ДИПЛОМАТИЯЛЫК ӨКҮЛЧҮЛҮК: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИПЛОМАТИЯЛЫК ӨКҮЛЧҮЛҮК''' – мамлекет­тин чет өлкөлөр м-н катнашуу мекемеси. Ту­руктуу расмий байланыш жүргүзүү үчүн мамле­кеттердин өз ара макулдашуусунун чегинде | '''ДИПЛОМАТИЯЛЫК ӨКҮЛЧҮЛҮК''' – мамлекет­тин чет өлкөлөр м-н катнашуу мекемеси. Ту­руктуу расмий байланыш жүргүзүү үчүн мамле­кеттердин өз ара макулдашуусунун чегинде Дипломатиялык өкүлчүлүк түзүлөт ж-а ал өкүлчүлүк мамлекеттердин орто­сунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн кийин жи­берилет. Дипломатиялык өкүлчүлүк экономикалык, маданий байланыш, сая­сий маселелер, басма сөз, аскердик атташе, кон­сулдук иштер сыяктуу бөлүмдөрдөн турат. Анын курамы: а) дипломатиялык (элчи, атташе, катчылар ж-а кеңешчилер); б) административдик, в) техникалык кызматкерлер болуп бөлүнөт. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн башкы милдети: өз өлкөсүнүн ж-а анын жарандарынын кызыкчы­лыгын эл аралык укуктун чегинде коргоо; өзү иштеп турган өлкөнүн өкмөтү м-н сүйлөшүүлөр­дү жүргүзүү; ал өлкөнүн саясий турмушу ж-а ан­да болуп жаткан окуялар тууралуу мыйзамдуу жол м-н өз өкмөтүн кабардар кылып туруу; өз өлкөсүнүн тышкы соодасынын жөнгө салыны­шы боюнча кам көрүү ж-а анын кызыкчылыгын коргоо. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн негизги иш-вазийпасына кон­сулдук ишти да кошууга болот. Дипломатиялык өкүлчүлүктү аны ак­кредиттеген өлкө кайра чакыртып алганда, өлкөлөр ортосунда дипломатиялык байланыш үзүлсө, же алардын ортосунда согуш башталганда ал өз ишин токтотот. Мындай учурларда Дипломатиялык өкүлчүлүк жай­гашкан имарат, архивдик ж. б. материалдар сак­талууга ж-а корголууга тийиш. Аккредиттеген мамлекет өзүнүн Дипломатиялык өкүлчүлүгүн, анын мүлкүн, дипломатиялык архивин кайсы бир үчүнчү мамлекеттин өкүлчү­лүгүнө ишенип берет. | ||
өлкөсүнүн ж-а анын жарандарынын кызыкчы­лыгын эл аралык укуктун чегинде коргоо; өзү иштеп турган өлкөнүн өкмөтү м-н сүйлөшүүлөр­дү жүргүзүү; ал өлкөнүн саясий турмушу ж-а ан­да болуп жаткан окуялар тууралуу мыйзамдуу жол м-н өз өкмөтүн кабардар кылып туруу; өз | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
өлкөсүнүн тышкы соодасынын жөнгө салыны­шы | |||
өлкөлөр ортосунда | |||
алардын ортосунда согуш башталганда ал өз ишин токтотот. Мындай учурларда | |||
05:40, 8 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИПЛОМАТИЯЛЫК ӨКҮЛЧҮЛҮК – мамлекеттин чет өлкөлөр м-н катнашуу мекемеси. Туруктуу расмий байланыш жүргүзүү үчүн мамлекеттердин өз ара макулдашуусунун чегинде Дипломатиялык өкүлчүлүк түзүлөт ж-а ал өкүлчүлүк мамлекеттердин ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн кийин жиберилет. Дипломатиялык өкүлчүлүк экономикалык, маданий байланыш, саясий маселелер, басма сөз, аскердик атташе, консулдук иштер сыяктуу бөлүмдөрдөн турат. Анын курамы: а) дипломатиялык (элчи, атташе, катчылар ж-а кеңешчилер); б) административдик, в) техникалык кызматкерлер болуп бөлүнөт. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн башкы милдети: өз өлкөсүнүн ж-а анын жарандарынын кызыкчылыгын эл аралык укуктун чегинде коргоо; өзү иштеп турган өлкөнүн өкмөтү м-н сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; ал өлкөнүн саясий турмушу ж-а анда болуп жаткан окуялар тууралуу мыйзамдуу жол м-н өз өкмөтүн кабардар кылып туруу; өз өлкөсүнүн тышкы соодасынын жөнгө салынышы боюнча кам көрүү ж-а анын кызыкчылыгын коргоо. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн негизги иш-вазийпасына консулдук ишти да кошууга болот. Дипломатиялык өкүлчүлүктү аны аккредиттеген өлкө кайра чакыртып алганда, өлкөлөр ортосунда дипломатиялык байланыш үзүлсө, же алардын ортосунда согуш башталганда ал өз ишин токтотот. Мындай учурларда Дипломатиялык өкүлчүлүк жайгашкан имарат, архивдик ж. б. материалдар сакталууга ж-а корголууга тийиш. Аккредиттеген мамлекет өзүнүн Дипломатиялык өкүлчүлүгүн, анын мүлкүн, дипломатиялык архивин кайсы бир үчүнчү мамлекеттин өкүлчүлүгүнө ишенип берет.