ДАМАСК: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДАМА́СК''' (ар. Д и м и ш к) – Сирия Араб Респ­убликасынын борбор шаары. Антиливан тоосунун эте­гинде, Барада дарыясынын өрөөнүндө. Калкы 2,6 млн (2007). Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн не­гизги соода-өнөр жай, финансы ж-а маданий борбо­ру. Тамак-аш, текстиль, дары-дармек өнөр жай ишканалары иштейт. Дамаск ж-а Араб акаде­миясы, университет, институттар (айыл | '''ДАМА́СК''' (ар. Д и м и ш к) – Сирия Араб Респ­убликасынын борбор шаары. Антиливан тоосунун эте­гинде, Барада дарыясынын өрөөнүндө. Калкы 2,6 млн (2007). Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн не­гизги соода-өнөр жай, финансы ж-а маданий борбо­ру. Тамак-аш, текстиль, дары-дармек өнөр жай ишканалары иштейт. Дамаск ж-а Араб акаде­миясы, университет, институттар (айыл чарба, политехникалык), калк ки­тепканасы (Жакынкы Чыгыштагы эӊ ири), театрлар, музейлер (анын ичинде аскер курал-жарактары, кылыч, канжар) бар. Ошондой эле көркөм кол өнөрчүлүк (ал­тын, күмүш, жез, жыгач буюмдарын жасоо, килем, кездеме токуу) өнүккөн. Дүйнө жүзүндөгү борбор шаарлардын эӊ байыркысы. Алгач еги­пет фараондорунун 18-династиясынын документ­теринде ж-а байыркы осуят китебинде маданий ж-а кол өнөрчүлүк борбору катары эскерилет. 1401-жылы Темирландын аскерлери шаарды басып | ||
[[File:ДАМАСК16.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] | [[File:ДАМАСК16.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] | ||
алып, 30 миӊ омейядды мечитке камап, өрттөп жиберген. Алардын ичинен эӊ мыкты кол өнөр­чүлөрдү, зергерлерди (өзгөчө алтын кармаган) | алып, 30 миӊ омейядды мечитке камап, өрттөп жиберген. Алардын ичинен эӊ мыкты кол өнөр­чүлөрдү, зергерлерди (өзгөчө алтын кармаган) Темирлан Орто Азияга (Самаркандга) алып кел­ген. Б. з. ч. 11-кылымдын аягынан б. з. ч. 732-жыл­га чейин Дамаск хандыгынын, 661–750-жылдарда Омей­яддар халифатынын борбору. 1517-жылдан 1- дүйнөлүк согуштун аягына чейин Осмон импе­риясынын курамында болгон. 1920–43-жылдарда Си­риядагы Франциянын мандат м-н башкарылуу­чу аймагы, 1943-жылдан көз каранды эмес Си­риянын борбору. Байыркы ж-а орто кылымдын архитектуралык эстеликтери – шаардын тары­хый ж-а маданий байлыгы. Шаарды айланта курулган дубалдар, дарбаза, монументтик арка ж-а Ыйык Юпитер Дамасский (1-кылым) колонна­дасы, Омейяддар, Такия Сулаймания ж-а Дер­вишия мечиттери (8-кылым), Нур-ад-дин госпиталы (12-кылым), 12–13-кылымдардын көптөгөн медреселери, Азем ак сарайы, эмир Салах-ад-Диндин мавзолейи бар. Шаардын байыркы бөлүгү ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине киргизилген. [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
Темирлан |
03:23, 24 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
ДАМА́СК (ар. Д и м и ш к) – Сирия Араб Республикасынын борбор шаары. Антиливан тоосунун этегинде, Барада дарыясынын өрөөнүндө. Калкы 2,6 млн (2007). Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн негизги соода-өнөр жай, финансы ж-а маданий борбору. Тамак-аш, текстиль, дары-дармек өнөр жай ишканалары иштейт. Дамаск ж-а Араб академиясы, университет, институттар (айыл чарба, политехникалык), калк китепканасы (Жакынкы Чыгыштагы эӊ ири), театрлар, музейлер (анын ичинде аскер курал-жарактары, кылыч, канжар) бар. Ошондой эле көркөм кол өнөрчүлүк (алтын, күмүш, жез, жыгач буюмдарын жасоо, килем, кездеме токуу) өнүккөн. Дүйнө жүзүндөгү борбор шаарлардын эӊ байыркысы. Алгач египет фараондорунун 18-династиясынын документтеринде ж-а байыркы осуят китебинде маданий ж-а кол өнөрчүлүк борбору катары эскерилет. 1401-жылы Темирландын аскерлери шаарды басып

алып, 30 миӊ омейядды мечитке камап, өрттөп жиберген. Алардын ичинен эӊ мыкты кол өнөрчүлөрдү, зергерлерди (өзгөчө алтын кармаган) Темирлан Орто Азияга (Самаркандга) алып келген. Б. з. ч. 11-кылымдын аягынан б. з. ч. 732-жылга чейин Дамаск хандыгынын, 661–750-жылдарда Омейяддар халифатынын борбору. 1517-жылдан 1- дүйнөлүк согуштун аягына чейин Осмон империясынын курамында болгон. 1920–43-жылдарда Сириядагы Франциянын мандат м-н башкарылуучу аймагы, 1943-жылдан көз каранды эмес Сириянын борбору. Байыркы ж-а орто кылымдын архитектуралык эстеликтери – шаардын тарыхый ж-а маданий байлыгы. Шаарды айланта курулган дубалдар, дарбаза, монументтик арка ж-а Ыйык Юпитер Дамасский (1-кылым) колоннадасы, Омейяддар, Такия Сулаймания ж-а Дервишия мечиттери (8-кылым), Нур-ад-дин госпиталы (12-кылым), 12–13-кылымдардын көптөгөн медреселери, Азем ак сарайы, эмир Салах-ад-Диндин мавзолейи бар. Шаардын байыркы бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.