ДОЛОМИТ: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДОЛОМИ́Т''' (фр. геолог Д. Доломьёнун ысмы­нан) – 1) карбонаттар тобундагы минерал. | '''ДОЛОМИ́Т''' (фр. геолог Д. Доломьёнун ысмы­нан) – 1) карбонаттар тобундагы минерал. Химиялык формуласы CaMg(CО<sub>3</sub>)<sub>2</sub>. Тригон сингониясында кристаллданат. Өңү түссүз, агыш боз, жашыл, кызгылт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3,5 – 4, тыгыздыгы 2,9 – 3,2 ''г/см''<sup>3</sup>. 2) Негизинен (90%тен ашык) доломит минералынан турган карбонат тоотеги. Доломит 50 – 90 %ти түзсө а к и ­т а ш т у у Доломит, андан азыраак болсо д о л о ­м и т т е ш к е н а к и т а ш т е г и деп аталат. Доломит тоотегинде кальцит, ангидрит же | ||
кристаллданат. Өңү түссүз, агыш боз, жашыл, | |||
кызгылт. Катуулугу Моос шкаласы | |||
[[File:ДОЛОМИТ27.png | thumb | none]] | [[File:ДОЛОМИТ27.png | thumb | none]] | ||
гипс учурайт. | гипс учурайт. Доломит э к з о г е н д и к ж-а э н д о г е н­д и к деп эки топ­ко бөлүнөт. Доломит эк­зогендик шарттар­да акиташ теги­нин диагенездик (к. ''Литогенез'') өз­гөрүүсүнөн туздуу бассейндерде пайда болуп, акиташ теги, чопо ж. б-нын калың катмарларынын арасында кат­мар, линза, кристаллдардын чогундусу түрүндө да жатат. Экзогендик Доломит акиташ тегинин эпи­генездик доломиттешүүсүнөн да келип чыгат. Эн­догендик Доломит гидротерм ж-а гидротерм-метасома­тоз процесстеринин натыйжасында пайда болуп, серпентиниттерде, тальктуу ж-а өзгөрүүлөргө учураган негиздүү, ультранегиздүү тоотектерде тарам ж-а ар түрдүү формадагы тулку ж-а шток­верг түрүндө учурайт. Доломит курулуш ишинде, ме­таллургияда (отко чыдамдуу кыш жасоодо ж-а магний металлын алууда), химия өнөр жайында, айыл чарбасында ж. б. колдонулат. | ||
э к з о г е н д и к ж-а э н д о г е н­д и к деп эки топ­ко бөлүнөт. | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
бассейндерде пайда болуп, акиташ теги, чопо ж. б-нын калың катмарларынын арасында кат­мар, линза, кристаллдардын чогундусу түрүндө да жатат. Экзогендик | |||
04:58, 11 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДОЛОМИ́Т (фр. геолог Д. Доломьёнун ысмынан) – 1) карбонаттар тобундагы минерал. Химиялык формуласы CaMg(CО3)2. Тригон сингониясында кристаллданат. Өңү түссүз, агыш боз, жашыл, кызгылт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3,5 – 4, тыгыздыгы 2,9 – 3,2 г/см3. 2) Негизинен (90%тен ашык) доломит минералынан турган карбонат тоотеги. Доломит 50 – 90 %ти түзсө а к и т а ш т у у Доломит, андан азыраак болсо д о л о м и т т е ш к е н а к и т а ш т е г и деп аталат. Доломит тоотегинде кальцит, ангидрит же

гипс учурайт. Доломит э к з о г е н д и к ж-а э н д о г е нд и к деп эки топко бөлүнөт. Доломит экзогендик шарттарда акиташ тегинин диагенездик (к. Литогенез) өзгөрүүсүнөн туздуу бассейндерде пайда болуп, акиташ теги, чопо ж. б-нын калың катмарларынын арасында катмар, линза, кристаллдардын чогундусу түрүндө да жатат. Экзогендик Доломит акиташ тегинин эпигенездик доломиттешүүсүнөн да келип чыгат. Эндогендик Доломит гидротерм ж-а гидротерм-метасоматоз процесстеринин натыйжасында пайда болуп, серпентиниттерде, тальктуу ж-а өзгөрүүлөргө учураган негиздүү, ультранегиздүү тоотектерде тарам ж-а ар түрдүү формадагы тулку ж-а штокверг түрүндө учурайт. Доломит курулуш ишинде, металлургияда (отко чыдамдуу кыш жасоодо ж-а магний металлын алууда), химия өнөр жайында, айыл чарбасында ж. б. колдонулат.