ДОМНА ӨНДҮРҮШҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДО́МНА ӨНДҮРҮШҮ''' – темир кенташын же ке­сек темирди ''домна мешинде'' эритип, чоюн алуу | '''ДО́МНА ӨНДҮРҮШҮ''' – темир кенташын же ке­сек темирди ''домна мешинде'' эритип, чоюн алуу өндүрүшү; кара металлургиянын бир тармагы. Чоюн б. з. ч. 4–6-кылымдарда эле белгилүү болгон ж-а жыгач көмүр жагылган шахта меши пайда бол­гондон баштап алына баштаган. Россияда 1-жо­лу чоюн Уралда 1701-жылы алынган. Буу үйлөтүүчү машина (1766), үйлөтүп ысытуу (1829), регене­ратор тибиндеги жылыткыч (1857) ойлоп табыл­гандан кийин, чоюн алуу өнүктү. Домна өндүрүшүнүн алгач­кы материалы шихта, ал темир ж-а марганец кен­ташы, агломерат, акиташ, күйүүчү май ж-а флюс­тан турат. Негизги отуну – таш көмүр, кокс. Эритүүдөн кийин чектүү, куюлма ж-а атайын чоюн, домна газы [күйүү жылуулугу 3,6–4,6 ''Мдж/м''<sup>3</sup> | ||
өндүрүшү; кара металлургиянын бир тармагы. | (800–1100 ''ккал/м''<sup>3</sup>)] ж-а курулуш ма­териалдык жасалуучу шлак алынат. Бул өндү­рүштө атайын домна цехи түзүлөт. Анда толук металлургиялык циклдүү 3 домна меши орно­тулат. Мештин ишин башкаруу – шихтанын ку­рамын ж-а санын, үйлөтүүнүн температурасын ж-а нымдуулугун жөнгө салуу – атайын приборлор м-н жүргүзүлөт. Азыр Домна өндүрүшүн өркүндөтүү багы­тында сырьё даярдоону жакшыртуу, домна ме­шинин кубаттуулугун жогорулатуу, келечектүү технологияны кийирүү ж-а меш ишин автомат­тык түрдө башкаруу жумуштары жүргүзүлүүдө. | ||
чоюн, домна газы [күйүү жылуулугу 3,6–4,6 | |||
''Мдж/м''<sup>3</sup> | |||
(800–1100 ''ккал/м''<sup>3</sup>)] ж-а курулуш ма­териалдык жасалуучу шлак алынат. Бул өндү­рүштө атайын домна цехи түзүлөт. Анда толук металлургиялык циклдүү 3 домна меши орно­тулат. Мештин ишин башкаруу – шихтанын ку­рамын ж-а санын, үйлөтүүнүн | |||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
05:31, 14 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДО́МНА ӨНДҮРҮШҮ – темир кенташын же кесек темирди домна мешинде эритип, чоюн алуу өндүрүшү; кара металлургиянын бир тармагы. Чоюн б. з. ч. 4–6-кылымдарда эле белгилүү болгон ж-а жыгач көмүр жагылган шахта меши пайда болгондон баштап алына баштаган. Россияда 1-жолу чоюн Уралда 1701-жылы алынган. Буу үйлөтүүчү машина (1766), үйлөтүп ысытуу (1829), регенератор тибиндеги жылыткыч (1857) ойлоп табылгандан кийин, чоюн алуу өнүктү. Домна өндүрүшүнүн алгачкы материалы шихта, ал темир ж-а марганец кенташы, агломерат, акиташ, күйүүчү май ж-а флюстан турат. Негизги отуну – таш көмүр, кокс. Эритүүдөн кийин чектүү, куюлма ж-а атайын чоюн, домна газы [күйүү жылуулугу 3,6–4,6 Мдж/м3 (800–1100 ккал/м3)] ж-а курулуш материалдык жасалуучу шлак алынат. Бул өндүрүштө атайын домна цехи түзүлөт. Анда толук металлургиялык циклдүү 3 домна меши орнотулат. Мештин ишин башкаруу – шихтанын курамын ж-а санын, үйлөтүүнүн температурасын ж-а нымдуулугун жөнгө салуу – атайын приборлор м-н жүргүзүлөт. Азыр Домна өндүрүшүн өркүндөтүү багытында сырьё даярдоону жакшыртуу, домна мешинин кубаттуулугун жогорулатуу, келечектүү технологияны кийирүү ж-а меш ишин автоматтык түрдө башкаруу жумуштары жүргүзүлүүдө.