«ГЭСЭРИАДА»: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''«ГЭСЭРИА́ДА» ''' (толук аты – «Дүйнөдөгү он өлкөнүн өкүмдары Гэсэр хан жөнүндө баян») – | '''«ГЭСЭРИА́ДА» ''' (толук аты – «Дүйнөдөгү он өлкөнүн өкүмдары Гэсэр хан жөнүндө баян») – Борбордук жана Чыгыш Азияда оозеки, жазуу түрүндө кеӊири тараган Гэсэр хан жөнүндөгү дастандардын эпостук цикли. XVI–XVII кылымдарда эпос катары калыптанган. Тибет, моӊгол, калмак, бурят тилдериндеги варианттары белгилүү (тибеттиктер менен моӊголдордо проза, буряттарда ыр түрүндө). Анын негизги мазмунун Түндүк-Чыгыш Тибеттеги Амдо өлкөсүнүн эр жүрөк, билимдүү башкаруучусу Гэсэрдин бактысыздыкка жана социалдык адилетсиздикке каршы күрөшү түзөт. Эпостун баш каарманы Гэсэр бардык вариантында чыныгы элдик баатыр катары көрсөтүлөт. Тибеттиктер менен моӊголдор Гэсэр ханды өздөрүн коргоо үчүн асмандан түшкөн баатыр деп эсептешкен. «Гэсэриада» тараган жердеги эл Гэсэрдин керт башына сыйынган. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:25, 12 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы
«ГЭСЭРИА́ДА» (толук аты – «Дүйнөдөгү он өлкөнүн өкүмдары Гэсэр хан жөнүндө баян») – Борбордук жана Чыгыш Азияда оозеки, жазуу түрүндө кеӊири тараган Гэсэр хан жөнүндөгү дастандардын эпостук цикли. XVI–XVII кылымдарда эпос катары калыптанган. Тибет, моӊгол, калмак, бурят тилдериндеги варианттары белгилүү (тибеттиктер менен моӊголдордо проза, буряттарда ыр түрүндө). Анын негизги мазмунун Түндүк-Чыгыш Тибеттеги Амдо өлкөсүнүн эр жүрөк, билимдүү башкаруучусу Гэсэрдин бактысыздыкка жана социалдык адилетсиздикке каршы күрөшү түзөт. Эпостун баш каарманы Гэсэр бардык вариантында чыныгы элдик баатыр катары көрсөтүлөт. Тибеттиктер менен моӊголдор Гэсэр ханды өздөрүн коргоо үчүн асмандан түшкөн баатыр деп эсептешкен. «Гэсэриада» тараган жердеги эл Гэсэрдин керт башына сыйынган.