ДИОКСИН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИОКСИ́Н''' – чөйрөгө терс таасир этүүчү | '''ДИОКСИ́Н''' – чөйрөгө терс таасир этүүчү химиялык уулуу зат; полихлордошкон дибензодиоксин то­буна кирет. Диоксин химия, целлюлоза-кагаз, метал­лургия ж. б. өнөр жай тармактарынан чыккан булгоочу зат болуп эсептелинет, ошондой эле өнөр жай ж-а тиричилик калдыктарын, коргошун кошул­малары бар бензинди, дизель отунун ж. б-лар­ды жакканда, токой өртүндө да пайда болот. Диоксин өтө туруктуу бирикме болгондуктан, топу­ракта (ажыроо мезгили 10–20 жылдай), өсүм­дүктө ж-а адам организминде (бир нече ай) топ­толот. Бүгүнкү күндө диоксиндин канцерогендик ж-а мутагендик касиетке ээ экендиги аныкталууда. Айрым чет өлкөдө (АКШ, Швеция, Германия ж. б.) диоксиндин адам организмине тийгизген таа­сири изилденип, төмөнкү терс кесепеттери анык­талган: балдардын аз ж-а тубаса кемтик төрө­лүшү, өсүүсүнүн ж-а акыл-эсинин начарлашы, өлүмүнүн көбөйүшү ж. б. Ошондой эле диоксиндин концент­рациясынын жогорулашы ички органдардын өзгөрүүсүнө ж-а теринин ириңдөөсүнө алып ке­лет. Мындай тери оорулары Германиядагы ж-а Уфа шаарындагы химиялык ишканалардын жумушчула­рында, ошондой эле Севезе шаарындагы (Италия) авария­дан кийин шаар калкында байкалган. Диоксиндин өтө күчтүү таасири АКШдагы Миссури штатында катталган. Диоксиндер чөйрөгө көбүнчө экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө (мисалы, Канада атмосферага жы­лына 1,5 ''т'') бөлүнүп чыгарылат. Ошондуктан АКШ, Япония, Швеция, Италия, Германия, Голландия ж. б. мамлекеттерде 1980-жылдар­дан баштап диоксин проблемасы мамлекеттик деңгээлде ка­ралууда. | ||
өлүмүнүн көбөйүшү ж. б. | |||
өзгөрүүсүнө ж-а теринин ириңдөөсүнө алып ке­лет. Мындай тери оорулары Германиядагы ж-а Уфа | ''Р. Осмонбекова.'' | ||
өнүккөн өлкөлөрдө ( | |||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
03:15, 14 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИОКСИ́Н – чөйрөгө терс таасир этүүчү химиялык уулуу зат; полихлордошкон дибензодиоксин тобуна кирет. Диоксин химия, целлюлоза-кагаз, металлургия ж. б. өнөр жай тармактарынан чыккан булгоочу зат болуп эсептелинет, ошондой эле өнөр жай ж-а тиричилик калдыктарын, коргошун кошулмалары бар бензинди, дизель отунун ж. б-ларды жакканда, токой өртүндө да пайда болот. Диоксин өтө туруктуу бирикме болгондуктан, топуракта (ажыроо мезгили 10–20 жылдай), өсүмдүктө ж-а адам организминде (бир нече ай) топтолот. Бүгүнкү күндө диоксиндин канцерогендик ж-а мутагендик касиетке ээ экендиги аныкталууда. Айрым чет өлкөдө (АКШ, Швеция, Германия ж. б.) диоксиндин адам организмине тийгизген таасири изилденип, төмөнкү терс кесепеттери аныкталган: балдардын аз ж-а тубаса кемтик төрөлүшү, өсүүсүнүн ж-а акыл-эсинин начарлашы, өлүмүнүн көбөйүшү ж. б. Ошондой эле диоксиндин концентрациясынын жогорулашы ички органдардын өзгөрүүсүнө ж-а теринин ириңдөөсүнө алып келет. Мындай тери оорулары Германиядагы ж-а Уфа шаарындагы химиялык ишканалардын жумушчуларында, ошондой эле Севезе шаарындагы (Италия) авариядан кийин шаар калкында байкалган. Диоксиндин өтө күчтүү таасири АКШдагы Миссури штатында катталган. Диоксиндер чөйрөгө көбүнчө экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө (мисалы, Канада атмосферага жылына 1,5 т) бөлүнүп чыгарылат. Ошондуктан АКШ, Япония, Швеция, Италия, Германия, Голландия ж. б. мамлекеттерде 1980-жылдардан баштап диоксин проблемасы мамлекеттик деңгээлде каралууда.
Р. Осмонбекова.