БИОГЕОХИМИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БИОГЕОХИ́МИЯ''' – ''геохимиянын'' бир бөлүгү. Биогеохимия организмдин химиялык курамын ж-а химиялык элемент­тердин жер бетине таралышына ж-а топтолуу­суна тирүү заттардын катышын изилдейт. Орга­низмдер жашоо тиричилигинде түрлүү химиялык эле­менттерди өзүнө сиңирет, кийин алар ажырап, бөлүнүп чыгат да, бир жерге чогулат же чачы­рап кетет. Биогеохимия процесстеринин өөрчүшүндө орга­низмдин көбөйүү ылдамдыгы чоң мааниге ээ. Бул өзгөчө жөнөкөй түзүлүштөгү өтө тез көбөйө турган организмдерге (бактериялар, козугарын­дар, балырлар) тиешелүү. Тирүү организмдин курамына бизге белгилүү химиялык элементтердин дээрлик баары ж-а алардын изотоптору кирет. Көбүнчө организмдердин тиги же бул түрү белги­лүү гана химиялык элементтерди өзүнө топтойт, башкача айтканда организмдин химмиялык курамы белгилүү бир түр үчүн мүнөздүү белги болуп саналат.
'''БИОГЕОХИ́МИЯ''' – биосферадагы химиялык элементтердин тирүү организмдердин тиричилиги  м-н шартталган  миграциясын ж-а тирүү  организмдердин тоо тектердин ж-а минералдардын бузулушундагы ролун изилдөөчү  илим. Термин 1920-ж орус окумуштуусу  В. И. Вернадский тарабынан киргизилген. Азыркы биохимиянын негизги багыты экологиялык стехиометрия (негизги биогендик элементтердин агымынын  тирүү  организмдердин  популяциясы аркылуу өз ара байланышы), элементтердин биологиялык  алмашуусу ж-а биогендик миграциясы, Жердин геологиялык катмарынын  тирүү организмдердин  таасири м-н болгон эволюциясын изилдөөгө,  глобалдык  ''биогеохимиялык циклдин'' өзгөрүшүн  прогноздоого   ж-а моделдөөгө  байланыштуу. Биогеохимиянын милдети:  пайдалуу кендердин калыптанышына,  аларды табууда организдердин ж-а биологиялык  процесстердин ролу;  аймакты биогехимиялык райондоштуруу, топурак, суу, тоют ж-а тамак азыктарында бул же тигил химиялык элементтердин   жетишсиздигин ж-а ашыкчалыгын; биогеохимиялык циклга кишинин  тиричилигинин таасирин анализдөө   ж. б. Биогеохимиялык изилдөөлөр негизинен өсүмдүктөрдүн  же кыртыштын курамындагы  белгилүү химиялык  элементти аныктоо жолу  м-н руда кендерин издөө, ошондой эле өсүмдүктүн, жаныбардын, адамдын денесиндеги кээ бир химиялык  элементтин ашыкча болушунан  келип чыккан оорулардын себебин билүү  үчүн жүргүзүлөт.


Ад.: ''Ковальский В. В.'' Геохимическая среда и жизнь. М., 1982. [[Category: 2-том, 146-225 бб]]
Ад.: Вернгадский В. И., Химимческое строение  биосферы Земли и её окружения, М., 1965.
[[Category: 2-том, 146-225 бб]]
[[Категория:Олуттуу түрдө өзгөргөн макалалар]]

10:37, 25 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы

БИОГЕОХИ́МИЯ – биосферадагы химиялык элементтердин тирүү организмдердин тиричилиги  м-н шартталган  миграциясын ж-а тирүү  организмдердин тоо тектердин ж-а минералдардын бузулушундагы ролун изилдөөчү  илим. Термин 1920-ж орус окумуштуусу  В. И. Вернадский тарабынан киргизилген. Азыркы биохимиянын негизги багыты экологиялык стехиометрия (негизги биогендик элементтердин агымынын  тирүү  организмдердин  популяциясы аркылуу өз ара байланышы), элементтердин биологиялык  алмашуусу ж-а биогендик миграциясы, Жердин геологиялык катмарынын  тирүү организмдердин  таасири м-н болгон эволюциясын изилдөөгө,  глобалдык  биогеохимиялык циклдин өзгөрүшүн  прогноздоого   ж-а моделдөөгө  байланыштуу. Биогеохимиянын милдети:  пайдалуу кендердин калыптанышына,  аларды табууда организдердин ж-а биологиялык  процесстердин ролу;  аймакты биогехимиялык райондоштуруу, топурак, суу, тоют ж-а тамак азыктарында бул же тигил химиялык элементтердин   жетишсиздигин ж-а ашыкчалыгын; биогеохимиялык циклга кишинин  тиричилигинин таасирин анализдөө   ж. б. Биогеохимиялык изилдөөлөр негизинен өсүмдүктөрдүн  же кыртыштын курамындагы  белгилүү химиялык  элементти аныктоо жолу  м-н руда кендерин издөө, ошондой эле өсүмдүктүн, жаныбардын, адамдын денесиндеги кээ бир химиялык  элементтин ашыкча болушунан  келип чыккан оорулардын себебин билүү  үчүн жүргүзүлөт.

Ад.: Вернгадский В. И., Химимческое строение  биосферы Земли и её окружения, М., 1965.