ДИЕН СИНТЕЗИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИЕ́Н СИНТЕЗИ''' , Д и л ь с-А л ь д е р р е а к­ц и я с ы – молекуладагы кош байланыштары жанаша турган СО, СООН, CN, NO<sub>2 </sub>топторунун таасиринде активдүү касиетке ээ каныкпаган | '''ДИЕ́Н СИНТЕЗИ''' , Д и л ь с-А л ь д е р р е а к­ц и я с ы – молекуладагы кош байланыштары жанаша турган СО, СООН, CN, NO<sub>2 </sub>топторунун таасиринде активдүү касиетке ээ каныкпаган бирикмелер диен углеводороддорун кошуп алып, алты мүчөлүү циклдүү бирикмелерди пайда кы­луу реакциясы. Диен синтезинде 1,3-диендер м-н этилен катарындагы углеводороддордун ортосундагы реакциялар жай жүрөт ж-а продуктунун чыгы­шы анчейин көп болбойт. Эгерде этилен углево­дороддору терс индукциялык эффектиге ээ болгон атом топтору м-н активдештирилген болсо, реакция алда канча тез жүрөт ж-а реагенттер­дин бардыгы реакцияга калдыксыз кирет. Мын­дай диенофилдерге, акролеин, кротон альдеги­ди, акрилонитрил, малеин ангидрид ж. б. тие­шелүү. Диенофилдер катары нитробирикмелер, азобирикмелер ж. б. да колдонулат. Диендер­дин кызматын бутадиен, гетерциклдүү бирик­мелер, мисалы, фуран да аткарат. Диен синтезин 1928-жылы немис химиктери О. Дильс ж-а К. Альдер ач­кан. Диен синтези органикалык синтезде, анын ичинде стероиддерди, дары­ларды ж. б. синтездөөдө кеңири колдонулат. | ||
бирикмелер диен углеводороддорун кошуп алып, алты мүчөлүү циклдүү бирикмелерди пайда кы­луу реакциясы. | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
02:29, 14 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИЕ́Н СИНТЕЗИ , Д и л ь с-А л ь д е р р е а кц и я с ы – молекуладагы кош байланыштары жанаша турган СО, СООН, CN, NO2 топторунун таасиринде активдүү касиетке ээ каныкпаган бирикмелер диен углеводороддорун кошуп алып, алты мүчөлүү циклдүү бирикмелерди пайда кылуу реакциясы. Диен синтезинде 1,3-диендер м-н этилен катарындагы углеводороддордун ортосундагы реакциялар жай жүрөт ж-а продуктунун чыгышы анчейин көп болбойт. Эгерде этилен углеводороддору терс индукциялык эффектиге ээ болгон атом топтору м-н активдештирилген болсо, реакция алда канча тез жүрөт ж-а реагенттердин бардыгы реакцияга калдыксыз кирет. Мындай диенофилдерге, акролеин, кротон альдегиди, акрилонитрил, малеин ангидрид ж. б. тиешелүү. Диенофилдер катары нитробирикмелер, азобирикмелер ж. б. да колдонулат. Диендердин кызматын бутадиен, гетерциклдүү бирикмелер, мисалы, фуран да аткарат. Диен синтезин 1928-жылы немис химиктери О. Дильс ж-а К. Альдер ачкан. Диен синтези органикалык синтезде, анын ичинде стероиддерди, дарыларды ж. б. синтездөөдө кеңири колдонулат.