ДОБУЛБАС: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДОБУЛБАС''' – кыргыздын барабан сымал ба­йыркы урма аспабы. Тулкусу жезден, мистен, темирден жасалып, тулга сымал түспөлдө ке­лет. Жыгач алкактын бетине төөнүн чылгый териси капталып жасалган. Илгери согушта бел­ги берүү, душмандын үрөйүн учуруу максатын­да пайдаланылган. | '''ДОБУЛБАС''' – кыргыздын барабан сымал ба­йыркы урма аспабы. Тулкусу жезден, мистен, темирден жасалып, тулга сымал түспөлдө ке­лет. Жыгач алкактын бетине төөнүн чылгый териси капталып жасалган. Илгери согушта бел­ги берүү, душмандын үрөйүн учуруу максатын­да пайдаланылган. Добулбасты мүнүшкөрлүккө чык­канда кайберенди жана илбээсинди үркүтүү үчүн да колдонушкан. Добулбасты колго же ээрдин кашы­на илип | ||
[[File:ДОБУЛБАС19.png | thumb | none]] | [[File:ДОБУЛБАС19.png | thumb | none]] | ||
коюп, тоголок баш таякча | коюп, тоголок баш таякча менен ургулап ойношкон. Казактын даулпазы Добулбаска окшош. Добулбастын жакшыртылган түрү азыр эл аспаптар оркестрлеринде, ансамблдерде пайдаланылууда. Добулбастын добул, доол, доолборс деген түрлөрү да учурайт. Бирок алардын эң кеңири тараган тү­рү – доол. | ||
Ад.: ''Алагушов Б.'' Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары. Ф., 1974. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | Ад.: ''Алагушов Б.'' Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары. Ф., 1974. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
07:40, 10 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДОБУЛБАС – кыргыздын барабан сымал байыркы урма аспабы. Тулкусу жезден, мистен, темирден жасалып, тулга сымал түспөлдө келет. Жыгач алкактын бетине төөнүн чылгый териси капталып жасалган. Илгери согушта белги берүү, душмандын үрөйүн учуруу максатында пайдаланылган. Добулбасты мүнүшкөрлүккө чыкканда кайберенди жана илбээсинди үркүтүү үчүн да колдонушкан. Добулбасты колго же ээрдин кашына илип

коюп, тоголок баш таякча менен ургулап ойношкон. Казактын даулпазы Добулбаска окшош. Добулбастын жакшыртылган түрү азыр эл аспаптар оркестрлеринде, ансамблдерде пайдаланылууда. Добулбастын добул, доол, доолборс деген түрлөрү да учурайт. Бирок алардын эң кеңири тараган түрү – доол.
Ад.: Алагушов Б. Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары. Ф., 1974.