ДИНАМИКА (механиканын бөлүмү): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (Temirkan moved page ДИНАМИКА 1 to ДИНАМИКА (механиканын бөлүмү)) |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИНА́МИКА | '''ДИНА́МИКА''' (гр. denamikos – күч) – механика­нын бөлүмү; сырткы күч таасир кылгандагы ма­териалдык нерсенин кыймылын изилдейт. Клас­сикалык Динамика Ньютондун закондоруна негиздел­ген. Н ь ю т о н д у н 1-закону (инерция зако­ну): эгерде материалдык чекитке эч бир күч ара­кет этпесе же аракет эткен күчтөр өз ара тең сал­макта болсо, анда материалдык чекит тынч аба­лын же бир калыптагы түз сызыктуу кыймы­лын сактайт. Материалдык чекиттин мындай абалы, инерциялык абал ж-а анын ошол абал­ды сактап туруу касиети инерттүүлүк касиети деп аталат. Н ь ю т о н д у н 2-закону Динамиканын негизги теңдемеси болот. Эгерде материалдык чекитке күч аракет этсе, ал инерциялуу эсептөө системасына салыштырмалуу ылдамдатылган кыймылга келет ж-а чекит массасынын анын ылдамдануусуна болгон көбөйтүндүсү аракет эт­кен күчкө барабар: ''F=ma''. Материалдык чекит­ке бир эле учурда бир нече күч аракет этсе, на­тыйжалоочу күч суперпозиция принциби боюнча аныкталат. Ошондуктан натыйжалоочу күч материалдык чекитке аракет эткен күчтөрдүн вектордук суммасына барабар. Ньютондун 3-за­кону нерселердин өз ара аракеттенишүү закону: эки материалдык чекит, абсолюттук чоңдуктары боюнча бирдей ж-а чекиттерди туташтырган сызыкты бойлоп, бири-бирине карама-каршы багыттал­ган күчтөр м-н аракет этишет (F<sub>1</sub>= – F<sub>2</sub>). Динамикада типтүү эки маселе каралат: Т ү з м а с е л е. Нерсенин баштапкы абалы, массасы ж-а ага аракет эткен күч белгилүү. Нерсенин ылдамда­нуусун, анын кыймыл теңдемесин таап, траек­ториясын аныктоо. Т е с к е р и м а с е л е. Материалдык чекиттин кыймыл теңдемеси, массасы белгилүү. Материалдык чекитке аракет эткен күч аныкталат. Катуу нерсенин айлануу кыймылы үчүн Динамиканын негизги теңдемеси Нью­тондун 2-законунан келип чыгат. Кыймылсыз октун айланасында катуу нерсенин айлануу кыймылы үчүн негизги теңдеме: Mz=Izε, мында M – айландыруучу момент нерсеге аракет эт­кен күчтөрдүн моменттеринин суммасына бара­бар, Iz – нерсенин айлануу огуна салыштыр­малуу инерция моменти, ε – бурчтук ылдам­дануу. Негизги теңдеменин жардамы м-н айла­нуу кыймылынын теңдемеси табылат; экинчи маселесинде, тескерисинче, нерсенин кыймыл теңдемеси, анын инерция моменти белгилүү болсо, ага аракет эткен күчтүн моменти анык­талат. | ||
чекитке күч аракет этсе, ал инерциялуу эсептөө | |||
системасына салыштырмалуу ылдамдатылган кыймылга келет ж-а чекит массасынын анын ылдамдануусуна болгон көбөйтүндүсү аракет эт­кен күчкө барабар: ''F=ma''. Материалдык чекит­ке бир эле учурда бир нече күч аракет этсе, на­тыйжалоочу күч суперпозиция принциби | |||
материалдык чекитке аракет эткен күчтөрдүн вектордук суммасына барабар. Ньютондун 3-за­кону нерселердин өз ара аракеттенишүү закону: эки материалдык чекит, | |||
типтүү эки маселе каралат: Т ү з м а с е л е. | |||
Нерсенин баштапкы абалы, массасы ж-а ага аракет эткен күч белгилүү. Нерсенин ылдамда­нуусун, анын кыймыл теңдемесин таап, траек­ториясын аныктоо. Т е с к е р и м а с е л е. Материалдык чекиттин кыймыл теңдемеси, массасы белгилүү. Материалдык чекитке аракет эткен күч аныкталат. Катуу нерсенин айлануу кыймылы үчүн | |||
M – айландыруучу момент нерсеге | |||
Ад.: Машиностроение: Энциклопедия. М., 1999. Раз­дел 1. Т. 1–2: Теоретическая механика. Термодина­мика. Теплообен; Курс теоретической механики /Под ред. К. С. Колесникова. М., 2000. Т. 1. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | Ад.: Машиностроение: Энциклопедия. М., 1999. Раз­дел 1. Т. 1–2: Теоретическая механика. Термодина­мика. Теплообен; Курс теоретической механики /Под ред. К. С. Колесникова. М., 2000. Т. 1. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
10:00, 7 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИНА́МИКА (гр. denamikos – күч) – механиканын бөлүмү; сырткы күч таасир кылгандагы материалдык нерсенин кыймылын изилдейт. Классикалык Динамика Ньютондун закондоруна негизделген. Н ь ю т о н д у н 1-закону (инерция закону): эгерде материалдык чекитке эч бир күч аракет этпесе же аракет эткен күчтөр өз ара тең салмакта болсо, анда материалдык чекит тынч абалын же бир калыптагы түз сызыктуу кыймылын сактайт. Материалдык чекиттин мындай абалы, инерциялык абал ж-а анын ошол абалды сактап туруу касиети инерттүүлүк касиети деп аталат. Н ь ю т о н д у н 2-закону Динамиканын негизги теңдемеси болот. Эгерде материалдык чекитке күч аракет этсе, ал инерциялуу эсептөө системасына салыштырмалуу ылдамдатылган кыймылга келет ж-а чекит массасынын анын ылдамдануусуна болгон көбөйтүндүсү аракет эткен күчкө барабар: F=ma. Материалдык чекитке бир эле учурда бир нече күч аракет этсе, натыйжалоочу күч суперпозиция принциби боюнча аныкталат. Ошондуктан натыйжалоочу күч материалдык чекитке аракет эткен күчтөрдүн вектордук суммасына барабар. Ньютондун 3-закону нерселердин өз ара аракеттенишүү закону: эки материалдык чекит, абсолюттук чоңдуктары боюнча бирдей ж-а чекиттерди туташтырган сызыкты бойлоп, бири-бирине карама-каршы багытталган күчтөр м-н аракет этишет (F1= – F2). Динамикада типтүү эки маселе каралат: Т ү з м а с е л е. Нерсенин баштапкы абалы, массасы ж-а ага аракет эткен күч белгилүү. Нерсенин ылдамдануусун, анын кыймыл теңдемесин таап, траекториясын аныктоо. Т е с к е р и м а с е л е. Материалдык чекиттин кыймыл теңдемеси, массасы белгилүү. Материалдык чекитке аракет эткен күч аныкталат. Катуу нерсенин айлануу кыймылы үчүн Динамиканын негизги теңдемеси Ньютондун 2-законунан келип чыгат. Кыймылсыз октун айланасында катуу нерсенин айлануу кыймылы үчүн негизги теңдеме: Mz=Izε, мында M – айландыруучу момент нерсеге аракет эткен күчтөрдүн моменттеринин суммасына барабар, Iz – нерсенин айлануу огуна салыштырмалуу инерция моменти, ε – бурчтук ылдамдануу. Негизги теңдеменин жардамы м-н айлануу кыймылынын теңдемеси табылат; экинчи маселесинде, тескерисинче, нерсенин кыймыл теңдемеси, анын инерция моменти белгилүү болсо, ага аракет эткен күчтүн моменти аныкталат.
Ад.: Машиностроение: Энциклопедия. М., 1999. Раздел 1. Т. 1–2: Теоретическая механика. Термодинамика. Теплообен; Курс теоретической механики /Под ред. К. С. Колесникова. М., 2000. Т. 1.