ДЕСКРИПТИВДИК ЛИНГВИСТИКА: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (Temirkan moved page ДЕСКРИПТИВДИК ЛИНГВИТИКА to ДЕСКРИПТИВДИК ЛИНГВИСТИКА) |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕСКРИПТИВДИК ЛИНГВИСТИКА''' (лат. descriptivus – сыпаттоо, сыпаттама) – 20-кылымдын 30–50-жылдарында америка тил илиминде пай­да болгон лингвистикалык структурализмдин бир багы­ты. Тилди изилдөө ыкмалары структуралык принципке негизделген. Бирок европалык лингвистика ''структурализмдин'' багыттарынан бир кыйла олуттуу айырмачылыктарга ээ. Ал АКШнын коомдук-тарыхый, философия, тил илиминин өнүгүшүнүн тилдик шарттарынын өзгөчөлүү ча­гылдырылышы: позитивизм, прагматизм ж-а биховиоризм теориясынын жаралышы; жергиликтүү индейлердин тилин иликтөө салты; АКШда жа­шаган ар түрдүү иммигранттык топторго байла­ныштуу өтө орчун маселелер. Дескриптивдик лингвистика америкалык индей­лердин тилин иликтөөдөгү турмуштук талап­тан, башкача айтканда Л. Блумфильддин салыштырма-тары­хый тил илиминин ыкмаларын кыйшаюусуз колдонуусунан келип чыккан. Кийин англис, индевропа, түрк, семит тилдерин изилдөөдө өз ыкмасынын багытын сактоо максатында тилди окутуу ыкмасы м-н тыгыз байланыш жасаган. Дескриптивдик лингвистиканын принциптеринин өнүгүшү бир нече этап­ка бөлүнөт. Ошондой эле тилдин структурасынын фор­малдык элементтерин сыпаттап, ''дистрибуция­ны'' негизге алат. Натыйжада Дескриптивдик лингвистика тыбыштын комплексин тилге барабар коёт да, анын маани­син эске албайт. Дескриптивдик лингвистика ыкмасы тилдин тыбыш сис­темасын изилдөөдө кеӊири колдонулат. | |||
descriptivus – сыпаттоо, сыпаттама) – 20- | |||
өнүгүшүнүн тилдик шарттарынын өзгөчөлүү ча­гылдырылышы: позитивизм, прагматизм ж-а биховиоризм теориясынын жаралышы; | |||
Ад.: ''Глисон Г.'' Введение в дескриптивную лингвис­тику. М., 1959; Основные направления структура­лизма. М., 1964. [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | Ад.: ''Глисон Г.'' Введение в дескриптивную лингвис­тику. М., 1959; Основные направления структура­лизма. М., 1964. [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
10:27, 31 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
ДЕСКРИПТИВДИК ЛИНГВИСТИКА (лат. descriptivus – сыпаттоо, сыпаттама) – 20-кылымдын 30–50-жылдарында америка тил илиминде пайда болгон лингвистикалык структурализмдин бир багыты. Тилди изилдөө ыкмалары структуралык принципке негизделген. Бирок европалык лингвистика структурализмдин багыттарынан бир кыйла олуттуу айырмачылыктарга ээ. Ал АКШнын коомдук-тарыхый, философия, тил илиминин өнүгүшүнүн тилдик шарттарынын өзгөчөлүү чагылдырылышы: позитивизм, прагматизм ж-а биховиоризм теориясынын жаралышы; жергиликтүү индейлердин тилин иликтөө салты; АКШда жашаган ар түрдүү иммигранттык топторго байланыштуу өтө орчун маселелер. Дескриптивдик лингвистика америкалык индейлердин тилин иликтөөдөгү турмуштук талаптан, башкача айтканда Л. Блумфильддин салыштырма-тарыхый тил илиминин ыкмаларын кыйшаюусуз колдонуусунан келип чыккан. Кийин англис, индевропа, түрк, семит тилдерин изилдөөдө өз ыкмасынын багытын сактоо максатында тилди окутуу ыкмасы м-н тыгыз байланыш жасаган. Дескриптивдик лингвистиканын принциптеринин өнүгүшү бир нече этапка бөлүнөт. Ошондой эле тилдин структурасынын формалдык элементтерин сыпаттап, дистрибуцияны негизге алат. Натыйжада Дескриптивдик лингвистика тыбыштын комплексин тилге барабар коёт да, анын маанисин эске албайт. Дескриптивдик лингвистика ыкмасы тилдин тыбыш системасын изилдөөдө кеӊири колдонулат.
Ад.: Глисон Г. Введение в дескриптивную лингвистику. М., 1959; Основные направления структурализма. М., 1964.