ВАН ГОВЭЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(5 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
В а н Ц з и н ь а н (3. 12. 1877, Кытай, Чжецзян провинциясы, Хайнин уезди – 2. 6. 1927, Пекин) – кытай тарыхчысы ж-а филолог. 1901-ж. Шанхай ун-тинин чыгыш ад-ты ф-тин бүтүргөн. 1916-жылдан Шанхайда чыккан «Кылым» журналынын редактору болуп иштеген. Пекин ун-тинин профессору (1925-жылдан). Байыркы кытай кол жазмаларын изилдеген ж-а Кытайдын байыркы, о. кылымдардагы тарыхы, о. эле тарыхый булактар б-ча эмгектери жарык көргөн. Байыркы Кытай эпиграфикасы б-ча мыкты адистердин бири болгон. Монголдордун тарыхын ж-а алардын Кытай м-н алакаларын изилдеген. Түрк уруулары тууралуу жазылган байыркы кытай булактарына ж-а О. Азияга келип кеткен кытай саякатчыларынын эмгектерине ил. түшүндүрмөлөр жазган. О. эле кытай классикалык драмасын изилдөөгө да салым кошкон. Анын «Сун жана юань драмасынын тарыхы» аттуу эмгеги дүйнөдө классикалык кытай театрынын өнүгүүсүнүн байыркы этабын системага салып изилдеген биринчи ил. эмгек катары саналат.
'''ВАН ГОВЭЙ, ''' В а н Ц з и н ь а н (3. 12. 1877, Кытай, Чжецзян провинциясы, Хайнин уезди – 2. 6. 1927, Пекин) – кытай тарыхчысы жана филолог. 1901-жылы Шанхай университетинин чыгыш адабияты факультетин бүтүргөн. 1916-жылдан Шанхайда чыккан «Кылым» журналынын редактору болуп иштеген. Пекин университетинин профессору (1925-жылдан). Байыркы кытай кол жазмаларын изилдеген жана Кытайдын байыркы, орто кылымдардагы тарыхы, ошондой эле тарыхый булактар боюнча эмгектери жарык көргөн. Байыркы Кытай эпиграфикасы боюнча мыкты адистердин бири болгон. Монголдордун тарыхын жана алардын Кытай менен алакаларын изилдеген. Түрк уруулары тууралуу жазылган байыркы кытай булактарына жана Орто Азияга келип кеткен кытай саякатчыларынын эмгектерине илимий түшүндүрмөлөр жазган. Ошондой эле кытай классикалык драмасын изилдөөгө да салым кошкон. Анын «Сун жана юань драмасынын тарыхы» аттуу эмгеги дүйнөдө классикалык кытай театрынын өнүгүүсүнүн байыркы этабын системага салып изилдеген биринчи илимий эмгек катары саналат.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:47, 23 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

ВАН ГОВЭЙ, В а н Ц з и н ь а н (3. 12. 1877, Кытай, Чжецзян провинциясы, Хайнин уезди – 2. 6. 1927, Пекин) – кытай тарыхчысы жана филолог. 1901-жылы Шанхай университетинин чыгыш адабияты факультетин бүтүргөн. 1916-жылдан Шанхайда чыккан «Кылым» журналынын редактору болуп иштеген. Пекин университетинин профессору (1925-жылдан). Байыркы кытай кол жазмаларын изилдеген жана Кытайдын байыркы, орто кылымдардагы тарыхы, ошондой эле тарыхый булактар боюнча эмгектери жарык көргөн. Байыркы Кытай эпиграфикасы боюнча мыкты адистердин бири болгон. Монголдордун тарыхын жана алардын Кытай менен алакаларын изилдеген. Түрк уруулары тууралуу жазылган байыркы кытай булактарына жана Орто Азияга келип кеткен кытай саякатчыларынын эмгектерине илимий түшүндүрмөлөр жазган. Ошондой эле кытай классикалык драмасын изилдөөгө да салым кошкон. Анын «Сун жана юань драмасынын тарыхы» аттуу эмгеги дүйнөдө классикалык кытай театрынын өнүгүүсүнүн байыркы этабын системага салып изилдеген биринчи илимий эмгек катары саналат.