ДЕПРЕССИЯ (медицинада): нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕПРЕ́ССИЯ''' (лат. depressio – төмөндөө, чөгүү, басылгандык) м е д и ц и н а д а – адамдын психикалык абалынын начарлашы ж-а кый­мыл-аракетинин бузулушу м-н мүнөздөлгөн оору. Депрессияда көӊүл кош, маанайы пас болуп, та­мак сиӊирүү начарлайт, уйку качат. Ал мээнин ж-а кан тамырдын бузулушунда, аракечтикте, баӊгиликте, климакс учурунда, айрым жугуш­туу оорулардан кийин да болот. Өтүшүп кеткенде жашоого кызыкчылык жоголот, көӊүл чөгүп, жашоодон кечет. Оорулуу эмгекке жөндөмдүү­лүгүн жоготот, үй-бүлөгө кайдыгер мамиле жа­сайт; чаржайыт, жай ойлонот. Оорулууда жү­рөк өйүгөн, зээнди кейиткен, жагымсыз сезим пайда болот. Жеӊил | '''ДЕПРЕ́ССИЯ''' (лат. depressio – төмөндөө, чөгүү, басылгандык) м е д и ц и н а д а – адамдын психикалык абалынын начарлашы ж-а кый­мыл-аракетинин бузулушу м-н мүнөздөлгөн оору. Депрессияда көӊүл кош, маанайы пас болуп, та­мак сиӊирүү начарлайт, уйку качат. Ал мээнин ж-а кан тамырдын бузулушунда, аракечтикте, баӊгиликте, климакс учурунда, айрым жугуш­туу оорулардан кийин да болот. Өтүшүп кеткенде жашоого кызыкчылык жоголот, көӊүл чөгүп, жашоодон кечет. Оорулуу эмгекке жөндөмдүү­лүгүн жоготот, үй-бүлөгө кайдыгер мамиле жа­сайт; чаржайыт, жай ойлонот. Оорулууда жү­рөк өйүгөн, зээнди кейиткен, жагымсыз сезим пайда болот. Жеӊил депрессияда ички органдардын функциясы бузулат, ишке жөндөмдүүлүгү начар­лайт, уйку качат. Кээде көӊүлү чөгөт, ачууланат, кыжырланат. Көп учурда картаюу алдындагы психоздун ж-а ''шизофрениянын'', ошондой эле мания депрессиялык психоздун белгилери болот. Да­рылоо психиатриялык ооруканаларда жүргү­зүлөт. Амбулаториялык дарылоодо дары ж-а тамак-ашты врачтын көрсөтмөсү м-н гана ичүү керек. Дарылануу мезгилинде ичкилик ичүүгө такыр болбойт, андан жүрөк-кан тамыр система­сынын иши бузулуп, ''коллапс'' болушу ыктымал. | ||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] | [[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
09:46, 7 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДЕПРЕ́ССИЯ (лат. depressio – төмөндөө, чөгүү, басылгандык) м е д и ц и н а д а – адамдын психикалык абалынын начарлашы ж-а кыймыл-аракетинин бузулушу м-н мүнөздөлгөн оору. Депрессияда көӊүл кош, маанайы пас болуп, тамак сиӊирүү начарлайт, уйку качат. Ал мээнин ж-а кан тамырдын бузулушунда, аракечтикте, баӊгиликте, климакс учурунда, айрым жугуштуу оорулардан кийин да болот. Өтүшүп кеткенде жашоого кызыкчылык жоголот, көӊүл чөгүп, жашоодон кечет. Оорулуу эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготот, үй-бүлөгө кайдыгер мамиле жасайт; чаржайыт, жай ойлонот. Оорулууда жүрөк өйүгөн, зээнди кейиткен, жагымсыз сезим пайда болот. Жеӊил депрессияда ички органдардын функциясы бузулат, ишке жөндөмдүүлүгү начарлайт, уйку качат. Кээде көӊүлү чөгөт, ачууланат, кыжырланат. Көп учурда картаюу алдындагы психоздун ж-а шизофрениянын, ошондой эле мания депрессиялык психоздун белгилери болот. Дарылоо психиатриялык ооруканаларда жүргүзүлөт. Амбулаториялык дарылоодо дары ж-а тамак-ашты врачтын көрсөтмөсү м-н гана ичүү керек. Дарылануу мезгилинде ичкилик ичүүгө такыр болбойт, андан жүрөк-кан тамыр системасынын иши бузулуп, коллапс болушу ыктымал.