ДАРАК ИЛДЕТТЕРИ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДАРАК ИЛДЕТТЕРИ''' – түрдүү себептердин – ил­дет козгогуч м-н айлана-чөйрөнүн ыӊгайсыз шар­тынын таасиринен дарак өсүмдүктөрүнүн өсүү функциясынын (фотосинтез, дем алуу, суу ж-а азык зат сиӊирүү) ж-а анын түзүлүшүнүн бу­зулушу. Дарак илдеттери этиологиясына жараша жугуш­туу ж-а жугушсуз болуп бөлүнөт. | '''ДАРАК ИЛДЕТТЕРИ''' – түрдүү себептердин – ил­дет козгогуч м-н айлана-чөйрөнүн ыӊгайсыз шар­тынын таасиринен дарак өсүмдүктөрүнүн өсүү функциясынын (фотосинтез, дем алуу, суу ж-а азык зат сиӊирүү) ж-а анын түзүлүшүнүн бу­зулушу. Дарак илдеттери этиологиясына жараша жугуш­туу ж-а жугушсуз болуп бөлүнөт. Жугуштуу илдеттерди мите козу карын, бактерия, балырлар, акти­номицеттер ж-а вирустар пайда кылат. Жугушсуз илдеттер айлана-чөйрөнүн ыӊгайсыз шартынан пайда болот. Дарак илдеттери эл чарбасына өтө чоӊ зыян келти­рет. Мөмө-дарактын түшүмү төмөндөп, жыгачы зыянга учурайт. Дарак көбүнчө рак, чирик, дат, жараат илдеттерине чалдыгат. Каршы күрөшүү чаралары: илдеттүү даракты же бутак­ты кыркып таштоо; урук, көчөткө формалин ж. б. фунгицид чачуу; агротехниканы туура жүр­гүзүү. | ||
Ад.: ''Робертс Д. А.'' Основы защиты растений. М., 1981. [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | Ад.: ''Робертс Д. А.'' Основы защиты растений. М., 1981. [[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
08:27, 8 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДАРАК ИЛДЕТТЕРИ – түрдүү себептердин – илдет козгогуч м-н айлана-чөйрөнүн ыӊгайсыз шартынын таасиринен дарак өсүмдүктөрүнүн өсүү функциясынын (фотосинтез, дем алуу, суу ж-а азык зат сиӊирүү) ж-а анын түзүлүшүнүн бузулушу. Дарак илдеттери этиологиясына жараша жугуштуу ж-а жугушсуз болуп бөлүнөт. Жугуштуу илдеттерди мите козу карын, бактерия, балырлар, актиномицеттер ж-а вирустар пайда кылат. Жугушсуз илдеттер айлана-чөйрөнүн ыӊгайсыз шартынан пайда болот. Дарак илдеттери эл чарбасына өтө чоӊ зыян келтирет. Мөмө-дарактын түшүмү төмөндөп, жыгачы зыянга учурайт. Дарак көбүнчө рак, чирик, дат, жараат илдеттерине чалдыгат. Каршы күрөшүү чаралары: илдеттүү даракты же бутакты кыркып таштоо; урук, көчөткө формалин ж. б. фунгицид чачуу; агротехниканы туура жүргүзүү.
Ад.: Робертс Д. А. Основы защиты растений. М., 1981.