ДЖИБУТИ (мамлекет): нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
2 сап: | 2 сап: | ||
[[File:ДЖИБУТИ 185.png | thumb | none]] | [[File:ДЖИБУТИ 185.png | thumb | none]] | ||
шынан Кызыл деӊиздин Аден булуӊу чулгап жа­тат (жээк сызыгынын узундугу 314 | <sup>шынан Кызыл деӊиздин Аден булуӊу чулгап жа­тат (жээк сызыгынын узундугу 314 км). Аянты 23,2 миӊ км2. Калкы 1,1 млн (2023). Борбору – Джибути шаары. Расмий тили – араб ж-а француз тилдери. Акча бирдиги – джибути франкы. Административдик аймактык жактан 5 округга бөлүнөт (к. таблицаны).</sup> | ||
<table name='ДЖИБУТИ 1' caption='Администрациялык-аймактык бөлүнүшү'/> Джибути – БУУнун (1977), Африка биримдиги уюму­нун (1977), Африка союзунун (2002), Блокторго ко­шулбаган өлкөлөр кыймылынын, Араб өлкөлөрү лигасынын (1977), Ислам конференциясы уюму­нун (1994), Чыгыш ж-а Түштүк Африка жалпы рыногунун (1994), Европа биримдигинин ассо­циациялык мүчөсү. | <table name='ДЖИБУТИ 1' caption='Администрациялык-аймактык бөлүнүшү'/> <sup>Джибути – БУУнун (1977), Африка биримдиги уюму­нун (1977), Африка союзунун (2002), Блокторго ко­шулбаган өлкөлөр кыймылынын, Араб өлкөлөрү лигасынын (1977), Ислам конференциясы уюму­нун (1994), Чыгыш ж-а Түштүк Африка жалпы рыногунун (1994), Европа биримдигинин ассо­циациялык мүчөсү.</sup> | ||
'''Мамлекеттик түзүлүшү.''' Джибути – унитардык мам­лекет. Башкаруу формасы – президенттик рес­публика. Конституциясы 1992-жылы кабыл алын­ган. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку орга­ны – Улуттук жыйын. Аткаруу бийлигин пре­мьер-министр жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Саясий партиялары: Прогресс үчүн элдик бирим­дик партиясы (ПЭБ), Демократиялык жаӊылануу партиясы, Улуттук-демократиялык партия, Биримдик ж-а демократияны калыбына келтирүү үчүн фронту. | <sup>'''Мамлекеттик түзүлүшү.''' Джибути – унитардык мам­лекет. Башкаруу формасы – президенттик рес­публика. Конституциясы 1992-жылы кабыл алын­ган. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку орга­ны – Улуттук жыйын. Аткаруу бийлигин пре­мьер-министр жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Саясий партиялары: Прогресс үчүн элдик бирим­дик партиясы (ПЭБ), Демократиялык жаӊылануу партиясы, Улуттук-демократиялык партия, Биримдик ж-а демократияны калыбына келтирүү үчүн фронту.</sup> | ||
<sup>'''Табияты'''. Аден булуӊунун жээгине абразия-аккумуляциялык түздүктөр мүнөздүү, айрым жерлери коралл рифтери м-н чектелген. Тажу­ра булуӊунун түндүк ж-а түштүк жээктери абразия-­аккумуляциялык, көбүнчө бийик, жарлуу, ай­рым жерлеринде кууш пляждары, сайроондор бар. Рельефине бийиктиги 2021 мге жеткен (Му­са-Али чокусу, өлкөнүн эӊ бийик жери) жапыз ж-а орто бийик жанар тоо массивдеринин, жа­пыз лава платолорунун айкалышып жатышы мүнөздүү. Тажура булуӊунан батышта Африка материгинин эӊ чуӊкур жери – Афар ойдуӊу жай­гашкан, андагы Асаль көлүнүн бети деӊиз деӊгээлинен 153 м төмөн. Өлкөнүн борбордук ж-а түштүк-батыш бө­лүктөрүндөгү аккумуляциялык-денудациялык ж-а аккумуляциялык түздүктөрдүн борбордук чуӊкур­чактарын туздуу көлдөр ж-а шор жерлер ээлейт.</sup> | |||
Аден булуӊунун жээгине абразия | |||
<sup>Джибутинин аймагы Чыгыш Африка рифт систе­масындагы Афар ойдуӊунда жайгашкан. Жер ­титирөө тез-тез болуп турат; катуу жер ти­тирөөлөр 1969-, 1988-, 1994-ж. болгон. Аракет­теги жанар тоолор бар (Ардукоба жанар тоосу акыркы жолу 1978-жылы атылган). Кен байлык­тары: сал тузу (Асаль көлүндө), гипс, курулуш материалдары. Терм сууларынын булактары бар. Климаты тропиктик, кургакчыл. Январдын орточо температурасы 25°С, июлдуку 35°С. Жылдык жаан-чачынынын өлчөмү 50 ммден (Асаль көлүнүн</sup> | |||
[[File:ДЖИБУТИ 186.png | thumb | Сайдын (уэддин) нугу.]] | [[File:ДЖИБУТИ 186.png | thumb | <sup>Сайдын (уэддин) нугу.</sup>]] | ||
жээгинде) 300 | <sup>жээгинде) 300 ммге чейин (Тажура булуӊунун түндүк тарабындагы тоо капталдарында). Джибутинин аймагы кургак сайлар (уэддер) м-н жыш тилме­ленген, туруктуу аккан дарыясы жок. Эфиопия м-н чектешкен жерде өлкөдөгү жалгыз тузсуз көл – Аббе жайгашкан.</sup> | ||
Кылкан-бадалдуу жарым чөл өсүмдүктөрү ба­сымдуу, ага суйдаӊ чөп өсүмдүктөрү ж-а сейрек | <sup>Кылкан-бадалдуу жарым чөл өсүмдүктөрү ба­сымдуу, ага суйдаӊ чөп өсүмдүктөрү ж-а сейрек өскөн жапыз акациялар мүнөздүү. Шор жерлер­де споробол, сведа үстөмдүк кылган галофит өсүм­дүктөрү өсөт. Дай улуттук паркында (аянты 10 миӊ га) арчалуу сейрек токой массиви корголот. Аден булуӊун жээктей мангр токою өсөт. Калкы. Джибутинин негизги калкы – куштар (89,5%), анын 48,3%ин афарлар, 41,2%ин сомалилер тү­зөт. Ошондой эле арабдар (7,5%), француздар (2,3%), амхаралар (0,4%), гректер (0,2%), индия-пакис­тандыктар ж. б. жашайт. Калкынын табигый</sup> | ||
өскөн жапыз акациялар мүнөздүү. Шор жерлер­де споробол, сведа үстөмдүк кылган галофит өсүм­дүктөрү өсөт. Дай | |||
<sup>өсүшү 2%; 1000 кишинин ичинен төрөлгөндөрү 35,5, өлгөндөрү 19,3 (2006). Фертилдүүлүктүн эӊ жогорку көрсөткүчүнө (ар бир аялга 5,3 бала туура келет) байланыштуу жаш балдардын өлү­мү өтө жогору (1000 адамга 102 бала). Калктын курактык структурасы: 14 жашка чейинкилер – 43,4%, 15–64 жаштагылар – 53,3%, 65тен аш­кандар – 3,3%. Калктын орточо курагы 18,2 жаш.<br>Өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 43,2 жаш (эр­кектердики – 41,9, аялдардыкы – 44,5 жаш). 105 эркекке 100 аял туура келет. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 34 адам. Өлкөнүн кал­кынын 81% Джибути шаарында (642,8 миӊ; 2007) жашайт; башка ири шаарлары: Али-Сабих (кал­кы 41,3 миӊ), Тажура (22,9 миӊ), Обок (18,3). Экономикалык активдүү калкы 282 миӊ.</sup> | |||
өсүшү 2%; 1000 кишинин ичинен төрөлгөндөрү | |||
35,5, өлгөндөрү 19,3 (2006). Фертилдүүлүктүн эӊ жогорку көрсөткүчүнө (ар бир аялга 5,3 бала туура келет) байланыштуу жаш балдардын өлү­мү өтө жогору (1000 адамга 102 бала). Калктын курактык структурасы: 14 жашка чейинкилер – 43,4%, 15–64 жаштагылар – 53,3%, 65тен аш­кандар – 3,3%. Калктын | |||
<br>Өмүрүнүн күтүлгөн | |||
<sup>'''Тарыхы.''' Джибутинин түндүгүн б. з. ч. 3-кылымда Арабия­дан келген байыркы афар уруулары ээлешкен. Биздин эранын башында афарларды сомалилик исса уруулары сүрүп чыгарат. 825-жылдан ис­лам дини таркай баштаган. Андан кийин Джибутинин 19-кылымдын ортосуна чейинки тарыхы Сомали жарым аралынын калган бөлүктөрүнүн тарыхы м-н бай­ланыштуу (к. Сомали Республикасы). 1862-жылы француздар Обок портун сатып алган. 1888-жылы Француз Сомалисинин бир бөлүгү катары басып алынып, 1896-жылдан Франциянын колония­сына айланган ж-а Джибути шаары анын борбору болуп калган. 1897-жылы Эфиопия м-н Франция­нын ортосундагы келишим боюнча темир жол куруу ма­селеси чечилип, 1917-жылы Джибути м-н Аддис-Абебаны байланыштырган жол курулуп бүткөн. 1946-жылы Джибутиге Франциянын «Алыскы деӊиз аймагы» ста­тусу ыйгарылган. 1960-жылдардын аягында Со­мали Республикасынын колдоосу м-н исса улутчулдары негизинен афарлардан ж-а француздардан тур­ган өкмөткө каршы партизандык согушту баш­ташкан. 1967-жылы июндан Франциянын Афарлар ж-а Иссалар аймагы деп аталып, өз алдынча башкаруу укугуна ээ болгон. 1977-жылы 27-июнда өлкө көз каранды эместикке жетишип, Джибути республикасы деп аталды. Өлкөнүн биринчи президенти бо­луп Хасан Гулед Аптидон шайланды. 1981-жылы ал экинчи жолу шайланып, ошол эле жылы өлкөдө бир партиялык система киргизилген. 1993-жылы ал 6 жылдык мөөнөткө төртүнчү ирет президен­ттикке шайланган. 1991-жылдан өлкөдө оппо­зициялык партия – Биримдик ж-а демокра­тияны калыбына келтирүү үчүн фронтунун (БДККФ) таасири жогорулады. 1993-жылдагы шай­лоодон кийин өлкөдө өкмөттүк аскерлер м-н БДККФтин ортосунда куралдуу кагылышуу­лар башталды. 1996-жылы каршылаштар ортосун­да тынчтык жарашуу келишимине кол коюлуп, 1997-жылы парламенттик шайлоодо БДККФ м-н Про­гресс үчүн элдик биримдик партиясы жеӊишке же­тишти. 1999-жылы президен­ттик шайлоодо ПЭБдин өкүлү Омар Гуллех жеӊип чыкты.</sup> | |||
өлкө көз каранды эместикке жетишип, | <sup>'''Чарбасы.''' Джибути – экономика­сы динамикалуу өнүккөн</sup> | ||
өлкөдө бир | |||
өкүлү Омар Гуллех жеӊип | |||
[[File:ДЖИБУТИ 11.png | thumb | none]] | [[File:ДЖИБУТИ 11.png | thumb | none]] | ||
өлкө. Экономикасы Джибу­ти портунун, эл аралык аэропорттун, Джибути – Аддис -Абеба темир жолунун иштөөсүнө, эмгек мигрант­тарынан түшкөн акчага байланыштуу; жалпысы­нан соода-сатыкка ж-а аны тейлөөгө багытталган. Эко­номикасына сырткы жар­дамдар ж-а чет өлкөлүк капитал кеӊири тартылат. Финансы сектору джибути франкынын (АКШ долла­рына байланыштырылган) эркин алмашуусуна шарт түзгөн. Чет өлкөлүк аскер бөлүкчөлөрүнөн (Франция, АКШ, Германия аскер деӊиз флотторунун базаларынан) түшкөн кирешенин да маа­ниси зор. ИДПнин өлчөмү 1,6 млрд доллар (сатып алуу­суна жараша; 2005); аны киши башына бөлүштүргөндө 2000 доллардан туура келет. ИДПнин реалдуу өсүмү 3,2% (2005). ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 81%, өнөр жайыны­кы 16%, айыл чарбасыныкы 3%. | |||
Өнөр жайы начар өнүккөн; өнөр жайлуу негизги борбо­ру – Джибути шаары. Айыл чарба сырьёсун ж-а деӊиз про­дуктуларын кайра иштетүүчү, тамак-аш (сүт, ун, кондитердик азыктарды, минералдуу суу чы­гаруучу заводдор), текстиль, булгаары, кагаз, фар­мацевтика боюнча чакан өнөр жай ишканалары ба­сымдуу. Джибути портунда нефтини кайра иш­тетүүчү ж-а сактоочу, курулуш материалдарын, деӊиз тузун чыгаруучу заводдор, механикалык ж-а тигүү устаканалары иштейт. Өндүрүлгөн электр энер- | |||
[[File:ДЖИБУТИ 187.png | thumb | Джибути акчасы.]] | [[File:ДЖИБУТИ 187.png | thumb | Джибути акчасы.]] | ||
гиясы (240 млн ''кВт · с''; 6 ЖЭС иштейт) өлкө­нүн ички муктаждыгын (223,2 млн ''кВт · с''; 2003) толук камсыз кылат. Асаль көлү ченде геотер­малдык станциясы курулууда (2007). | гиясы (240 млн ''кВт · с''; 6 ЖЭС иштейт) өлкө­нүн ички муктаждыгын (223,2 млн ''кВт · с''; 2003) толук камсыз кылат. Асаль көлү ченде геотер­малдык станциясы курулууда (2007). | ||
Айыл ж-а балык чарбалары калктын азык-тү­лүккө болгон муктаждыгын 10%ке чейин гана канааттандырат. Айдоо жери жокко эсе. | Айыл ж-а балык чарбалары калктын азык-тү­лүккө болгон муктаждыгын 10%ке чейин гана канааттандырат. Айдоо жери жокко эсе. Айыл чарбасынын негизги багыты – көчмөн ж-а жартылай көчмөн мал (эчки, кой, төө, уй, эшек) чарбасы. Негизи­нен жашылча, бакча, мөмө-жемиш өстүрүлөт. Балык ж-а бермет, коралл, деӊиз былпылда­гын уулоо өнүккөн. | ||
Джибути – Адис-Абеба | Джибути – Адис-Абеба темир жолу иштейт (Джибу­ти жак бөлүгүнө Эфиопия м-н кошо ээлик кылат; | ||
узундугу 106 ''км''). Автомобиль жолунун узундугу 2,9 миӊ ''км''. Жүктүн негизги бөлүгү Джибути порту аркылуу өтөт. Порттон 10 ''км'' аралыкта жаӊы Дорале порту курулууда (2004-жылдан). 13 аэро­порт, Джибути шаарында эл аралык аэропорт бар. Импортунун товардык наркы (987 млн дол­лар; 2004) адатта экспорттун наркынан (250 млн доллар) ашат. Негизги экспорттолчу товарла­ры: булгаары ж-а тери, кофе (транзиттик), реэкспорттук операциялар. Экспорт боюнча негиз­ги соода шериктештери: Сомали (наркынын 53%), Йемен (23%), Эфиопия (5%). Транспорт жабдуулары, азык-түлүк, нефть продуктулары, химикаттар, дары-дармек, өнөр жай буюмдары не­гизинен Франциядан (13%), Эфиопиядан (12%), Италиядан (9%), ошондой эле Индия, Кытай, Сауд Арабиясы ж. б. өлкөлөрдөн сатылып алынат. | |||
Арабиясы ж. б. өлкөлөрдөн сатылып алынат. | |||
'''Маданияты.''' Билим берүү тармагында акысыз ж-а сөзсүз түрдө 6 жылдык баштапкы билим берүү киргизилген, бирок көпчүлүк окуучулар үчүн ал Куранды окуп-үйрөнүү м-н чектелет. Баштапкы билим берүүчү мектептер мамлекеттик ж-а Рим-католик чиркөөсүнүн жетегинде. Орто мек­тептерде окутуу мөөнөтү 7 жыл. Калктын жал­пы сабаттуулугу (15 жаштан жогору) 68,6%ти түзөт (2004). Жогорку билимге ээ болууну каа­лагандар Джибу­ти университетинен билим алышат (2006). | |||
үчүн ал Куранды окуп-үйрөнүү м-н чектелет. | |||
Адабияты негизинен француз тилинде калып­танган. Джибу­ти жазуучу-акындарынын көркөм чы­гармаларында негизинен өлкөдөгү кырдаалды чагылдырган социалдык-саясий, анын ичинде африка салт-санааларынын сакталышы тууралуу масе­лелер камтылган. Драматургдар И. А. Абди, А. М. Робле, акындар Ш. Ватта, И. Й. Эльми ж. б-дын чыгармалары калк кадырлап, сүйүп окуган чыгармалардан. Айрыкча, А. Ваберинин «Көлөкөсүз өлкө» (1994) аӊгемелер жыйнагын, «Транзит» романын (2003) белгилеп кетсе болот. Музыка өнөрүндө жергиликтүү калктын – афар, сомалийликтер ж-а арабдардын салттуу өнөрү таасын байкалат. Алардын ичинен афар ырчысы – Шейх Ахмад көпчүлүккө таа­нымал. Шаарларда болсо батыш музыкасынын таасири өтө чоӊ. Апталык «La Nation de Djibouti» гезити ж. б. басылмалар чыгып ту­рат. 1978-жылы Джибу­ти маалымат агентчилиги түзүлгөн. 1956-жылы өкмөттүк радиоберүү ж-а телекөрсө­түү кызматы негизделген. Берүүлөр француз, араб, афар, сомали тилдеринде уюштурулуп, Джибути шаарында ж-а анын тегерегинде гана ук­турулат. Жеке менчик радио, телекомпания­лар жок. АКШ тарабынан каржыланган «Radio Sawa» Джибути шаарындагы станциядан Чыгыш Африкага араб тилинде уктурууларды таратат. | |||
чагылдырган социалдык-саясий, | |||
салт-санааларынын сакталышы тууралуу масе­лелер камтылган. Драматургдар И. А. Абди, А. М. Робле, акындар Ш. Ватта, И. Й. Эльми ж. б-дын чыгармалары калк кадырлап, сүйүп окуган чыгармалардан. Айрыкча, А. Ваберинин | |||
«Көлөкөсүз өлкө» (1994) аӊгемелер жыйнагын, | |||
«Транзит» романын (2003) белгилеп кетсе болот. Музыка өнөрүндө жергиликтүү калктын – афар, сомалийликтер ж-а арабдардын салттуу | |||
өнөрү таасын байкалат. Алардын ичинен | |||
афар ырчысы – Шейх Ахмад көпчүлүккө таа­нымал. Шаарларда болсо батыш музыкасынын таасири өтө чоӊ. Апталык «La Nation de Djibouti» гезити ж. б. басылмалар чыгып ту­рат. 1978- | |||
Ад.: Джибути // БРЭ, т. 8. М., 2007. [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | Ад.: Джибути // БРЭ, т. 8. М., 2007. [[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
04:06, 2 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДЖИБУ́ТИ (Djibouti), Д ж и б у т и Р е с п у б л и к а с ы (Ptpublique de Djibouti) – Африканын түндүк-чыгышындагы өлкө. Түндүгүнөн Эритерия, түштүк-чыгышынан Сомали, түштүгүнөн ж-а батышынан Эфиопия м-н чектешет. Чыгы-

шынан Кызыл деӊиздин Аден булуӊу чулгап жатат (жээк сызыгынын узундугу 314 км). Аянты 23,2 миӊ км2. Калкы 1,1 млн (2023). Борбору – Джибути шаары. Расмий тили – араб ж-а француз тилдери. Акча бирдиги – джибути франкы. Административдик аймактык жактан 5 округга бөлүнөт (к. таблицаны).
Джибути – БУУнун (1977), Африка биримдиги уюмунун (1977), Африка союзунун (2002), Блокторго кошулбаган өлкөлөр кыймылынын, Араб өлкөлөрү лигасынын (1977), Ислам конференциясы уюмунун (1994), Чыгыш ж-а Түштүк Африка жалпы рыногунун (1994), Европа биримдигинин ассоциациялык мүчөсү.Мамлекеттик түзүлүшү. Джибути – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – президенттик республика. Конституциясы 1992-жылы кабыл алынган. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Улуттук жыйын. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Саясий партиялары: Прогресс үчүн элдик биримдик партиясы (ПЭБ), Демократиялык жаӊылануу партиясы, Улуттук-демократиялык партия, Биримдик ж-а демократияны калыбына келтирүү үчүн фронту.Табияты. Аден булуӊунун жээгине абразия-аккумуляциялык түздүктөр мүнөздүү, айрым жерлери коралл рифтери м-н чектелген. Тажура булуӊунун түндүк ж-а түштүк жээктери абразия-аккумуляциялык, көбүнчө бийик, жарлуу, айрым жерлеринде кууш пляждары, сайроондор бар. Рельефине бийиктиги 2021 мге жеткен (Муса-Али чокусу, өлкөнүн эӊ бийик жери) жапыз ж-а орто бийик жанар тоо массивдеринин, жапыз лава платолорунун айкалышып жатышы мүнөздүү. Тажура булуӊунан батышта Африка материгинин эӊ чуӊкур жери – Афар ойдуӊу жайгашкан, андагы Асаль көлүнүн бети деӊиз деӊгээлинен 153 м төмөн. Өлкөнүн борбордук ж-а түштүк-батыш бөлүктөрүндөгү аккумуляциялык-денудациялык ж-а аккумуляциялык түздүктөрдүн борбордук чуӊкурчактарын туздуу көлдөр ж-а шор жерлер ээлейт.Джибутинин аймагы Чыгыш Африка рифт системасындагы Афар ойдуӊунда жайгашкан. Жер титирөө тез-тез болуп турат; катуу жер титирөөлөр 1969-, 1988-, 1994-ж. болгон. Аракеттеги жанар тоолор бар (Ардукоба жанар тоосу акыркы жолу 1978-жылы атылган). Кен байлыктары: сал тузу (Асаль көлүндө), гипс, курулуш материалдары. Терм сууларынын булактары бар. Климаты тропиктик, кургакчыл. Январдын орточо температурасы 25°С, июлдуку 35°С. Жылдык жаан-чачынынын өлчөмү 50 ммден (Асаль көлүнүн
жээгинде) 300 ммге чейин (Тажура булуӊунун түндүк тарабындагы тоо капталдарында). Джибутинин аймагы кургак сайлар (уэддер) м-н жыш тилмеленген, туруктуу аккан дарыясы жок. Эфиопия м-н чектешкен жерде өлкөдөгү жалгыз тузсуз көл – Аббе жайгашкан.
Кылкан-бадалдуу жарым чөл өсүмдүктөрү басымдуу, ага суйдаӊ чөп өсүмдүктөрү ж-а сейрек өскөн жапыз акациялар мүнөздүү. Шор жерлерде споробол, сведа үстөмдүк кылган галофит өсүмдүктөрү өсөт. Дай улуттук паркында (аянты 10 миӊ га) арчалуу сейрек токой массиви корголот. Аден булуӊун жээктей мангр токою өсөт. Калкы. Джибутинин негизги калкы – куштар (89,5%), анын 48,3%ин афарлар, 41,2%ин сомалилер түзөт. Ошондой эле арабдар (7,5%), француздар (2,3%), амхаралар (0,4%), гректер (0,2%), индия-пакистандыктар ж. б. жашайт. Калкынын табигый
өсүшү 2%; 1000 кишинин ичинен төрөлгөндөрү 35,5, өлгөндөрү 19,3 (2006). Фертилдүүлүктүн эӊ жогорку көрсөткүчүнө (ар бир аялга 5,3 бала туура келет) байланыштуу жаш балдардын өлүмү өтө жогору (1000 адамга 102 бала). Калктын курактык структурасы: 14 жашка чейинкилер – 43,4%, 15–64 жаштагылар – 53,3%, 65тен ашкандар – 3,3%. Калктын орточо курагы 18,2 жаш.
Өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 43,2 жаш (эркектердики – 41,9, аялдардыкы – 44,5 жаш). 105 эркекке 100 аял туура келет. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 34 адам. Өлкөнүн калкынын 81% Джибути шаарында (642,8 миӊ; 2007) жашайт; башка ири шаарлары: Али-Сабих (калкы 41,3 миӊ), Тажура (22,9 миӊ), Обок (18,3). Экономикалык активдүү калкы 282 миӊ.
Тарыхы. Джибутинин түндүгүн б. з. ч. 3-кылымда Арабиядан келген байыркы афар уруулары ээлешкен. Биздин эранын башында афарларды сомалилик исса уруулары сүрүп чыгарат. 825-жылдан ислам дини таркай баштаган. Андан кийин Джибутинин 19-кылымдын ортосуна чейинки тарыхы Сомали жарым аралынын калган бөлүктөрүнүн тарыхы м-н байланыштуу (к. Сомали Республикасы). 1862-жылы француздар Обок портун сатып алган. 1888-жылы Француз Сомалисинин бир бөлүгү катары басып алынып, 1896-жылдан Франциянын колониясына айланган ж-а Джибути шаары анын борбору болуп калган. 1897-жылы Эфиопия м-н Франциянын ортосундагы келишим боюнча темир жол куруу маселеси чечилип, 1917-жылы Джибути м-н Аддис-Абебаны байланыштырган жол курулуп бүткөн. 1946-жылы Джибутиге Франциянын «Алыскы деӊиз аймагы» статусу ыйгарылган. 1960-жылдардын аягында Сомали Республикасынын колдоосу м-н исса улутчулдары негизинен афарлардан ж-а француздардан турган өкмөткө каршы партизандык согушту башташкан. 1967-жылы июндан Франциянын Афарлар ж-а Иссалар аймагы деп аталып, өз алдынча башкаруу укугуна ээ болгон. 1977-жылы 27-июнда өлкө көз каранды эместикке жетишип, Джибути республикасы деп аталды. Өлкөнүн биринчи президенти болуп Хасан Гулед Аптидон шайланды. 1981-жылы ал экинчи жолу шайланып, ошол эле жылы өлкөдө бир партиялык система киргизилген. 1993-жылы ал 6 жылдык мөөнөткө төртүнчү ирет президенттикке шайланган. 1991-жылдан өлкөдө оппозициялык партия – Биримдик ж-а демократияны калыбына келтирүү үчүн фронтунун (БДККФ) таасири жогорулады. 1993-жылдагы шайлоодон кийин өлкөдө өкмөттүк аскерлер м-н БДККФтин ортосунда куралдуу кагылышуулар башталды. 1996-жылы каршылаштар ортосунда тынчтык жарашуу келишимине кол коюлуп, 1997-жылы парламенттик шайлоодо БДККФ м-н Прогресс үчүн элдик биримдик партиясы жеӊишке жетишти. 1999-жылы президенттик шайлоодо ПЭБдин өкүлү Омар Гуллех жеӊип чыкты.
Чарбасы. Джибути – экономикасы динамикалуу өнүккөн

өлкө. Экономикасы Джибути портунун, эл аралык аэропорттун, Джибути – Аддис -Абеба темир жолунун иштөөсүнө, эмгек мигранттарынан түшкөн акчага байланыштуу; жалпысынан соода-сатыкка ж-а аны тейлөөгө багытталган. Экономикасына сырткы жардамдар ж-а чет өлкөлүк капитал кеӊири тартылат. Финансы сектору джибути франкынын (АКШ долларына байланыштырылган) эркин алмашуусуна шарт түзгөн. Чет өлкөлүк аскер бөлүкчөлөрүнөн (Франция, АКШ, Германия аскер деӊиз флотторунун базаларынан) түшкөн кирешенин да мааниси зор. ИДПнин өлчөмү 1,6 млрд доллар (сатып алуусуна жараша; 2005); аны киши башына бөлүштүргөндө 2000 доллардан туура келет. ИДПнин реалдуу өсүмү 3,2% (2005). ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 81%, өнөр жайыныкы 16%, айыл чарбасыныкы 3%.
Өнөр жайы начар өнүккөн; өнөр жайлуу негизги борбору – Джибути шаары. Айыл чарба сырьёсун ж-а деӊиз продуктуларын кайра иштетүүчү, тамак-аш (сүт, ун, кондитердик азыктарды, минералдуу суу чыгаруучу заводдор), текстиль, булгаары, кагаз, фармацевтика боюнча чакан өнөр жай ишканалары басымдуу. Джибути портунда нефтини кайра иштетүүчү ж-а сактоочу, курулуш материалдарын, деӊиз тузун чыгаруучу заводдор, механикалык ж-а тигүү устаканалары иштейт. Өндүрүлгөн электр энер-

гиясы (240 млн кВт · с; 6 ЖЭС иштейт) өлкөнүн ички муктаждыгын (223,2 млн кВт · с; 2003) толук камсыз кылат. Асаль көлү ченде геотермалдык станциясы курулууда (2007).
Айыл ж-а балык чарбалары калктын азык-түлүккө болгон муктаждыгын 10%ке чейин гана канааттандырат. Айдоо жери жокко эсе. Айыл чарбасынын негизги багыты – көчмөн ж-а жартылай көчмөн мал (эчки, кой, төө, уй, эшек) чарбасы. Негизинен жашылча, бакча, мөмө-жемиш өстүрүлөт. Балык ж-а бермет, коралл, деӊиз былпылдагын уулоо өнүккөн.
Джибути – Адис-Абеба темир жолу иштейт (Джибути жак бөлүгүнө Эфиопия м-н кошо ээлик кылат;
узундугу 106 км). Автомобиль жолунун узундугу 2,9 миӊ км. Жүктүн негизги бөлүгү Джибути порту аркылуу өтөт. Порттон 10 км аралыкта жаӊы Дорале порту курулууда (2004-жылдан). 13 аэропорт, Джибути шаарында эл аралык аэропорт бар. Импортунун товардык наркы (987 млн доллар; 2004) адатта экспорттун наркынан (250 млн доллар) ашат. Негизги экспорттолчу товарлары: булгаары ж-а тери, кофе (транзиттик), реэкспорттук операциялар. Экспорт боюнча негизги соода шериктештери: Сомали (наркынын 53%), Йемен (23%), Эфиопия (5%). Транспорт жабдуулары, азык-түлүк, нефть продуктулары, химикаттар, дары-дармек, өнөр жай буюмдары негизинен Франциядан (13%), Эфиопиядан (12%), Италиядан (9%), ошондой эле Индия, Кытай, Сауд Арабиясы ж. б. өлкөлөрдөн сатылып алынат.
Маданияты. Билим берүү тармагында акысыз ж-а сөзсүз түрдө 6 жылдык баштапкы билим берүү киргизилген, бирок көпчүлүк окуучулар үчүн ал Куранды окуп-үйрөнүү м-н чектелет. Баштапкы билим берүүчү мектептер мамлекеттик ж-а Рим-католик чиркөөсүнүн жетегинде. Орто мектептерде окутуу мөөнөтү 7 жыл. Калктын жалпы сабаттуулугу (15 жаштан жогору) 68,6%ти түзөт (2004). Жогорку билимге ээ болууну каалагандар Джибути университетинен билим алышат (2006).
Адабияты негизинен француз тилинде калыптанган. Джибути жазуучу-акындарынын көркөм чыгармаларында негизинен өлкөдөгү кырдаалды чагылдырган социалдык-саясий, анын ичинде африка салт-санааларынын сакталышы тууралуу маселелер камтылган. Драматургдар И. А. Абди, А. М. Робле, акындар Ш. Ватта, И. Й. Эльми ж. б-дын чыгармалары калк кадырлап, сүйүп окуган чыгармалардан. Айрыкча, А. Ваберинин «Көлөкөсүз өлкө» (1994) аӊгемелер жыйнагын, «Транзит» романын (2003) белгилеп кетсе болот. Музыка өнөрүндө жергиликтүү калктын – афар, сомалийликтер ж-а арабдардын салттуу өнөрү таасын байкалат. Алардын ичинен афар ырчысы – Шейх Ахмад көпчүлүккө таанымал. Шаарларда болсо батыш музыкасынын таасири өтө чоӊ. Апталык «La Nation de Djibouti» гезити ж. б. басылмалар чыгып турат. 1978-жылы Джибути маалымат агентчилиги түзүлгөн. 1956-жылы өкмөттүк радиоберүү ж-а телекөрсөтүү кызматы негизделген. Берүүлөр француз, араб, афар, сомали тилдеринде уюштурулуп, Джибути шаарында ж-а анын тегерегинде гана уктурулат. Жеке менчик радио, телекомпаниялар жок. АКШ тарабынан каржыланган «Radio Sawa» Джибути шаарындагы станциядан Чыгыш Африкага араб тилинде уктурууларды таратат.
Ад.: Джибути // БРЭ, т. 8. М., 2007.