ДУЗЕ: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДУ́ЗЕ''' Элеонора (3. 10. 1858, | '''ДУ́ЗЕ''' '''Элеонора''' (3. 10. 1858, Италия, Вижевано – 21. 4. 1924, АКШ, Питсбург) – италиялык актриса. Атасы Алес­сандро Дузе Италиянын шаарларын кыдырып жүр­гөн чакан труппанын актёру болгон. | ||
[[File:ДУЗЕ77.png | thumb | none]] | [[File:ДУЗЕ77.png | thumb | none]] | ||
Дузе сахнада 4 жа­шынан ойной баштап, ал­гач Гюгонун «Четке кагыл­гандар» спектаклинен Ка­зеттанын ролун аткарган. 15 жашында Жульет­танын ролун зор ийгилик менен ойногон. Неа­полдогу Фьорентини театрынын сахнасында Те­реза Ракендин (Золянын повести боюнча, 1879) ролу Дузеге олуттуу атак алып келген. 1887-жылы өз труп­пасын уюштурган. Дузе Италияда көрүнүктүү ак­триса катары таанылган жана Батыш Европа, Түштүк Америка өлкөлөрүндө, Египетте гастрол­дору зор ийгилик менен өткөн. 1891–1892-жылдары жана 1908-жылы Россияда Дузенин өнөрүн орус маданиятынын көрүнүктүү ишмерлери А. П. Чехов, И. Е. Ре­пин, К. С. Станиславский, В. И. Немирович-Дан­ченко жана башкалар жогору баалашкан. Мыкты ролдо­ру: Маргарита Готье (Дюма-уулу, «Камелия кар­маган аял»), Сантуцца (Верга, «Айылдык ур­мат-сый»), Эмма (Жакоза, «Көңүлсүз сүйүшкөн­дөр»), графиня Евгения, Юлия (Праг, «Сүйгөн аял», «Үлгүлүү зайып») жана башкалар. Өмүрүнүн акырын­да орус адабияты жана искусствосу тууралуу жазган. | |||
Ад.: ''Кугель А. Р.'' Театральные портреты. П.; М., 1923; ''Станиславский К. С.'' Моя жизнь в искусстве. Л., 1928. | Ад.: ''Кугель А. Р.'' Театральные портреты. П.; М., 1923; ''Станиславский К. С.'' Моя жизнь в искусстве. Л., 1928. | ||
''К. Зарлыкова.'' | |||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] |
04:01, 16 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДУ́ЗЕ Элеонора (3. 10. 1858, Италия, Вижевано – 21. 4. 1924, АКШ, Питсбург) – италиялык актриса. Атасы Алессандро Дузе Италиянын шаарларын кыдырып жүргөн чакан труппанын актёру болгон.

Дузе сахнада 4 жашынан ойной баштап, алгач Гюгонун «Четке кагылгандар» спектаклинен Казеттанын ролун аткарган. 15 жашында Жульеттанын ролун зор ийгилик менен ойногон. Неаполдогу Фьорентини театрынын сахнасында Тереза Ракендин (Золянын повести боюнча, 1879) ролу Дузеге олуттуу атак алып келген. 1887-жылы өз труппасын уюштурган. Дузе Италияда көрүнүктүү актриса катары таанылган жана Батыш Европа, Түштүк Америка өлкөлөрүндө, Египетте гастролдору зор ийгилик менен өткөн. 1891–1892-жылдары жана 1908-жылы Россияда Дузенин өнөрүн орус маданиятынын көрүнүктүү ишмерлери А. П. Чехов, И. Е. Репин, К. С. Станиславский, В. И. Немирович-Данченко жана башкалар жогору баалашкан. Мыкты ролдору: Маргарита Готье (Дюма-уулу, «Камелия кармаган аял»), Сантуцца (Верга, «Айылдык урмат-сый»), Эмма (Жакоза, «Көңүлсүз сүйүшкөндөр»), графиня Евгения, Юлия (Праг, «Сүйгөн аял», «Үлгүлүү зайып») жана башкалар. Өмүрүнүн акырында орус адабияты жана искусствосу тууралуу жазган.
Ад.: Кугель А. Р. Театральные портреты. П.; М., 1923; Станиславский К. С. Моя жизнь в искусстве. Л., 1928.
К. Зарлыкова.