ДЕФЕКТОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕФЕКТОЛО́ГИЯ''' (лат. defectus – кемчилик ж-а ''...логия'') – майып ж-а кем акыл балдардын | '''ДЕФЕКТОЛО́ГИЯ''' (лат. defectus – кемчилик ж-а ''...логия'') – майып ж-а кем акыл балдардын өсүү мыйзам ченемдерин ж-а өөрчүү өзгөчө­лүктөрүн, аларды окутуу ж-а тарбиялоо масе­лелерин изилдөөчү илим тармагы. Дефектологиянын түрлөрү: сурдопедагогика – дүлөй, начар уккан балдарды тарбиялоо ж-а окутуу жолдорун, тиф­лопедагогика – сокур, көзү начар көргөн бал­дарды тарбиялоо ж-а окутуу маселелерин, оли­гофренопедагогика – акыл-эси кем балдарды тарбиялоо ж-а окутуу жолдорун, логопедия – балдардын сөзүндөгү кемчиликтерди оӊдоо жо­лун изилдейт. Дефектология неврология, патофизиология, патопсихология, жалпы педагогика ж-а балдар психо­логиясы, электрфизиология, тил таануу ж. б. илимдер м-н байланыштуу. Кемтиктүү балдар­ды атайын адистер – дефектологдор окутат ж-а тарбиялайт. Аларды окуу жайлардын атайын факультеттери, Кыргызстанда И. Арабаев атындагы КМУнун ал­дындагы педагогика институту даярдайт. | ||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] | [[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
03:11, 9 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДЕФЕКТОЛО́ГИЯ (лат. defectus – кемчилик ж-а ...логия) – майып ж-а кем акыл балдардын өсүү мыйзам ченемдерин ж-а өөрчүү өзгөчөлүктөрүн, аларды окутуу ж-а тарбиялоо маселелерин изилдөөчү илим тармагы. Дефектологиянын түрлөрү: сурдопедагогика – дүлөй, начар уккан балдарды тарбиялоо ж-а окутуу жолдорун, тифлопедагогика – сокур, көзү начар көргөн балдарды тарбиялоо ж-а окутуу маселелерин, олигофренопедагогика – акыл-эси кем балдарды тарбиялоо ж-а окутуу жолдорун, логопедия – балдардын сөзүндөгү кемчиликтерди оӊдоо жолун изилдейт. Дефектология неврология, патофизиология, патопсихология, жалпы педагогика ж-а балдар психологиясы, электрфизиология, тил таануу ж. б. илимдер м-н байланыштуу. Кемтиктүү балдарды атайын адистер – дефектологдор окутат ж-а тарбиялайт. Аларды окуу жайлардын атайын факультеттери, Кыргызстанда И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы педагогика институту даярдайт.