ДИЗЕНТЕРИЯ: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИЗЕНТЕРИ́Я''' (гр. dys... – бузулуу, tnteron – | '''ДИЗЕНТЕРИ́Я''' (гр. dys... – бузулуу, tnteron – ичеги) – жоон ичегини жабыркатып, ич өткөрүүчү ж-а жалпы денени ууландыруучу ка­туу кармама жугуштуу оору. Ооруну ичеги бак­териясы козгойт. Дизентериянын козгогучу сырткы чөйрөнүн ар кандай шартына өтө туруктуу. Айрыкча, сүт, каймак, май, быштак, камкай­мак, бышкан эт ж-а жашылчадан даярдалган тамак-ашта бир нече күнгө, булганган сууда, жер кыртышында 3–5 айча ж-а акыр-чикир таштоо­чу чуңкурда, көлмөдө 50 күнгө чейин сакталат. Дизентерия таякчалары оорулуудан же бактерия алып жүрүүчүдөн анын заңы м-н сыртка бөлүнүп, жер кыртышын булгайт. Кишиге булганган сууну ичкенде, тамак-ашты жегенде, кир колдон, бул­ганган буюмдардан жугат. Дизентериянын козгогучун чымындар да таратышы мүмкүн; ал канатына, бутуна дизентерия таякчаларын жабыштырып, тамак­ка конуп, аларды булгайт. Бактерия ооз аркы­луу ичегиге түшүп, ал жерде көбөйөт. Карынга түшкөн бактериянын бир катары өлүп, уу зат – эндоксин бөлүп чыгарат. Ал ичегиден канга өтүп, жалпы организмди ууландырат. Бир катар мик­роб жоон ичегиге келип, көбөйүп, ичегини жара кылып жиберет. Оорунун жашыруун мезгили 2–7 күнгө, өтө оор учуру бир нече саатка чейин созулушу мүмкүн. Дизентерия өтө катуу башталат. Оору­ган кишинин алы кетет, чыйрыгат, денеси ысыйт. Ичи бурап, толгоо сыяктуу ооруп, сут­касына 10–25 жолу кан, ириң, көбүк аралаш өтөт, ошондой эле оорулуу ыйынат. Дизентерия амёбасы жоон ичегиге кирип, көбөйүп а м ё б а л ы к дизентерия пайда кылат. Жоон ичеги жараланып, андан кан агат, ичеги жарылат же тарыйт. Жашы­руун мезгили 1 жумадан 3 айга чейин ж-а ан­дан да көп. Ооруган адамды врач келгенче өзүнчө бөлмөгө жаткызып, буюмдарын бөлүп коюу за­рыл. Оорунун алдын алууда тазалыкты ж-а та­мак-ашты туура сактоо, жашылча-жемишти кайнак сууга жууп, оорулуу колдонгон буюм­дарды өз убагында жугушсуздандыруу ишин жүргүзүү талапка ылайык. | ||
өткөрүүчү ж-а жалпы денени ууландыруучу ка­туу кармама жугуштуу оору. Ооруну ичеги бак­териясы козгойт. | |||
чөйрөнүн ар кандай шартына өтө туруктуу. Айрыкча, сүт, каймак, май, быштак, камкай­мак, бышкан эт ж-а жашылчадан даярдалган тамак-ашта бир нече күнгө, булганган сууда, жер кыртышында 3–5 айча ж-а акыр-чикир таштоо­чу чуңкурда, көлмөдө 50 күнгө чейин сакталат. | |||
чымындар да таратышы мүмкүн; ал канатына, | |||
бутуна | |||
өтөт, | |||
ичегиге кирип, көбөйүп а м ё б а л ы к | |||
Ад.: Инфекционные болезни и эпидемиология. 2-е изд. М., 2004. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | Ад.: Инфекционные болезни и эпидемиология. 2-е изд. М., 2004. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
02:41, 14 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИЗЕНТЕРИ́Я (гр. dys... – бузулуу, tnteron – ичеги) – жоон ичегини жабыркатып, ич өткөрүүчү ж-а жалпы денени ууландыруучу катуу кармама жугуштуу оору. Ооруну ичеги бактериясы козгойт. Дизентериянын козгогучу сырткы чөйрөнүн ар кандай шартына өтө туруктуу. Айрыкча, сүт, каймак, май, быштак, камкаймак, бышкан эт ж-а жашылчадан даярдалган тамак-ашта бир нече күнгө, булганган сууда, жер кыртышында 3–5 айча ж-а акыр-чикир таштоочу чуңкурда, көлмөдө 50 күнгө чейин сакталат. Дизентерия таякчалары оорулуудан же бактерия алып жүрүүчүдөн анын заңы м-н сыртка бөлүнүп, жер кыртышын булгайт. Кишиге булганган сууну ичкенде, тамак-ашты жегенде, кир колдон, булганган буюмдардан жугат. Дизентериянын козгогучун чымындар да таратышы мүмкүн; ал канатына, бутуна дизентерия таякчаларын жабыштырып, тамакка конуп, аларды булгайт. Бактерия ооз аркылуу ичегиге түшүп, ал жерде көбөйөт. Карынга түшкөн бактериянын бир катары өлүп, уу зат – эндоксин бөлүп чыгарат. Ал ичегиден канга өтүп, жалпы организмди ууландырат. Бир катар микроб жоон ичегиге келип, көбөйүп, ичегини жара кылып жиберет. Оорунун жашыруун мезгили 2–7 күнгө, өтө оор учуру бир нече саатка чейин созулушу мүмкүн. Дизентерия өтө катуу башталат. Ооруган кишинин алы кетет, чыйрыгат, денеси ысыйт. Ичи бурап, толгоо сыяктуу ооруп, суткасына 10–25 жолу кан, ириң, көбүк аралаш өтөт, ошондой эле оорулуу ыйынат. Дизентерия амёбасы жоон ичегиге кирип, көбөйүп а м ё б а л ы к дизентерия пайда кылат. Жоон ичеги жараланып, андан кан агат, ичеги жарылат же тарыйт. Жашыруун мезгили 1 жумадан 3 айга чейин ж-а андан да көп. Ооруган адамды врач келгенче өзүнчө бөлмөгө жаткызып, буюмдарын бөлүп коюу зарыл. Оорунун алдын алууда тазалыкты ж-а тамак-ашты туура сактоо, жашылча-жемишти кайнак сууга жууп, оорулуу колдонгон буюмдарды өз убагында жугушсуздандыруу ишин жүргүзүү талапка ылайык.
Ад.: Инфекционные болезни и эпидемиология. 2-е изд. М., 2004.