ДИФФУЗИОНИЗМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИФФУЗИОНИ́ЗМ''' – этнография ж-а археоло­гиядагы 19- | '''ДИФФУЗИОНИ́ЗМ''' – этнография ж-а археоло­гиядагы 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында калып­танган багыт; ал айрым элдердин маданиятынын өнүгүшүн өз алдынча эволюция эмес (к. ''Эволю­циялык мектеп''), башка элдердин жер которуу­дагы маданий таасири ж-а алардын жетишкен­диктерин өздөштүрүү, маданий байланыштардын бир элден экинчи элге оошусу деп түшүндүрөт. Этнологияда Диффузионизм деп маданияттын соода, көчүү, со­гуштук жеңип алуу аркылуу таралуусун түшү­нүшкөн. Илимий багыт катары Диффузионизм маданияттагы өз ара алакаларды, байланыштарды, башка элдерден алып өздөштүрүүнү ж. б. элдерге таралууну та­рыхый процесстин эң башкы мазмуну катары карайт. Эволюционисттердин окшош шарттар­да окшош маданияттар өз алдынча пайда болуп өнүгөт деген идеясына Диффузионизм маданият элементтери уникалдуу түрдө бир аймакта пайда болуп, ки­йин башка аймактарга тарайт деген идеяны кар­шы коёт да, мыкты маданий ойлоп табуулар алгач бир географиялык чөйрөдө пайда болот ж-а бүт дүйнөгө стихиялык түрдө таралат деп карайт. Бул көз караштан алганда адам маданиятты жара­туучу эмес, ээлөөчү гана болуп калат. Маданияттын таралуусунда жеңип алуу, колониялаштыруу, жер которуу, ыктыярдуу тууроо, соода ж. б. чоң мааниге ээ болот. Диффузионизмдин кыйла ырааттуу эмгек­тенген өкүлү Ф. Гребнер болгон. Ал «маданий чөйрөлөр» теориясын түзгөн ж-а бардыгы алты «маданий чөйрөнү» бөлүп көрсөткөн. Диффузионизм теория­сында бир канча агымдар ж-а мектептер: тары­хый-географиялык багыт (Э. Норденшельд), маданий-та­рыхый мектеп (Ф. Гребнер, В. Шмидт), антропо­географиялык мектеп (Л. Фробениус), маданий ареалдар теориясы (Э. Сепир, М. Херсковиц) болгон. | ||
өнүгүшүн өз алдынча эволюция эмес (к. ''Эволю­циялык мектеп''), башка элдердин жер которуу­дагы маданий таасири ж-а алардын жетишкен­диктерин өздөштүрүү, маданий байланыштардын бир элден экинчи элге оошусу деп түшүндүрөт. Этнологияда | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
карайт. Эволюционисттердин окшош шарттар­да окшош | |||
өнүгөт деген идеясына | |||
чөйрөлөр» теориясын түзгөн ж-а бардыгы алты | |||
«маданий чөйрөнү» бөлүп көрсөткөн. | |||
08:04, 9 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИФФУЗИОНИ́ЗМ – этнография ж-а археологиядагы 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында калыптанган багыт; ал айрым элдердин маданиятынын өнүгүшүн өз алдынча эволюция эмес (к. Эволюциялык мектеп), башка элдердин жер которуудагы маданий таасири ж-а алардын жетишкендиктерин өздөштүрүү, маданий байланыштардын бир элден экинчи элге оошусу деп түшүндүрөт. Этнологияда Диффузионизм деп маданияттын соода, көчүү, согуштук жеңип алуу аркылуу таралуусун түшүнүшкөн. Илимий багыт катары Диффузионизм маданияттагы өз ара алакаларды, байланыштарды, башка элдерден алып өздөштүрүүнү ж. б. элдерге таралууну тарыхый процесстин эң башкы мазмуну катары карайт. Эволюционисттердин окшош шарттарда окшош маданияттар өз алдынча пайда болуп өнүгөт деген идеясына Диффузионизм маданият элементтери уникалдуу түрдө бир аймакта пайда болуп, кийин башка аймактарга тарайт деген идеяны каршы коёт да, мыкты маданий ойлоп табуулар алгач бир географиялык чөйрөдө пайда болот ж-а бүт дүйнөгө стихиялык түрдө таралат деп карайт. Бул көз караштан алганда адам маданиятты жаратуучу эмес, ээлөөчү гана болуп калат. Маданияттын таралуусунда жеңип алуу, колониялаштыруу, жер которуу, ыктыярдуу тууроо, соода ж. б. чоң мааниге ээ болот. Диффузионизмдин кыйла ырааттуу эмгектенген өкүлү Ф. Гребнер болгон. Ал «маданий чөйрөлөр» теориясын түзгөн ж-а бардыгы алты «маданий чөйрөнү» бөлүп көрсөткөн. Диффузионизм теориясында бир канча агымдар ж-а мектептер: тарыхый-географиялык багыт (Э. Норденшельд), маданий-тарыхый мектеп (Ф. Гребнер, В. Шмидт), антропогеографиялык мектеп (Л. Фробениус), маданий ареалдар теориясы (Э. Сепир, М. Херсковиц) болгон.