ДИПЛОМАТИЯЛЫК ИММУНИТЕТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИПЛОМАТИЯЛЫК ИММУНИТЕТ''' – чет | '''ДИПЛОМАТИЯЛЫК ИММУНИТЕТ''' – чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлдүктөргө, алардын башчы­лары м-н кызматкерлерине берилүүчү укуктар­дын ж-а артыкчылыктардын жыйындысы. 1961-жылы дипломатиялык катнаш жөнүндөгү Вена конвенция­сында. Дипломатиялык иммунитет маселелерин жөнгө салуучу эл ара­лык укук нормалары бир системага келтирил­ген. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратына эч ким­дин тийбестиги, өкүлчүлүк иштеп турган жер­деги мамлекеттин бийлик органдары дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысынан уруксатысыз бул имаратка кирүүгө укуксуз экендиги, мамлекеттик бий­лик органдары дипломатиялык өкүлчүлүк жайгашкан има­ратка, анын архиви м-н документтерине эч ким­ди тийгизбей көзөмөлдөөгө милдеттүүлүгү, (ушул эрежелер консулдук имаратка ж-а алар­дын архивдерине да тиешелүү), өкүлчүлүктүн имараты (менчикке же ижарага алынат) үчүн салык, жыйым, бажы төлөтүлбөйт, өкүлчүлүк ж-а анын башчысы жайгашкан имаратка, ошондой эле анын транспорт каражаттарына өз өлкөсүнүн желегин илүүгө, эмблемасын тагууга укуктун берилиши, өкүлдөрдүн керт башына эч кимдин тийбестиги, өкүлчүлүк башчысынын камакка алынбастыгы, дипломатиялык өкүл жашаган мамлекет­тин анын коопсуздугун, эркиндигин камсыз кы­лууга, кадыр-баркын коргоого милдеттүүлүгү, дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысынын жазык жооп­керчилигине тартылбастыгы Дипломатиялык иммунитет болот. Кырг­ызстандагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлдөр да кылмыш­ жаза жоопкерчилик иммунитетинен пайдала­нышат. Дипломатиялык өкүл өз миссиясын аркалап жүр­гөн өлкөнүн мыйзамдары м-н эсептешпей кою­уга укугу жок. Эгер ал бул өлкөнүн мыйзамын бузса, «персона нон грата» (бизге жагымсыз адам) катары өлкөдөн чыгарылып жиберилет. Дипломатиялык өкүлдөргө караганда консулдардын дипломатиялык укугу азыраак болуп, ал КР м-н чет өлкөлөрдүн эки тараптуу консулдук макулдашуусу, ошондой эле укуктук ички мыйзамдар аркылуу көрсөтүлөт. Эл аралык уюмдардын кызматкерлери да, адат­та, бул уюмдардын уставына же атайын ма­кулдашууларга, мисалы, БУУнун «Артыкчылык­тар ж-а иммунитеттер» конвенциясына (1946) ж. б. макулдашылган документтерге таянат. | ||
өлкөлүк | |||
өкүлчүлүктүн башчысынан уруксатысыз бул имаратка кирүүгө укуксуз экендиги, | |||
''Т. Абдылдабеков.'' | ''Т. Абдылдабеков.'' | ||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
04:58, 8 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИПЛОМАТИЯЛЫК ИММУНИТЕТ – чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлдүктөргө, алардын башчылары м-н кызматкерлерине берилүүчү укуктардын ж-а артыкчылыктардын жыйындысы. 1961-жылы дипломатиялык катнаш жөнүндөгү Вена конвенциясында. Дипломатиялык иммунитет маселелерин жөнгө салуучу эл аралык укук нормалары бир системага келтирилген. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратына эч кимдин тийбестиги, өкүлчүлүк иштеп турган жердеги мамлекеттин бийлик органдары дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысынан уруксатысыз бул имаратка кирүүгө укуксуз экендиги, мамлекеттик бийлик органдары дипломатиялык өкүлчүлүк жайгашкан имаратка, анын архиви м-н документтерине эч кимди тийгизбей көзөмөлдөөгө милдеттүүлүгү, (ушул эрежелер консулдук имаратка ж-а алардын архивдерине да тиешелүү), өкүлчүлүктүн имараты (менчикке же ижарага алынат) үчүн салык, жыйым, бажы төлөтүлбөйт, өкүлчүлүк ж-а анын башчысы жайгашкан имаратка, ошондой эле анын транспорт каражаттарына өз өлкөсүнүн желегин илүүгө, эмблемасын тагууга укуктун берилиши, өкүлдөрдүн керт башына эч кимдин тийбестиги, өкүлчүлүк башчысынын камакка алынбастыгы, дипломатиялык өкүл жашаган мамлекеттин анын коопсуздугун, эркиндигин камсыз кылууга, кадыр-баркын коргоого милдеттүүлүгү, дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысынын жазык жоопкерчилигине тартылбастыгы Дипломатиялык иммунитет болот. Кыргызстандагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлдөр да кылмыш жаза жоопкерчилик иммунитетинен пайдаланышат. Дипломатиялык өкүл өз миссиясын аркалап жүргөн өлкөнүн мыйзамдары м-н эсептешпей коюуга укугу жок. Эгер ал бул өлкөнүн мыйзамын бузса, «персона нон грата» (бизге жагымсыз адам) катары өлкөдөн чыгарылып жиберилет. Дипломатиялык өкүлдөргө караганда консулдардын дипломатиялык укугу азыраак болуп, ал КР м-н чет өлкөлөрдүн эки тараптуу консулдук макулдашуусу, ошондой эле укуктук ички мыйзамдар аркылуу көрсөтүлөт. Эл аралык уюмдардын кызматкерлери да, адатта, бул уюмдардын уставына же атайын макулдашууларга, мисалы, БУУнун «Артыкчылыктар ж-а иммунитеттер» конвенциясына (1946) ж. б. макулдашылган документтерге таянат.
Т. Абдылдабеков.