ГРОЗНЫЙ КОЮ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(6 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГРО́ЗНЫЙ КОЮ ''' – жүн багытындагы уяӊ жүндүү кой породасы. Дагстан АССРинин асыл тукум совхозунда | '''ГРО́ЗНЫЙ КОЮ ''' – жүн багытындагы уяӊ жүндүү кой породасы. Дагстан АССРинин асыл тукум совхозунда жергиликтүү меринос коюн австралия мериносу м-н аргындаштырып, улам тандоо жолу м-н чыгарылган (1938–51). Грозный кою какыр талаага байымдуу, дене түзүлүшү чыӊ. Кочкорунун мойнунда 3, соолугунда 1–2 кабат тери бырыштары бар, мүйүздүү. Кочкорунун салмагы 70–90 ''кг'', соолугу 45–50 ''кг''. Ар жүз тубар койдон 120–140 козу алынат. Ар койдон 98,8 ''кг'' сүт саалат. Жүнүнүн узундугу 8–13 ''см'', жумшак, коюу, ичкелиги 64–70 сапатта. Кочкорунан 10–15 ''кг'' (мыктысынан 25 ''кг)'', соолугунан 5,5–7,5 ''кг'' (айрымынан 12,5 ''кг'') жүн кыркылат. 45–55% таза жүн алынат. Кочкору башка уяӊ жүндүү породаларды жакшыртуу үчүн пайдаланылат. Грозный кою кыргыз уяӊ жүндүү коюн чыгарууга пайдаланылган. Россияда (Калмакия, Дагстан, Ставрополь крайы, Астрахань облусу) асыралат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:53, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГРО́ЗНЫЙ КОЮ – жүн багытындагы уяӊ жүндүү кой породасы. Дагстан АССРинин асыл тукум совхозунда жергиликтүү меринос коюн австралия мериносу м-н аргындаштырып, улам тандоо жолу м-н чыгарылган (1938–51). Грозный кою какыр талаага байымдуу, дене түзүлүшү чыӊ. Кочкорунун мойнунда 3, соолугунда 1–2 кабат тери бырыштары бар, мүйүздүү. Кочкорунун салмагы 70–90 кг, соолугу 45–50 кг. Ар жүз тубар койдон 120–140 козу алынат. Ар койдон 98,8 кг сүт саалат. Жүнүнүн узундугу 8–13 см, жумшак, коюу, ичкелиги 64–70 сапатта. Кочкорунан 10–15 кг (мыктысынан 25 кг), соолугунан 5,5–7,5 кг (айрымынан 12,5 кг) жүн кыркылат. 45–55% таза жүн алынат. Кочкору башка уяӊ жүндүү породаларды жакшыртуу үчүн пайдаланылат. Грозный кою кыргыз уяӊ жүндүү коюн чыгарууга пайдаланылган. Россияда (Калмакия, Дагстан, Ставрополь крайы, Астрахань облусу) асыралат.