ДИФРАКЦИЯ: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИФРА́КЦИЯ''' (лат. diffractus – сынган), | '''ДИФРА́КЦИЯ''' (лат. diffractus – сынган), 1) т о л к у н д у н дифракциясы – толкундун тоскоолду айланып өтүү кубулушу. Дифракция бардык толкундар­да (үн, электр-магнит ж. б.) байкалат. Ал үчүн тоскоолдун өлчөмү тоскоолго урунган таралчу толкундун узундугу м-н чамалаш болууга ти­йиш. Дифракция кубулушунда толкун тоскоолдун кө­лөкө жагына карай ийилип өтүү м-н таралат. Үй далдасындагы адамдын үнү же башка добуш­тун угулушу да үн толкунунун дифракциясы м-н түшүндүрүлөт, ошондой эле жер бетинин айланасын­дагы радиотолкундун дифракциясы алыс жайгашкан антеннанын узун ж-а орто радио толкундагы сигналдарын кабыл алууга мүмкүндүк берет. 2) Р е н т г е н н у р у н у н дифракциясы – заттын рентген нурунун толкун узундугун өзгөртпөй ча­чыратышы. Табигый ''дифракция торчосу'' бол­гон кристалл аркылуу рентген нуру өткөндө, дифракция пайда болот. Анткени торчодогу атомдор ара­лыгы рентген нурунун толкун узундугуна чама­лаш. Толкун дифракциясы микробөлүкчөнүн табия­тын изилдөөдө зор мааниге ээ. Дифракция спектр при­борлорунда пайдаланылат. | ||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] | |||
04:18, 17 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИФРА́КЦИЯ (лат. diffractus – сынган), 1) т о л к у н д у н дифракциясы – толкундун тоскоолду айланып өтүү кубулушу. Дифракция бардык толкундарда (үн, электр-магнит ж. б.) байкалат. Ал үчүн тоскоолдун өлчөмү тоскоолго урунган таралчу толкундун узундугу м-н чамалаш болууга тийиш. Дифракция кубулушунда толкун тоскоолдун көлөкө жагына карай ийилип өтүү м-н таралат. Үй далдасындагы адамдын үнү же башка добуштун угулушу да үн толкунунун дифракциясы м-н түшүндүрүлөт, ошондой эле жер бетинин айланасындагы радиотолкундун дифракциясы алыс жайгашкан антеннанын узун ж-а орто радио толкундагы сигналдарын кабыл алууга мүмкүндүк берет. 2) Р е н т г е н н у р у н у н дифракциясы – заттын рентген нурунун толкун узундугун өзгөртпөй чачыратышы. Табигый дифракция торчосу болгон кристалл аркылуу рентген нуру өткөндө, дифракция пайда болот. Анткени торчодогу атомдор аралыгы рентген нурунун толкун узундугуна чамалаш. Толкун дифракциясы микробөлүкчөнүн табиятын изилдөөдө зор мааниге ээ. Дифракция спектр приборлорунда пайдаланылат.