ДААНЫШМАНДЫК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДААНЫШМАНДЫК''' , г е н и й л и к, – улуу инсандын жаратмандык кудуретинин, чыгар­мачыл жөндөмүнүн эӊ жогорку, кайталангыс даражада ачылышы, сапаттык жактан жаӊы, нукура тереӊ, теӊдешсиз ажайып чыгармалар­ды жаратуу, мурда белгисиз жолдорун табуу | '''ДААНЫШМАНДЫК''' , г е н и й л и к, – улуу инсандын жаратмандык кудуретинин, чыгар­мачыл жөндөмүнүн эӊ жогорку, кайталангыс даражада ачылышы, сапаттык жактан жаӊы, нукура тереӊ, теӊдешсиз ажайып чыгармалар­ды жаратуу, мурда белгисиз жолдорун табуу менен эч ким бара элек бийиктиктерди ачуу жана анын туу чокусуна жетүү үзүрү. «Даанышмандык» терми­ни адатта адамдын инсандык керемет зээнинин, анын ажайып акыл дээринин кудуретин мүнөз­дөөчү, өнүгүүнүн өзүнчө бир доорун ачкан ажа­йып жаӊылык катары кабылданган улуу чы­гармага, ашкере кеӊ чабыттуу жаратман жөн­дөмдүүлүккө жана ишмердүүлүккө карата колдо­нулуучу сын-өлчөм. Тубаса нукура тереӊ зээндүү, ашкере жөндөмдүү даанышман адам талант­туулардан айырмаланып, ал шыктуулуктун жо­горку баскычына эгедер гана болбостон, өзүнүн эбегейсиз жаратмандык зор кудурети менен руха­ний дүйнөнүн бүтүндөй бир жаӊы башатын ач­кан кеменгерлигинде. [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
08:50, 7 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ДААНЫШМАНДЫК , г е н и й л и к, – улуу инсандын жаратмандык кудуретинин, чыгармачыл жөндөмүнүн эӊ жогорку, кайталангыс даражада ачылышы, сапаттык жактан жаӊы, нукура тереӊ, теӊдешсиз ажайып чыгармаларды жаратуу, мурда белгисиз жолдорун табуу менен эч ким бара элек бийиктиктерди ачуу жана анын туу чокусуна жетүү үзүрү. «Даанышмандык» термини адатта адамдын инсандык керемет зээнинин, анын ажайып акыл дээринин кудуретин мүнөздөөчү, өнүгүүнүн өзүнчө бир доорун ачкан ажайып жаӊылык катары кабылданган улуу чыгармага, ашкере кеӊ чабыттуу жаратман жөндөмдүүлүккө жана ишмердүүлүккө карата колдонулуучу сын-өлчөм. Тубаса нукура тереӊ зээндүү, ашкере жөндөмдүү даанышман адам таланттуулардан айырмаланып, ал шыктуулуктун жогорку баскычына эгедер гана болбостон, өзүнүн эбегейсиз жаратмандык зор кудурети менен руханий дүйнөнүн бүтүндөй бир жаӊы башатын ачкан кеменгерлигинде.