ДИРАК: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИРА́К''' Поль Адриен Морис (8.8.1902, Брис­толь – 1984) – | '''ДИРА́К''' '''Поль Адриен Морис''' (8.8.1902, Брис­толь – 1984) – англиялык физик-теоретик, квант ме­ханикасын негиздөөчүлөрдүн бири, Лондон ко­ролдук коомунун мүчөсү (1930), Нобель сыйлыгынын лауреаты (1933). Дирак СССР ИАнын чет элдик (1931) ж-а бир катар чет мамлекеттик академиялар м-н коомдордун мүчөсү. Бристоль, кийин Кемб­риж университетинде окуган. Кембриж университетинин (өз убагында И. Ньютон жетекчилик кылган ка­федранын) профессору (1932). Дирак квант механикасын­дагы өзгөртүп түзүү теориясын (1926–27), башкача айтканда толкун функциясынын симметриялуулук ка­сиеттери м-н статистикалык бөлүштүрүүнүн ара­сындагы байланышты тактап, квант статисти­касына чоң салым киргизген. Салыштырма­луулук теориясынын маселелерин канааттанды­руучу электрондук квант механикалык теориясын (1928) түзгөн. Дирактын теориясы электрондун спинин, Зее­ман эффектисин ж-а суутек атомунун спектр­дик структурасын түшүндүргөн. Дирак теориясынын өзгөчөлүгү массасы электрондун массасына ба­рабар оң заряддуу бөлүкчөнүн бар экендигин алдын ала айткандыгында. 1932-жылы позитрон­дун (антибөлүкчөлөрдүн) ж-а аннигиляция про­цессинин ачылышы Дирак теориясынын туура­лыгын далилдеди. Дирактын талаанын квант теориясынын түрдүү маселелерине арналган бир нече эмгеги теориялык физи­када кеңири колдонулууда. | ||
өзгөчөлүгү массасы электрондун массасына ба­рабар оң заряддуу бөлүкчөнүн бар экендигин алдын ала айткандыгында. 1932- | |||
талаанын квант теориясынын түрдүү маселелерине арналган бир нече эмгеги | |||
Эмг.: Электроны и вакуум / Пер. с англ. М., 1957; Лек­ции по квантовой механике. М., 1968; Лекции по квантовой теории поля. М., 1971. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] |
07:51, 8 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИРА́К Поль Адриен Морис (8.8.1902, Бристоль – 1984) – англиялык физик-теоретик, квант механикасын негиздөөчүлөрдүн бири, Лондон королдук коомунун мүчөсү (1930), Нобель сыйлыгынын лауреаты (1933). Дирак СССР ИАнын чет элдик (1931) ж-а бир катар чет мамлекеттик академиялар м-н коомдордун мүчөсү. Бристоль, кийин Кембриж университетинде окуган. Кембриж университетинин (өз убагында И. Ньютон жетекчилик кылган кафедранын) профессору (1932). Дирак квант механикасындагы өзгөртүп түзүү теориясын (1926–27), башкача айтканда толкун функциясынын симметриялуулук касиеттери м-н статистикалык бөлүштүрүүнүн арасындагы байланышты тактап, квант статистикасына чоң салым киргизген. Салыштырмалуулук теориясынын маселелерин канааттандыруучу электрондук квант механикалык теориясын (1928) түзгөн. Дирактын теориясы электрондун спинин, Зееман эффектисин ж-а суутек атомунун спектрдик структурасын түшүндүргөн. Дирак теориясынын өзгөчөлүгү массасы электрондун массасына барабар оң заряддуу бөлүкчөнүн бар экендигин алдын ала айткандыгында. 1932-жылы позитрондун (антибөлүкчөлөрдүн) ж-а аннигиляция процессинин ачылышы Дирак теориясынын тууралыгын далилдеди. Дирактын талаанын квант теориясынын түрдүү маселелерине арналган бир нече эмгеги теориялык физикада кеңири колдонулууда.
Эмг.: Электроны и вакуум / Пер. с англ. М., 1957; Лекции по квантовой механике. М., 1968; Лекции по квантовой теории поля. М., 1971.