ДУНГАНДАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДУНГАНДАР''' (өздөрүн чжунюань, хуэйхуэй, ла­охуэйхуэй же хуэйзу деп аташат) – Кытай (20 млн), Россия (5 миң), Казакстан (40 миң), Өзбек­стан (5 миң), | '''ДУНГАНДАР''' (өздөрүн чжунюань, хуэйхуэй, ла­охуэйхуэй же хуэйзу деп аташат) – Кытай (20 млн), Россия (5 миң), Казакстан (40 миң), Өзбек­стан (5 миң), Кыргызстан (60 миңге жакын), ошондой эле КМШ өлкөлөрүндө жашаган калк. Дунган ти­линде сүйлөшөт. Негизинен мусулман-суннит­тер. Дунгандардын ата-бабалары – хуэй 19-кылымдын 2-жа­рымында Кытайдагы Цинь династиясына кар­шы ''Дунгандардын көтөрүлүшү'' жеңилгенден кийин Шеньси, Ганьсу, Синьцзян провинцияла­рынан Казакстан (Кара-Коңуз, Шор-Төбө айыл­дарына шеньсиликтер) ж-а Кыргызстанга (Ырдык айылына ганьсулуктар, Александровка айылы­на синьцзяндыктар) көчүп келип отурукташкан. 1932-жылдан «Хуэй­мин Бо» («Дунган гезити») гезити, ки­тептер дунган ти­линде басылып, ра­дио берүү жүргүзү­лөт. КР УИАда Кы­тайдан тышкары жерлерде жашаган Дунгандардын тарыхын ж-а маданиятын илимий жактан изилдөөчү дунган таануу бөлүмү иш­тейт. Дунгандар дыйканчы­лык, мал чарбачы­лык м-н кесиптени- | ||
гезити») гезити, ки­тептер дунган ти­линде басылып, ра­дио берүү жүргүзү­лөт. КР УИАда Кы­ | |||
[[File:ДУНГАНДАР82.png | thumb | none]] | [[File:ДУНГАНДАР82.png | thumb | none]] | ||
шип, дубалы кыштан же саман аралаш топу­рактан согулган үйлөрдө жашашкан. Кышкы­сын жылуу болсун үчүн мешке жанаша салын­ган секичеде (кан) укташкан ж-а тамактаныш­кан. Эркектер м-н аялдардын улуттук кийим­деринин үлгүсү окшош. Эркектер оң жагына топ­чуланган кенен көйнөк, шым, кездемеден шы­рылган бут кийим, аялдары саймаланып кооз­долгон кийимдерди кийишкен. Тамак-ашы не­гизинен эт, дан, сүт азыктары ж-а жашылча­жемиштер, анын ичинде крахмалдуу кесме, күрүчтөн да­ярдалган ботко, ачуу татымалдар кеңири пай­даланылат. Күрүчтү ж-а нанды тузсуз даярда­шып, тамакты таякчалар м-н жешет. 1994-жылы Кыргызстанда Дунгандар ассоциациясы (президенти Есен ''Ис­маилов'') түзүлгөн. Учурда дунган улутунун өкүлдөрү Кыргызстандын ар кайсы тармактарында эмгектенүүдө. Кыргызстандын адабиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн дунган акыны, котормо­чу Ясыр ''Шивазага'' Кыргыз ССР эл акыны (1974) деген наам ыйгарылган. | |||
Ад.: ''Сушанло М.'' Дунгане (историко-этнографиче­ский очерк). Ф., 1971. | |||
''Ч. Жумагулов.'' | |||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] |
07:40, 16 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДУНГАНДАР (өздөрүн чжунюань, хуэйхуэй, лаохуэйхуэй же хуэйзу деп аташат) – Кытай (20 млн), Россия (5 миң), Казакстан (40 миң), Өзбекстан (5 миң), Кыргызстан (60 миңге жакын), ошондой эле КМШ өлкөлөрүндө жашаган калк. Дунган тилинде сүйлөшөт. Негизинен мусулман-сунниттер. Дунгандардын ата-бабалары – хуэй 19-кылымдын 2-жарымында Кытайдагы Цинь династиясына каршы Дунгандардын көтөрүлүшү жеңилгенден кийин Шеньси, Ганьсу, Синьцзян провинцияларынан Казакстан (Кара-Коңуз, Шор-Төбө айылдарына шеньсиликтер) ж-а Кыргызстанга (Ырдык айылына ганьсулуктар, Александровка айылына синьцзяндыктар) көчүп келип отурукташкан. 1932-жылдан «Хуэймин Бо» («Дунган гезити») гезити, китептер дунган тилинде басылып, радио берүү жүргүзүлөт. КР УИАда Кытайдан тышкары жерлерде жашаган Дунгандардын тарыхын ж-а маданиятын илимий жактан изилдөөчү дунган таануу бөлүмү иштейт. Дунгандар дыйканчылык, мал чарбачылык м-н кесиптени-

шип, дубалы кыштан же саман аралаш топурактан согулган үйлөрдө жашашкан. Кышкысын жылуу болсун үчүн мешке жанаша салынган секичеде (кан) укташкан ж-а тамактанышкан. Эркектер м-н аялдардын улуттук кийимдеринин үлгүсү окшош. Эркектер оң жагына топчуланган кенен көйнөк, шым, кездемеден шырылган бут кийим, аялдары саймаланып кооздолгон кийимдерди кийишкен. Тамак-ашы негизинен эт, дан, сүт азыктары ж-а жашылчажемиштер, анын ичинде крахмалдуу кесме, күрүчтөн даярдалган ботко, ачуу татымалдар кеңири пайдаланылат. Күрүчтү ж-а нанды тузсуз даярдашып, тамакты таякчалар м-н жешет. 1994-жылы Кыргызстанда Дунгандар ассоциациясы (президенти Есен Исмаилов) түзүлгөн. Учурда дунган улутунун өкүлдөрү Кыргызстандын ар кайсы тармактарында эмгектенүүдө. Кыргызстандын адабиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн дунган акыны, котормочу Ясыр Шивазага Кыргыз ССР эл акыны (1974) деген наам ыйгарылган.
Ад.: Сушанло М. Дунгане (историко-этнографический очерк). Ф., 1971.
Ч. Жумагулов.