыркы эта­бында, 1945-жылы 2-майда советтик аскерлер Берлинди ээлешкен. Фашисттик Германия талкаланган­дан кийин, Берлиндин аймагы СССР, АКШ, Улуу Британия ж-а Франциянын оккупациялык зо­наларына бөлүнгөн. 1949-жылы 7-октябрда Герма­ниянын чыгыш бөлүгүндө Германия Демократиялык Республикасы (ГДР) түзүлүп, Берлин анын борбору болуп жарыяланган. 1961-жылы Варшава келишими Уюмуна кирген мамлекеттердин өкүлдөрүнүн сунушу боюнча ГДР м-н Батыш Берлинди бөлүп | ||
өлкөдөгү ири шаар, анын | |||
[[File:БЕР ЛИН76.png | thumb | Шаардын көрүнүшү (алдыңкы планда «Европа-центр» ж-а кайзер Вильгельмдин мемориалдык чиркөөсү).]] | [[File:БЕР ЛИН76.png | thumb | Шаардын көрүнүшү (алдыңкы планда «Европа-центр» ж-а кайзер Вильгельмдин мемориалдык чиркөөсү).]] | ||
7 сап: | 5 сап: | ||
[[File:БЕР ЛИН77.png | thumb | Берлиндеги «Музей арал».]] турган ''Берлин дубалы'' курулган. 80-жылдардын аягындагы саясий өзгөрүүлөрдүн натыйжасын­да, 1990- | [[File:БЕР ЛИН77.png | thumb | Берлиндеги «Музей арал».]] турган ''Берлин дубалы'' курулган. 80-жылдардын аягындагы саясий өзгөрүүлөрдүн натыйжасын­да, 1990-жылы дубал алынып салынган. ГДРдин ГФР м-н биригүүсүнөн кийин (3. 10. 1990), Берлин бириккен Германиянын федералдык борбору статусун алган. | ||
Электр- | Электр-техника, электрондук, прибор, оор ж-а жалпы машина куруу, химия, химиялык-фармацевти­ка (дары-дармектер ж-а кылдат органикалык синтез про­дуктулары), жеңил, тамак-аш өнөр жайы өнүк­көн. Маанилүү темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Шпре дарыясындагы порт (жылына 2,6 млн тга жакын жүк ташылган). Метрополитен, Шёне­фельд (Берлиндин түш.-чыгыш чет жагында), Тем­пельхоф ж-а Тегель эл аралык аэропорттору, ИА, Гумбольдт атындагы университет иштейт. Трептов пар­кында Советтик Армиянын жоокерлерине эстелик тургузулган. Улуттук галерея, «Берлинер ансамбль», «Комише опер» ж. б. музейлери, зоопарктар бар. Готика стилиндеги чиркөөлөр (13–14-кылым), барок­ко ж-а классицизм ансамблдери (17–19-кылым) сак­талган. XI Олимпия оюндары (1936) өткөрүлгөн. | ||
жалпы машина куруу, | [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
«Комише опер» ж. б. музейлери, зоопарктар бар. | |||
Готика стилиндеги чиркөөлөр (13–14- |
07:38, 3 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЕРЛИ́Н – Германиянын борбор шаары; өлкөдөгү ири шаар, анын экономикалык, маданий ж-а илимий борбору. ГФРдин фйедерациялык жери статусуна ээ. Шпре дарыясына Хафель дарыясы куя беришинде жайгашкан. Кеме жүрүүчү каналдар аркылуу Эльба ж-а Одер дарыялары м-н туташат. Чоң Берлиндин борбордук ж-а чыгыш бөлүгүндөгү Митте, Пренцлауэр-Берг, Фридприхсхайн, Трептов, Кёпеник, Лихтенберг, Вайсензе, Панков округдарын ээлейт. Аянты 891 км2. Калкы 1939-ж. 4,3 млн, 1945-ж. 2,8 млнго жакын, 1949-ж. 3,3 млн, азыр 3,4 млн (2023). 1990-жылдан өз алдынча административдик бирдик. Берлин шаары 13-кылымдын 1-жарымында пайда болгон. 1486-жылдан Бранденбургдун (кийин Пруссиянын), 1871–1945-жылдарда Германиянын борбору. Европадагы 2-дүйнөлүк согуштун акыркы этабында, 1945-жылы 2-майда советтик аскерлер Берлинди ээлешкен. Фашисттик Германия талкалангандан кийин, Берлиндин аймагы СССР, АКШ, Улуу Британия ж-а Франциянын оккупациялык зоналарына бөлүнгөн. 1949-жылы 7-октябрда Германиянын чыгыш бөлүгүндө Германия Демократиялык Республикасы (ГДР) түзүлүп, Берлин анын борбору болуп жарыяланган. 1961-жылы Варшава келишими Уюмуна кирген мамлекеттердин өкүлдөрүнүн сунушу боюнча ГДР м-н Батыш Берлинди бөлүп


турган Берлин дубалы курулган. 80-жылдардын аягындагы саясий өзгөрүүлөрдүн натыйжасында, 1990-жылы дубал алынып салынган. ГДРдин ГФР м-н биригүүсүнөн кийин (3. 10. 1990), Берлин бириккен Германиянын федералдык борбору статусун алган.
Электр-техника, электрондук, прибор, оор ж-а жалпы машина куруу, химия, химиялык-фармацевтика (дары-дармектер ж-а кылдат органикалык синтез продуктулары), жеңил, тамак-аш өнөр жайы өнүккөн. Маанилүү темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Шпре дарыясындагы порт (жылына 2,6 млн тга жакын жүк ташылган). Метрополитен, Шёнефельд (Берлиндин түш.-чыгыш чет жагында), Темпельхоф ж-а Тегель эл аралык аэропорттору, ИА, Гумбольдт атындагы университет иштейт. Трептов паркында Советтик Армиянын жоокерлерине эстелик тургузулган. Улуттук галерея, «Берлинер ансамбль», «Комише опер» ж. б. музейлери, зоопарктар бар. Готика стилиндеги чиркөөлөр (13–14-кылым), барокко ж-а классицизм ансамблдери (17–19-кылым) сакталган. XI Олимпия оюндары (1936) өткөрүлгөн.