ДУЛУ: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДУЛУ''' – Батыш Түрк | '''ДУЛУ''' – [[Батыш Түрк каганды]]гынын (603–704) курамындагы беш уруунун жалпы аталышы. Байыркы Кытайдын [[династиялар тарыхы]]нда дулу (тулу) уруусу алгач гунн урууларына (кара: [[Гунндар]]) тиешелүү болгон жана биздин замандын баш ченинде бөлүгү батышка ооп, кийинки [[Болгар]] княздыгын негиздешкен. Ал эми [[Борбордук Азия]]дагы «Юебан» өлкөсүндө калган алардын айрым бөлүктөрү [[Улуу Түрк кагандыгы]]н (552–745) курамына кирген. Тан тарыхы (шу) боюнча Батыш түрк каганы (634–639) Шаболо Хилиши (түркчө Ышбара-Толис-шад хан) 637-жылы өз өлкөсүн он урууга (бу) бөлүп, ар урууну башкарууга бирден шад дайындаган жана бийликтин белгиси катары бирден жебе (ок) берген. Ушул себептен өлкө кошумча түрдө «он ок» деп атала баштаган. Мындан тышкары он окту кайра беш-бештен эки (батыш жана чыгыш) аймактарга ажыратып, Суй-йенин (азыркы [[Ак-Бешим]]) батышы [[нушиби]], чыгышы дулуларга тийген. Дулулар союзу 1) чумугун, 2) хулуву, 3) нешетидун, 4) туциши хелоши жана 5) шуниши чубин (А. Г. Малявкин боюнча чумукунь-люй-чур, хулуцзюй кюль-чур, шэшэти тон-чур, туциши хэлоши-чур, шуниши чупан-чур) урууларынан турган. Бирок мындай бөлүштүрүүнүн натыйжасында 640-жылдары эки аймактын ортолору саясий жиктенүүгө учурап, алсырай башташкан. Мындай абалдан пайдаланган [[Тан империясы]] [[Орто Азия]]га каршы жүргүзгөн агрессивдүү саясатын күчөтүүгө киришкен. Түрктөрдүн 10-чу каганы (653–658) Ашина Хэлу хандыкты кайра күчтөндүрүү үчүн жаңы реформа жүргүзүп, беш уруунун башчылары чжо (түркчө «Čor»); Чумугуньлюйчжо, Хулуву Кюе Чжо, Нешетидунь Чжо, Туциши Хэлоши Чжо, Шуниши Чубань Чжо деп аталып калган. 658-жылы чыгыш түрк урууларынын (теле, уйгур, тогуз огуз ж.б.) жардамы менен тан армиясы [[Иле дарыясы]]на жакын жерден батыш түрктөрдүн аскерин талкалап, Ашина Хэлуну колго түшүрүшкөн. Ушундан баштап Тан императорунун буйругу менен бул аймак округдарга (дуду) бөлүнүп башкарыла баштаган. | ||
хулуву, нешетидун, туциши | |||
Ад.: Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950, Т. 1; Chavannes E., Dokuments sur les Toukiues (Turcs) occidentaux //Сборник трудов Орхонской экс­педиции. Т. IV. СПб., 1903; Гумилёв Л. Н. Древние тюрки. М., 1967; Малявкин А. Г. Танские хроники о государствах Центральной Азии. Новосибирск, 1989''Аристов Н. А.'' Усуны и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002. | |||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] |
11:00, 31 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ДУЛУ – Батыш Түрк кагандыгынын (603–704) курамындагы беш уруунун жалпы аталышы. Байыркы Кытайдын династиялар тарыхында дулу (тулу) уруусу алгач гунн урууларына (кара: Гунндар) тиешелүү болгон жана биздин замандын баш ченинде бөлүгү батышка ооп, кийинки Болгар княздыгын негиздешкен. Ал эми Борбордук Азиядагы «Юебан» өлкөсүндө калган алардын айрым бөлүктөрү Улуу Түрк кагандыгын (552–745) курамына кирген. Тан тарыхы (шу) боюнча Батыш түрк каганы (634–639) Шаболо Хилиши (түркчө Ышбара-Толис-шад хан) 637-жылы өз өлкөсүн он урууга (бу) бөлүп, ар урууну башкарууга бирден шад дайындаган жана бийликтин белгиси катары бирден жебе (ок) берген. Ушул себептен өлкө кошумча түрдө «он ок» деп атала баштаган. Мындан тышкары он окту кайра беш-бештен эки (батыш жана чыгыш) аймактарга ажыратып, Суй-йенин (азыркы Ак-Бешим) батышы нушиби, чыгышы дулуларга тийген. Дулулар союзу 1) чумугун, 2) хулуву, 3) нешетидун, 4) туциши хелоши жана 5) шуниши чубин (А. Г. Малявкин боюнча чумукунь-люй-чур, хулуцзюй кюль-чур, шэшэти тон-чур, туциши хэлоши-чур, шуниши чупан-чур) урууларынан турган. Бирок мындай бөлүштүрүүнүн натыйжасында 640-жылдары эки аймактын ортолору саясий жиктенүүгө учурап, алсырай башташкан. Мындай абалдан пайдаланган Тан империясы Орто Азияга каршы жүргүзгөн агрессивдүү саясатын күчөтүүгө киришкен. Түрктөрдүн 10-чу каганы (653–658) Ашина Хэлу хандыкты кайра күчтөндүрүү үчүн жаңы реформа жүргүзүп, беш уруунун башчылары чжо (түркчө «Čor»); Чумугуньлюйчжо, Хулуву Кюе Чжо, Нешетидунь Чжо, Туциши Хэлоши Чжо, Шуниши Чубань Чжо деп аталып калган. 658-жылы чыгыш түрк урууларынын (теле, уйгур, тогуз огуз ж.б.) жардамы менен тан армиясы Иле дарыясына жакын жерден батыш түрктөрдүн аскерин талкалап, Ашина Хэлуну колго түшүрүшкөн. Ушундан баштап Тан императорунун буйругу менен бул аймак округдарга (дуду) бөлүнүп башкарыла баштаган.
Ад.: Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950, Т. 1; Chavannes E., Dokuments sur les Toukiues (Turcs) occidentaux //Сборник трудов Орхонской экспедиции. Т. IV. СПб., 1903; Гумилёв Л. Н. Древние тюрки. М., 1967; Малявкин А. Г. Танские хроники о государствах Центральной Азии. Новосибирск, 1989Аристов Н. А. Усуны и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002.