ДИНА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ДИНА''' (гр. ''dynamis –'' күч) – күчтүн СГС систе&shy;масындагы бирдиги (дин, ''dyn''). Д. – массасы 1 ''г'' болгон нерсеге 1 ''см/с''<sup>2 </sup>ылдамданууну өткөрүүчү күч. Белгилениши ''дин.'' 1 ''дин='' 1 ''г · см/с''<sup>2</sup>=10<sup>–5 </sup>''Н''=1,02·10<sup>–6 </sup>''кгк.'' Д. бирдиги 1980-жылдан тар&shy;тып колдонулбайт. [[Категория:3-том, 86-170 бб]]
'''ДИ&#769;НА''' '''Нурпейисова''' (1861, Казакстан, Жаңы&shy;кала району – 31. 1. 1955, Алматы) – домбрачы, күүчү, композитор, казак маданиятынын көрүнүктүү ишмери, Казак эл артисти (1944). Дина 8–9 жашында домбра чертүүнү үйрөнгөн. Курмангазы менен жо&shy;лугушуусу (1870) чыгармачылык жолунда чечүүчү роль ойногон. Курмангазы Динанын талантына көңүлү толуп, ага чоң үмүт артат, өзүнө шакирт кы&shy;лып алат. Дина устатынан күүчүлүк-аткаруучулук өнөрүнүн өзгөчөлүктөрүн, стилин, чеберчилигин өздөштүрүп, мектебинен өтүү Динанын домб&shy;рачылык өнөрүн өргө көтөрөт. Ал өзү да күү чы&shy;гара баштайт. Динанын алгачкы «Булбул», «Бай&shy;жума», «Көгөнтүп» аттуу күүлөрүндө элдин күүчүлүк салты ачык-айкын сезилет. Динанын чыгармачылыгы&shy;нын такшалышы, күүчүлүк,&shy; аткаруучулук өнөрүнүн өр&shy;күндөшү совет дооруна туш келди.


[[File:ДИНА5.png | thumb | none]]1937-жылы Элдик өнөр&shy;поздордун республикалык кароосунда 1-байгеге ээ болгон, 1939-жылы Москвада өткөн элдик му&shy;зыка аспаптарында атка&shy;руучулардын бүткүл союздук кароосунда 1-орунду ээлеп, «Домбранын Жамбы&shy;лы» аталган. Анын салтанаттуу, өзгөчө бир шаттыкка толгон «Той баштары», көркөм ыр&shy;гактуу «Булбулу» менен «Асем коңуру» – жагым&shy;дуу үн, терең мазмун менен жаңы багыттагы казак күүлөрүнө негиз салган чоң табылга. Күүчү мез&shy;гил чындыгын чыгармаларында бийик чабыт, толкундатуучу сезим менен күүгө салды («Жеңиш», «Эне аманаты», «Сегизинчи март», «Саанчы», «Эмгек баатыры» жана башкалар). Курмангазынын, Дав&shy;леткерейдин, Түркештин салтын өнүктүрүп, өз мезгилиндеги казак күүчүлүк өнөрүн жаңы би&shy;йиктикке көтөрдү. Анын чыгармачылыгы, чеберчили&shy;ги тууралуу А. Жубанов, Г. Бисенова, Ж. Рсал&shy;дин жана башка изилдөөчүлөр жазды. С. Бакбергенов&shy;дун «Кайран энем» (1963) романы, башка көптө&shy;гөн эмгектер жаралды. Динанын аты музыкалык мектеп&shy;терге, шаар көчөлөрүнө коюлган. 1996-жылдан жыл сайын домбрачы жаш өспүрүм кыздар ара&shy;сында Дина атындагы «Булбул домбра» аттуу республикалык ка&shy;роо өткөрүлөт. Дина эки Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Казактардын музыкалык маданияты. А.-А., 1957; ''Жубанов А.'' Гасырлар пернеси (Кылымдар кы&shy;лы). А.-А., 1975; ''Ахметова М., Ерзакович Б., Жуба&shy;нов А.'' Советтик Казакстандын музыкасы. А.-А., 1975.
''Ч. Жумагулов.'' [[Категория:3-том, 86-170 бб]]

09:47, 7 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ДИ́НА Нурпейисова (1861, Казакстан, Жаңы­кала району – 31. 1. 1955, Алматы) – домбрачы, күүчү, композитор, казак маданиятынын көрүнүктүү ишмери, Казак эл артисти (1944). Дина 8–9 жашында домбра чертүүнү үйрөнгөн. Курмангазы менен жо­лугушуусу (1870) чыгармачылык жолунда чечүүчү роль ойногон. Курмангазы Динанын талантына көңүлү толуп, ага чоң үмүт артат, өзүнө шакирт кы­лып алат. Дина устатынан күүчүлүк-аткаруучулук өнөрүнүн өзгөчөлүктөрүн, стилин, чеберчилигин өздөштүрүп, мектебинен өтүү Динанын домб­рачылык өнөрүн өргө көтөрөт. Ал өзү да күү чы­гара баштайт. Динанын алгачкы «Булбул», «Бай­жума», «Көгөнтүп» аттуу күүлөрүндө элдин күүчүлүк салты ачык-айкын сезилет. Динанын чыгармачылыгы­нын такшалышы, күүчүлүк,­ аткаруучулук өнөрүнүн өр­күндөшү совет дооруна туш келди.


1937-жылы Элдик өнөр­поздордун республикалык кароосунда 1-байгеге ээ болгон, 1939-жылы Москвада өткөн элдик му­зыка аспаптарында атка­руучулардын бүткүл союздук кароосунда 1-орунду ээлеп, «Домбранын Жамбы­лы» аталган. Анын салтанаттуу, өзгөчө бир шаттыкка толгон «Той баштары», көркөм ыр­гактуу «Булбулу» менен «Асем коңуру» – жагым­дуу үн, терең мазмун менен жаңы багыттагы казак күүлөрүнө негиз салган чоң табылга. Күүчү мез­гил чындыгын чыгармаларында бийик чабыт, толкундатуучу сезим менен күүгө салды («Жеңиш», «Эне аманаты», «Сегизинчи март», «Саанчы», «Эмгек баатыры» жана башкалар). Курмангазынын, Дав­леткерейдин, Түркештин салтын өнүктүрүп, өз мезгилиндеги казак күүчүлүк өнөрүн жаңы би­йиктикке көтөрдү. Анын чыгармачылыгы, чеберчили­ги тууралуу А. Жубанов, Г. Бисенова, Ж. Рсал­дин жана башка изилдөөчүлөр жазды. С. Бакбергенов­дун «Кайран энем» (1963) романы, башка көптө­гөн эмгектер жаралды. Динанын аты музыкалык мектеп­терге, шаар көчөлөрүнө коюлган. 1996-жылдан жыл сайын домбрачы жаш өспүрүм кыздар ара­сында Дина атындагы «Булбул домбра» аттуу республикалык ка­роо өткөрүлөт. Дина эки Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Ад.: Казактардын музыкалык маданияты. А.-А., 1957; Жубанов А. Гасырлар пернеси (Кылымдар кы­лы). А.-А., 1975; Ахметова М., Ерзакович Б., Жуба­нов А. Советтик Казакстандын музыкасы. А.-А., 1975.

Ч. Жумагулов.