ДУҢКАНА: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДУҢКАНА''' Кочуке уулу (1886, Нарын | '''ДУҢКАНА''' '''Кочуке уулу''' (1886, Нарын облусу, На­рын району, Эчки-Башы айылы – 1981, ошол эле жер) – семетейчи. 1930-жылдарда айылдык ке­ңештин төрагасы, кийинчерээк чабан болуп иш­теген. Дуңкана «Манас», «Семетей» эпосун Тыныбек, Касымбай манасчылардын айтуусунда көп ук­кан. «Манас» айтуунун чеберчилигин манасчы Чоюке, Дыйканбайдан үйрөнгөн. Замандашта­ры С. Каралаев, М. Чокморовдон таасир алган. «Манас» эпосуна караганда «Семетейди» жак­шы өздөштүрүп, эл арасында көбүрөөк айткан. Башка манасчылардай эле Дуңкана өзүнүн «Манас» айтып калуусун кереметтүү түш көрүү м-н бай­ланыштырат. Дуңкананын вариантынын сюжети көл айланасындагы манасчылардын (С. Каралаев, М. Чокморов) варианттарына жакын, ошондой эле айрым мотивдери, сүрөттөөлөрү Теңир-Тоо айма­гынан чыккан манасчылардыкына окшош. Ал эпостун «Семетей» бөлүгүн толук, ал эми бирин­чи бөлүгүнөн «Манастын бала чагы», «Чоң ка­зат», «Көкөтөйдүн ашы» сыяктуу салттык ту­руктуу эпизоддорду айткан. Дуңкана айткан «Семе­тейдин» варианты көлөмү жагынан чакан, оригиналдуу ж-а көркөмдүк өзгөчөлүктөрү м-н айырмаланат. Манасчы негизинен сюжет кууп айткандыктан, белгилүү варианттарга салыш­тырганда ички көркөмдүк каражаттар сейреги­рээк. Анын вариантын 1965–67-жылдарда илимпоздор С. Бегалиев, Р. Сарыпбеков кагазга түшүрүшкөн, азыр ал КР УИАнын кол жазмалар фондусун­да сакталып турат. | ||
Чоюке, Дыйканбайдан үйрөнгөн. Замандашта­ры С. Каралаев, М. Чокморовдон таасир алган. | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
«Манас» эпосуна караганда «Семетейди» жак­шы өздөштүрүп, эл арасында көбүрөөк айткан. Башка манасчылардай эле | |||
09:24, 16 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДУҢКАНА Кочуке уулу (1886, Нарын облусу, Нарын району, Эчки-Башы айылы – 1981, ошол эле жер) – семетейчи. 1930-жылдарда айылдык кеңештин төрагасы, кийинчерээк чабан болуп иштеген. Дуңкана «Манас», «Семетей» эпосун Тыныбек, Касымбай манасчылардын айтуусунда көп уккан. «Манас» айтуунун чеберчилигин манасчы Чоюке, Дыйканбайдан үйрөнгөн. Замандаштары С. Каралаев, М. Чокморовдон таасир алган. «Манас» эпосуна караганда «Семетейди» жакшы өздөштүрүп, эл арасында көбүрөөк айткан. Башка манасчылардай эле Дуңкана өзүнүн «Манас» айтып калуусун кереметтүү түш көрүү м-н байланыштырат. Дуңкананын вариантынын сюжети көл айланасындагы манасчылардын (С. Каралаев, М. Чокморов) варианттарына жакын, ошондой эле айрым мотивдери, сүрөттөөлөрү Теңир-Тоо аймагынан чыккан манасчылардыкына окшош. Ал эпостун «Семетей» бөлүгүн толук, ал эми биринчи бөлүгүнөн «Манастын бала чагы», «Чоң казат», «Көкөтөйдүн ашы» сыяктуу салттык туруктуу эпизоддорду айткан. Дуңкана айткан «Семетейдин» варианты көлөмү жагынан чакан, оригиналдуу ж-а көркөмдүк өзгөчөлүктөрү м-н айырмаланат. Манасчы негизинен сюжет кууп айткандыктан, белгилүү варианттарга салыштырганда ички көркөмдүк каражаттар сейрегирээк. Анын вариантын 1965–67-жылдарда илимпоздор С. Бегалиев, Р. Сарыпбеков кагазга түшүрүшкөн, азыр ал КР УИАнын кол жазмалар фондусунда сакталып турат.