ДИОКЛЕТИАН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИОКЛЕТИА́Н''' Гай Аврелий Валерий (243, Диок­лея – 313- ж-а 316- | '''ДИОКЛЕТИА́Н''' '''Гай Аврелий Валерий''' (243, Диок­лея – 313- ж-а 316-жылдар аралыгы, Далмация) – Рим императору (284–305). Катардагы жоокер­ден аскердик жогорку кызматтарга чейин жет­кен. Император Нумериандын тушунда анын сакчыларын жетектеген, ал дүйнөдөн кайткан соң, император деп жарыяланган. Рим империя­сы экономикалык, социалдык ж-а саясий жактан начар­лаган учурда бийликке келип, императордук бийликти күчөткөн. Империяны чыңоо үчүн бир катар реформаларды жүргүзгөн: аскерлердин саны 450 миңге жетип, чек аралык коргонуу сис­темасы түзүлгөн; акча жүгүртүүнү жөнгө салган; империядагы бөлүп-жаруучулукту күч м-н бас­кан. Диоклетиан 305-жылы бийликтен ыктыяры м-н баш тарткан. | ||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
03:12, 8 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИОКЛЕТИА́Н Гай Аврелий Валерий (243, Диоклея – 313- ж-а 316-жылдар аралыгы, Далмация) – Рим императору (284–305). Катардагы жоокерден аскердик жогорку кызматтарга чейин жеткен. Император Нумериандын тушунда анын сакчыларын жетектеген, ал дүйнөдөн кайткан соң, император деп жарыяланган. Рим империясы экономикалык, социалдык ж-а саясий жактан начарлаган учурда бийликке келип, императордук бийликти күчөткөн. Империяны чыңоо үчүн бир катар реформаларды жүргүзгөн: аскерлердин саны 450 миңге жетип, чек аралык коргонуу системасы түзүлгөн; акча жүгүртүүнү жөнгө салган; империядагы бөлүп-жаруучулукту күч м-н баскан. Диоклетиан 305-жылы бийликтен ыктыяры м-н баш тарткан.