ДИДРО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИДРО́''' Дени (5. 10. 1713, Лангр – 31. 7. 1784, | '''ДИДРО́''' '''Дени''' (5. 10. 1713, Лангр – 31. 7. 1784, Париж) – француз жазуучусу, философ-агар­туучу, XVIII кылымдагы Петербург Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү (1773). 1732-жылы искусство магистри деген наам алган. «Энциклопедия же илимдердин, ис­кусствонун жана кол өнөрчүлүктүн түшүндүрмө сөздүгүнүн» негиздөөчүсү жана редактору. Анын философиялык алгачкы чыгармалары деизм духунда жазылган. | ||
Париж) – француз жазуучусу, философ-агар­туучу, | |||
[[File:ДИДРО1.png | thumb | Д. Дидро. Л. М. Ван­лоо тарткан портрет. 1767. Лувр. Париж.]] | [[File:ДИДРО1.png | thumb | Д. Дидро. Л. М. Ван­лоо тарткан портрет. 1767. Лувр. Париж.]] | ||
«Табиятты түшүндүрүү жөнүндө ой­лор» (1754), «д’Аламбердин Дидро менен сүй­лөшкөнү», «д’Аламбердин түшү» (1769), «Мате­риянын жана кыймылдын философиялык прин­циптери» (1770) жана башка философиялык чыгармаларында Дидро материалисттик идеяны жактаган. Дидро «Салондор» жана башка эмгектеринде классицизм өкүлдөрүн сындап, буржуазиялык турмуштун абалын так көрсөткөн. Ай­рым пьесаларында жакшылык менен жамандык­тын татаал диалектикасы көрсөтүлөт. XVIII кылымдагы реализмдин эң жогорку баскычы саналган Дидронун прозасы клерикализмге каршы жазыл­ган «Кечил аял» жана «Рамонун жээни» роман­дарынан турат. Бул романдар XVIII кылымдын чегинен чыгып, XIX кылымдагы реалисттик романга жакын­даган. Дидро агартуу ишине да чоң маани берген. | |||
чыгып, | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
04:32, 7 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИДРО́ Дени (5. 10. 1713, Лангр – 31. 7. 1784, Париж) – француз жазуучусу, философ-агартуучу, XVIII кылымдагы Петербург Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү (1773). 1732-жылы искусство магистри деген наам алган. «Энциклопедия же илимдердин, искусствонун жана кол өнөрчүлүктүн түшүндүрмө сөздүгүнүн» негиздөөчүсү жана редактору. Анын философиялык алгачкы чыгармалары деизм духунда жазылган.

«Табиятты түшүндүрүү жөнүндө ойлор» (1754), «д’Аламбердин Дидро менен сүйлөшкөнү», «д’Аламбердин түшү» (1769), «Материянын жана кыймылдын философиялык принциптери» (1770) жана башка философиялык чыгармаларында Дидро материалисттик идеяны жактаган. Дидро «Салондор» жана башка эмгектеринде классицизм өкүлдөрүн сындап, буржуазиялык турмуштун абалын так көрсөткөн. Айрым пьесаларында жакшылык менен жамандыктын татаал диалектикасы көрсөтүлөт. XVIII кылымдагы реализмдин эң жогорку баскычы саналган Дидронун прозасы клерикализмге каршы жазылган «Кечил аял» жана «Рамонун жээни» романдарынан турат. Бул романдар XVIII кылымдын чегинен чыгып, XIX кылымдагы реалисттик романга жакындаган. Дидро агартуу ишине да чоң маани берген.