ДОБУЛ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ДОБУЛ''' – атмосферадагы кубулуш; анда калың
'''ДОБУЛ''' – атмосферадагы кубулуш; анда калың
катмарлуу, жаанчыл-түрмөктөлгөн булуттарда же булут м-н жердин аралыгында жаркылда­ган электр заряддары – чагылган пайда болуп, күн күркүрөйт. Д. жүргөндө нөшөрлөп (кээде мөндүрлөп) жамгыр жаап, мөндүр уруп, алай­дүлөй бороон-чапкын болот. Жаансыз Д. болушу да мүмкүн. Д. атм. фронттор арасында (фронт­тук) ж-а жер бетинен жылган жерг. абанын не­гизинде (ички массалык) пайда болот. Жер ша­рында бир эле мезгилде 1800гө чейин Д. жүрүшү мүмкүн. Арктикада бир нече жылда бир жолу, мелүүн алкакта жылына ондогон күн болушу мүмкүн. Кургактыкта жайкы, океанда кышкы Д-дар үстөмдүк кылат. Айрым аймактарда (Түш.-Чыгыш Азия, Борб. Америка ж. б.) Д-дуу күндөрдүн саны 200 күндөн ашыгыраак болот. [[Категория:3-том, 86-170 бб]]
катмарлуу, жаанчыл-түрмөктөлгөн булуттарда же булут м-н жердин аралыгында жаркылда­ган электр заряддары – чагылган пайда болуп, күн күркүрөйт. Добул жүргөндө нөшөрлөп (кээде мөндүрлөп) жамгыр жаап, мөндүр уруп, алай-­дүлөй бороон-чапкын болот. Жаансыз Добул болушу да мүмкүн. Добул атмосферада фронттор арасында (фронт­тук) ж-а жер бетинен жылган жергиликтүү абанын не­гизинде (ички массалык) пайда болот. Жер ша­рында бир эле мезгилде 1800гө чейин Добул жүрүшү мүмкүн. Арктикада бир нече жылда бир жолу, мелүүн алкакта жылына ондогон күн болушу мүмкүн. Кургактыкта жайкы, океанда кышкы Добулдар үстөмдүк кылат. Айрым аймактарда (Түштүк-Чыгыш Азия, Борбордук Америка ж. б.) Добулдуу күндөрдүн саны 200 күндөн ашыгыраак болот.  
 
[[Категория:3-том, 86-170 бб]]

07:37, 10 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ДОБУЛ – атмосферадагы кубулуш; анда калың катмарлуу, жаанчыл-түрмөктөлгөн булуттарда же булут м-н жердин аралыгында жаркылда­ган электр заряддары – чагылган пайда болуп, күн күркүрөйт. Добул жүргөндө нөшөрлөп (кээде мөндүрлөп) жамгыр жаап, мөндүр уруп, алай-­дүлөй бороон-чапкын болот. Жаансыз Добул болушу да мүмкүн. Добул атмосферада фронттор арасында (фронт­тук) ж-а жер бетинен жылган жергиликтүү абанын не­гизинде (ички массалык) пайда болот. Жер ша­рында бир эле мезгилде 1800гө чейин Добул жүрүшү мүмкүн. Арктикада бир нече жылда бир жолу, мелүүн алкакта жылына ондогон күн болушу мүмкүн. Кургактыкта жайкы, океанда кышкы Добулдар үстөмдүк кылат. Айрым аймактарда (Түштүк-Чыгыш Азия, Борбордук Америка ж. б.) Добулдуу күндөрдүн саны 200 күндөн ашыгыраак болот.