ДЕЗИНФЕКЦИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕЗИНФЕ́КЦИЯ''' (''дез''... ж-а лат. infectio – жу­гузуу) – жугуштуу оорулардын козгогучтарын (бактерия, вирус ж. б.) жок кылуу. | '''ДЕЗИНФЕ́КЦИЯ''' (''дез''... ж-а лат. infectio – жу­гузуу) – жугуштуу оорулардын козгогучтарын (бактерия, вирус ж. б.) жок кылуу. Дезинфекциянын не­гизги максаты – суу, тамак-аш, буюмдарды жу­гушсуздандыруу м-н инфекциянын жугуусун токтотуу. Мында механикалык, физикалык ж-а химиялык ыкмалар пайдаланылат. Механикалык ыкмада турак жайды ак­тап, сырдоо, тазалоо, кийим, төшөнчүлөрдү кү­бүп-кагуу ж. б. кирет. Физикалык жолдо кургатуу, күн нуру, ультракызгылт көк нур таасир этүү, таш­тандыларды өрттөө, буюмдарды кайнатуу ж. б. колдонулат. Химиялык ыкмада кислоталар, щелочтор, хлор акиташы, хлорамин, фенол, формалин ж. б. түрдүү концентрациядагы эритмелери пайдаланылат. В е т е р и н а р и я д а короо-сарай, мал союлуучу жайды, мал ташуучу транспорт ж. б. инфекциядан сактоо максатында дезинфекция жүргүзүлөт. | ||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
05:05, 7 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДЕЗИНФЕ́КЦИЯ (дез... ж-а лат. infectio – жугузуу) – жугуштуу оорулардын козгогучтарын (бактерия, вирус ж. б.) жок кылуу. Дезинфекциянын негизги максаты – суу, тамак-аш, буюмдарды жугушсуздандыруу м-н инфекциянын жугуусун токтотуу. Мында механикалык, физикалык ж-а химиялык ыкмалар пайдаланылат. Механикалык ыкмада турак жайды актап, сырдоо, тазалоо, кийим, төшөнчүлөрдү күбүп-кагуу ж. б. кирет. Физикалык жолдо кургатуу, күн нуру, ультракызгылт көк нур таасир этүү, таштандыларды өрттөө, буюмдарды кайнатуу ж. б. колдонулат. Химиялык ыкмада кислоталар, щелочтор, хлор акиташы, хлорамин, фенол, формалин ж. б. түрдүү концентрациядагы эритмелери пайдаланылат. В е т е р и н а р и я д а короо-сарай, мал союлуучу жайды, мал ташуучу транспорт ж. б. инфекциядан сактоо максатында дезинфекция жүргүзүлөт.