ДУНАЕВСКИЙ: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДУНАЕ́ВСКИЙ''' Исаак Осипович (18 (30). 1. | '''ДУНАЕ́ВСКИЙ''' '''Исаак Осипович''' (18 (30). 1. 1900, Лохвица, азыркы Полтава облусу – 25. 7. 1955, Москва) – композитор, РСФСР эл артисти (1950), советтик оперетта менен музыкалык кинокомедияга негиз салгандардын бири. 1919-жылы Харьков консерва­ториясын бүтүргөн. | ||
1900, Лохвица, азыркы Полтава | |||
[[File:ДУНАЕВСКИЙ80.png | thumb | none]] | [[File:ДУНАЕВСКИЙ80.png | thumb | none|315x315px]] | ||
Эл ара­сына кеңири тараган «Ме­кен жөнүндө ыр», «Шайыр балдардын маршы», «Мек­теп вальсы», «Унутпа», «Ка­ховка жөнүндө ыр» жана башка чыгармаларды, 12 оперетта («Күйөөлөр», 1927; «Алтын өрөөн», 1937; «Чий кал­пак», 1938; «Таалай жолу», 1941; «Маскарапоздун уулу», 1950; «Ак ака­ция», 1955 жана башкалар), балет, эстрадалык оркестр үчүн пьесаларды, спектаклдерди жазган. Анын таланты айрыкча фильмдерге жазган музыка­сында көрүнгөн: «Үч жолдош» (1935), «Дарбаза­чы» (1936), «Капитан Гранттын балдары» (1936), «Цирк» (1936, СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1941), «Вол­га-Волга» (1938, СССР мамлекеттик сыйлыгы 1941), «Ку­бандык казактар» (1950, СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1951) жана башкалар. Композитор музыканы фильмдин дра­матургиясынын бирден-бир башкы компонен­тине айландырган. | |||
чыгармаларды, 12 оперетта | |||
(«Күйөөлөр», 1927; «Алтын | |||
өрөөн», 1937; «Чий кал­пак», 1938; «Таалай жолу», | |||
1941; «Маскарапоздун уулу», 1950; «Ак ака­ция», 1955 | |||
үчүн пьесаларды, спектаклдерди жазган. Анын | |||
таланты айрыкча фильмдерге жазган музыка­сында көрүнгөн: «Үч жолдош» (1935), «Дарбаза­чы» (1936), «Капитан Гранттын балдары» (1936), | |||
«Цирк» (1936, СССР | |||
Ад.: ''Михеева Л. И. О. Дунаевский. Л., 1963.'' [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | Ад.: ''Михеева Л. И. О. Дунаевский. Л., 1963.'' [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
05:27, 16 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДУНАЕ́ВСКИЙ Исаак Осипович (18 (30). 1. 1900, Лохвица, азыркы Полтава облусу – 25. 7. 1955, Москва) – композитор, РСФСР эл артисти (1950), советтик оперетта менен музыкалык кинокомедияга негиз салгандардын бири. 1919-жылы Харьков консерваториясын бүтүргөн.

Эл арасына кеңири тараган «Мекен жөнүндө ыр», «Шайыр балдардын маршы», «Мектеп вальсы», «Унутпа», «Каховка жөнүндө ыр» жана башка чыгармаларды, 12 оперетта («Күйөөлөр», 1927; «Алтын өрөөн», 1937; «Чий калпак», 1938; «Таалай жолу», 1941; «Маскарапоздун уулу», 1950; «Ак акация», 1955 жана башкалар), балет, эстрадалык оркестр үчүн пьесаларды, спектаклдерди жазган. Анын таланты айрыкча фильмдерге жазган музыкасында көрүнгөн: «Үч жолдош» (1935), «Дарбазачы» (1936), «Капитан Гранттын балдары» (1936), «Цирк» (1936, СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1941), «Волга-Волга» (1938, СССР мамлекеттик сыйлыгы 1941), «Кубандык казактар» (1950, СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1951) жана башкалар. Композитор музыканы фильмдин драматургиясынын бирден-бир башкы компонентине айландырган.
Ад.: Михеева Л. И. О. Дунаевский. Л., 1963.