ДЕЛАКРУА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕЛАКРУА''' Фердинанд Виктор Эжен (26. 4. | '''ДЕЛАКРУА''' '''Фердинанд Виктор Эжен''' (26. 4. 1798, Сен-Морис, Парижге жакын – 13. 8. 1863, Париж) – француз живописчиси жана графиги.1816–1822-жылдары П. Н. Герендин өнөрканасында окуп жүрүп, мурдагы чеберлерден (айрыкча ''П. П. Ру­бенстен'') таалим алган. Делакруа ''романтизм'' жолуна түшүп, бара-бара ал мектептин башында ту­руп, прогрессчил жактарын уланткан. 1822-жылы «Данте менен Вергилий» (Лувр, Париж) аттуу сүрөтүн көргөзмөгө койгон. «Хиостогу бычакта­шуу» (1823–1824, Лувр) сүрөтүндө гректердин жапа чегишин тереӊ драматизм менен көрсөтсө, «Грекия Миссолунгинин урандысында» (1827) гректердин азаттык үчүн күрөшүн баяндайт. Делакруа 1831-жылы Улуу француз революциясынын темасына 2 сүрөт («Буасси д’Англа Конвентте», «Мирабо жана Дрё-Брезе»), согуш темасына «Пуатьеге жакын жердеги салгылашуу» (1830), «Нансинин жанындагы салгылашуу» (1831–1834) жана башкалар, ошондой эле «Мароккодогу еврейдин үйлөнүү тою» (1839), «Араб комедиячылары» (1848) жана башка чыгарма­ларды тарткан. Ал монументтүү живопись тар­магында да көп эмгек сиӊирген. Делакруанын чыгармачы­лыгы XIX кылымдагы дүйнөлүк живописте тереӊ из калтырган. | ||
1798, Сен-Морис, Парижге жакын – 13. 8. 1863, | |||
Париж) – француз живописчиси | |||
[[File:ДЕЛАКРУА68.png | thumb | Э. Делакруа. «Ат токуп жаткан марокколук». 1855. Эрмитаж. Санкт-Петербург.]] | [[File:ДЕЛАКРУА68.png | thumb | Э. Делакруа. «Ат токуп жаткан марокколук». 1855. Эрмитаж. Санкт-Петербург.]] | ||
7 сап: | 5 сап: | ||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] | [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
10:08, 27 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
ДЕЛАКРУА Фердинанд Виктор Эжен (26. 4. 1798, Сен-Морис, Парижге жакын – 13. 8. 1863, Париж) – француз живописчиси жана графиги.1816–1822-жылдары П. Н. Герендин өнөрканасында окуп жүрүп, мурдагы чеберлерден (айрыкча П. П. Рубенстен) таалим алган. Делакруа романтизм жолуна түшүп, бара-бара ал мектептин башында туруп, прогрессчил жактарын уланткан. 1822-жылы «Данте менен Вергилий» (Лувр, Париж) аттуу сүрөтүн көргөзмөгө койгон. «Хиостогу бычакташуу» (1823–1824, Лувр) сүрөтүндө гректердин жапа чегишин тереӊ драматизм менен көрсөтсө, «Грекия Миссолунгинин урандысында» (1827) гректердин азаттык үчүн күрөшүн баяндайт. Делакруа 1831-жылы Улуу француз революциясынын темасына 2 сүрөт («Буасси д’Англа Конвентте», «Мирабо жана Дрё-Брезе»), согуш темасына «Пуатьеге жакын жердеги салгылашуу» (1830), «Нансинин жанындагы салгылашуу» (1831–1834) жана башкалар, ошондой эле «Мароккодогу еврейдин үйлөнүү тою» (1839), «Араб комедиячылары» (1848) жана башка чыгармаларды тарткан. Ал монументтүү живопись тармагында да көп эмгек сиӊирген. Делакруанын чыгармачылыгы XIX кылымдагы дүйнөлүк живописте тереӊ из калтырган.
