ГРИПП: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГРИПП ''' (фр. grippe) – ''вирустар'' козгоочу, катуу кармаган өтө жугуштуу оору. Анын козгогучун 1933- | '''ГРИПП ''' (фр. grippe) – ''вирустар'' козгоочу, катуу кармаган өтө жугуштуу оору. Анын козгогучун 1933-жылы англиялык вирусологдор У. Смит, Ф. У. Эндрюс, П. Лейдлоу ачышкан. Негизинен жогорку дем алуу жолдорун жабыркатат. Инкубациялык (жашыруун) мезгили кыска (1–2 күн) болгондуктан, ал ''эпидемия'' ж-а ''пандемия'' түрүндө таралат. Аны вирустун 3 түрү (А, В, С) пайда кылат. Вирустар суукка чыдамдуу келип, ысытканда, күн нурунан, ''дезинфекциялаганда'' тез өлөт. Оору козгогучу жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, сүйлөгөндө чачыраган шилекей, какырык ж. б. м-н сырткы чөйрөгө бөлүнүп чыгып, абаны булгайт. Соо адамга булганган аба ж-а буюмдар аркылуу жугат. Айрыкча жаш балдар, улгайган, ошондой эле өнөкөт оорулуу адамдар ооруга тез чалдыгат. Оору демейде капысынан башталат. Чыйрыктырып, эти ысыйт (38–39°С, кээде андан жогору), мурду бүтүп, суу агат, жөтөлөт, чүчкүрүп, көзүнөн жаш агат, тамагы, башы, булчуӊдары ооруйт. Оорулуу өз убагында дарыланбаса оор кабылдоолорго – өпкөнүн, ортоӊку кулактын (отит), мурундун кошулма коӊулдарынын (''гайморит'') сезгенүүлөрүнө, жүрөк, мээнин ж. б. органдардын жабыркашына алып келиши мүмкүн. Грипптин алдын алууда оорулууну өзүнчө бөлмөгө бөлүп жаткырып, анын идиш-аягын, буюмдарын бөлөк кармоо зарыл. Ошондой эле организмди чыӊдоо чоӊ мааниге ээ. Гриппке каршы эмдөө жүргүзүлөт. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:22, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГРИПП (фр. grippe) – вирустар козгоочу, катуу кармаган өтө жугуштуу оору. Анын козгогучун 1933-жылы англиялык вирусологдор У. Смит, Ф. У. Эндрюс, П. Лейдлоу ачышкан. Негизинен жогорку дем алуу жолдорун жабыркатат. Инкубациялык (жашыруун) мезгили кыска (1–2 күн) болгондуктан, ал эпидемия ж-а пандемия түрүндө таралат. Аны вирустун 3 түрү (А, В, С) пайда кылат. Вирустар суукка чыдамдуу келип, ысытканда, күн нурунан, дезинфекциялаганда тез өлөт. Оору козгогучу жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, сүйлөгөндө чачыраган шилекей, какырык ж. б. м-н сырткы чөйрөгө бөлүнүп чыгып, абаны булгайт. Соо адамга булганган аба ж-а буюмдар аркылуу жугат. Айрыкча жаш балдар, улгайган, ошондой эле өнөкөт оорулуу адамдар ооруга тез чалдыгат. Оору демейде капысынан башталат. Чыйрыктырып, эти ысыйт (38–39°С, кээде андан жогору), мурду бүтүп, суу агат, жөтөлөт, чүчкүрүп, көзүнөн жаш агат, тамагы, башы, булчуӊдары ооруйт. Оорулуу өз убагында дарыланбаса оор кабылдоолорго – өпкөнүн, ортоӊку кулактын (отит), мурундун кошулма коӊулдарынын (гайморит) сезгенүүлөрүнө, жүрөк, мээнин ж. б. органдардын жабыркашына алып келиши мүмкүн. Грипптин алдын алууда оорулууну өзүнчө бөлмөгө бөлүп жаткырып, анын идиш-аягын, буюмдарын бөлөк кармоо зарыл. Ошондой эле организмди чыӊдоо чоӊ мааниге ээ. Гриппке каршы эмдөө жүргүзүлөт.