ДИДАКТИКА: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
мNo edit summary |
||
(3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИДА́КТИКА''' (гр. didaktikōs – үйрөтүү, оку­туу) – педагогиканын билим берүү | '''ДИДА́КТИКА''' (гр. didaktikōs – үйрөтүү, оку­туу) – педагогиканын билим берүү жана окутуу теориясын иштеп чыгуучу тармагы. «Дидактика» тер­мини 17-кылымда эле пайда болгон. Чех педагог-гу­манисти Я. А. Коменский өзүнүн «Улуу дидак­тика» (1657) деген эӊ чоӊ эмгегин жаратып, коомдук тарбиянын негизги маселелерин, бал­дарды окутуунун принциптерин жана эрежелерин иштеп чыккан. 19-кылымдан тартып дидактика педагогика­нын билим берүү теориясы жөнүндөгү бөлүгү ката­ры кабыл алынган. Дидактиканын өнүгүшүнө И. К. Пес­талоцци, А. Дистервег, Ж. Ж. Руссо, К. Д. Ушин­ский жана башкалар зор салым кошкон. Бүткүл педагоги­ка сыяктуу эле дидактика адам коомунун өнүгүшүнүн ар кандай баскычында мектеп алдына коюлуу­чу маселелерди чечүү менен тарыхый мүнөздө өнүккөн. Окуу процесси – дидактикадагы окуп-үйрөнү­лүүчү эӊ негизги жана эӊ татаал учур. Ал билим­ди, билгичтикти жана көндүмдөрдү бекем өздөш­түрүүгө, өз алдынча ойлонууга, окуучулардын жөндөмүн калыптандырууга, ойлонуп эмгектенүү маданиятынын зарыл элементтерине ээ болууга, калыптандырууга багытталган мугалим менен окуучулардын өз ара байланышкан ырааттуу аракеттеринин жыйындысы болуп саналат. Окуу процесси билим берүүнүн максаты менен шарт­талып, өзүнүн компоненттеринин: окутуунун, башкача айтканда окуу предметинин мазмунунун (мында ар бир класстын окуучулары үчүн); илимдердин негиздеринин (билимдер системалаштырылып берилет); окуп-үйрөнүүнүн, башкача айтканда окуучулардын акыл жана күч аракеттерин өз ичине камтыган ар кандай ишмердиктеринин; окутуунун мате­риалдык каражаттарынын (окуу китептери, окуу куралдары, техникалык каражаттар ж. б.) бири-­бирине таасирлери аркылуу мүнөздөлөт. Окуу­чулардын билимди өздөштүрүүсүнүн жана акыл­-эсинин өнүгүүсүнүн натыйжасын мүмкүн болу­шунча жогорулатуу үчүн окуу процессинин не­гизин ушул компоненттердин бири-бирине туу­ра байланышын таап аныктоо дидактиканын негизги проблемасы болуп эсептелет. Дидактика педагогика жана бал­дар психологиясы, жалпы психология жана фи­зиология менен тыгыз байланышта болот. Ар бири өз жаатында баланын таанып-билүү ишмерди­гинин процесстери жөнүндө билим берет, балдарды окутуунун мазмунун жана ыкмаларын окуп ­үйрөнүүгө чоӊ жардам көрсөтөт. Дидактикалык эӊ ири маселелерди чечүүдө бул илимди толук пайда­лануу зарыл. Мугалимдер үчүн ар бир предмет­терди окутууда жалпы мыйзам ченемдүүлүктүн ишке ашырылышынын айкын жолдору өтө ке­ректүү жана маанилүү. Бул маселелер предмет­тик дидактикада каралат. Дидактиканын негизги милдеттери: а) окутуу максаттарын жана милдеттерин анык­тоо; б) окутуу процессинин мыйзам ченемдүү­лүгүн аныктап чыгуу; в) билим берүүнүн мазму­нун аныктоо; г) окутуунун эӊ натыйжалуу ык­маларын жана уюштуруу формаларын иштеп чыгуу. Демек, дидактика эмне үчүн окутуу керек? эмне­ни окутуу керек? кандайча окутуу керек? дегент сыяк­туу суроолорго жооп берет. Билим берүү теория­сынын негизги маселелери, башкача айтканда жалпы билим берүүнүн мүнөзү, окуу планы, окуу программа­лары, окуу китептери дидактикада бардык жактан ка­ралат. Сабак берүүнүн илимий деӊгээлин жогорула­туу, техникалык окуунун, эмгек тарбиясын жана кесипчи­лик багыт берүүнү ишке ашыруунун, ошондой эле оку­тууда жана тарбиялоодо техникалык каражаттарды кол­донуунун натыйжалуу жолдорун аныктоо ма­селелерин иштеп чыгуу талап кылынат. | ||
өнүккөн. Окуу процесси – | |||
өз жаатында баланын таанып-билүү ишмерди­гинин процесстери | |||
чыгуу. Демек, | |||
''И. Бекбоев.'' | |||
''[[Category: 3-том, 5-85 бб]]'' |
04:51, 1 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ДИДА́КТИКА (гр. didaktikōs – үйрөтүү, окутуу) – педагогиканын билим берүү жана окутуу теориясын иштеп чыгуучу тармагы. «Дидактика» термини 17-кылымда эле пайда болгон. Чех педагог-гуманисти Я. А. Коменский өзүнүн «Улуу дидактика» (1657) деген эӊ чоӊ эмгегин жаратып, коомдук тарбиянын негизги маселелерин, балдарды окутуунун принциптерин жана эрежелерин иштеп чыккан. 19-кылымдан тартып дидактика педагогиканын билим берүү теориясы жөнүндөгү бөлүгү катары кабыл алынган. Дидактиканын өнүгүшүнө И. К. Песталоцци, А. Дистервег, Ж. Ж. Руссо, К. Д. Ушинский жана башкалар зор салым кошкон. Бүткүл педагогика сыяктуу эле дидактика адам коомунун өнүгүшүнүн ар кандай баскычында мектеп алдына коюлуучу маселелерди чечүү менен тарыхый мүнөздө өнүккөн. Окуу процесси – дидактикадагы окуп-үйрөнүлүүчү эӊ негизги жана эӊ татаал учур. Ал билимди, билгичтикти жана көндүмдөрдү бекем өздөштүрүүгө, өз алдынча ойлонууга, окуучулардын жөндөмүн калыптандырууга, ойлонуп эмгектенүү маданиятынын зарыл элементтерине ээ болууга, калыптандырууга багытталган мугалим менен окуучулардын өз ара байланышкан ырааттуу аракеттеринин жыйындысы болуп саналат. Окуу процесси билим берүүнүн максаты менен шартталып, өзүнүн компоненттеринин: окутуунун, башкача айтканда окуу предметинин мазмунунун (мында ар бир класстын окуучулары үчүн); илимдердин негиздеринин (билимдер системалаштырылып берилет); окуп-үйрөнүүнүн, башкача айтканда окуучулардын акыл жана күч аракеттерин өз ичине камтыган ар кандай ишмердиктеринин; окутуунун материалдык каражаттарынын (окуу китептери, окуу куралдары, техникалык каражаттар ж. б.) бири-бирине таасирлери аркылуу мүнөздөлөт. Окуучулардын билимди өздөштүрүүсүнүн жана акыл-эсинин өнүгүүсүнүн натыйжасын мүмкүн болушунча жогорулатуу үчүн окуу процессинин негизин ушул компоненттердин бири-бирине туура байланышын таап аныктоо дидактиканын негизги проблемасы болуп эсептелет. Дидактика педагогика жана балдар психологиясы, жалпы психология жана физиология менен тыгыз байланышта болот. Ар бири өз жаатында баланын таанып-билүү ишмердигинин процесстери жөнүндө билим берет, балдарды окутуунун мазмунун жана ыкмаларын окуп үйрөнүүгө чоӊ жардам көрсөтөт. Дидактикалык эӊ ири маселелерди чечүүдө бул илимди толук пайдалануу зарыл. Мугалимдер үчүн ар бир предметтерди окутууда жалпы мыйзам ченемдүүлүктүн ишке ашырылышынын айкын жолдору өтө керектүү жана маанилүү. Бул маселелер предметтик дидактикада каралат. Дидактиканын негизги милдеттери: а) окутуу максаттарын жана милдеттерин аныктоо; б) окутуу процессинин мыйзам ченемдүүлүгүн аныктап чыгуу; в) билим берүүнүн мазмунун аныктоо; г) окутуунун эӊ натыйжалуу ыкмаларын жана уюштуруу формаларын иштеп чыгуу. Демек, дидактика эмне үчүн окутуу керек? эмнени окутуу керек? кандайча окутуу керек? дегент сыяктуу суроолорго жооп берет. Билим берүү теориясынын негизги маселелери, башкача айтканда жалпы билим берүүнүн мүнөзү, окуу планы, окуу программалары, окуу китептери дидактикада бардык жактан каралат. Сабак берүүнүн илимий деӊгээлин жогорулатуу, техникалык окуунун, эмгек тарбиясын жана кесипчилик багыт берүүнү ишке ашыруунун, ошондой эле окутууда жана тарбиялоодо техникалык каражаттарды колдонуунун натыйжалуу жолдорун аныктоо маселелерин иштеп чыгуу талап кылынат.
И. Бекбоев.
'