ДҮЛӨЙЛҮК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДҮЛӨЙЛҮК''' – кулактын укпай калышы же өтө начар угушу. Мында катуу үндү (ышкырык ж. б.) же кулактын түбүнө кыйкырып сүйлөгөн таа­ныш сөздөрдү гана жакшы угат. | '''ДҮЛӨЙЛҮК''' – кулактын укпай калышы же өтө начар угушу. Мында катуу үндү (ышкырык ж. б.) же кулактын түбүнө кыйкырып сүйлөгөн таа­ныш сөздөрдү гана жакшы угат. Дүлөйлүктө эки кула­гы тең же бир жагы укпай калат. Бир кулагы укпагандар көбүрөөк кездешет. Эки кулагы тең укпагандар атайын сурдологиялык жардамга муктаж болушат. Анын тубаса ж-а кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса түрү тукум куума болушу ык­тымал, кош бойлуулардын ар түрдүү жугуштуу оорулар м-н оорушу же алкоголь ичимдикте­рин ичкенде, баланын ''кызылча, грипп, паротит'' м-н оорушу, ошондой эле резус-фактор шайкеш келбе­гендиктен да келип чыгышы мүмкүн. Кийин пайда болгон Дүлөйлүккө кээ бир жугуштуу ж. б. оору­лар же кулактын кырсыкка чалдыгышы алып келет. Ошондой эле кесип зыяндуулугу (ызы-чуу, ди­рилдөө), металл буулары (мисалы, ''коргошун, сы­мап, мышьяк'') м-н уулануу да себеп болот. Бала сүйлөй баштаганда (3 жашка чейинки) ку­лагынын укпай калышы ''дудук-дүлөйлүккө'' алып келиши мүмкүн. Дүлөйлүк капысынан же бара-бара пайда болушу ыктымал. Капысынан болгон Дүлөйлүккө мээге кан куюлуу же ички кулакты кан м-н жабдуучу кан тамырлардын бүтөлүп калы­шы, артерия басымынын кескин өзгөрүшү, баш­тын кырсыкка чалдыгышы, өтө уулануу себеп болот. Дүлөйлүк отосклероздо, мээ кан тамырынын ате­росклерозунда ж-а кесип зыяндуулугунун натый­жасында бара-бара пайда болот. Анын эң ал­гачкы белгиси – кулак чуулдоо. Угуунун төмөн­дөшү өтө жай жүргөндүктөн, укпай калганда гана сезилет. Ошондуктан Дүлөйлүктү пайда кылуучу ооруну өз убагында дарылоо зарыл. Алдын алуу­да балдардын угуусун текшерип туруунун маа­ниси чоң. Дарылоодо ар кандай хирургиялык опера­ция колдонулат. | ||
''Ж. С. Сулайманов.'' | |||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] |
04:03, 18 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДҮЛӨЙЛҮК – кулактын укпай калышы же өтө начар угушу. Мында катуу үндү (ышкырык ж. б.) же кулактын түбүнө кыйкырып сүйлөгөн тааныш сөздөрдү гана жакшы угат. Дүлөйлүктө эки кулагы тең же бир жагы укпай калат. Бир кулагы укпагандар көбүрөөк кездешет. Эки кулагы тең укпагандар атайын сурдологиялык жардамга муктаж болушат. Анын тубаса ж-а кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса түрү тукум куума болушу ыктымал, кош бойлуулардын ар түрдүү жугуштуу оорулар м-н оорушу же алкоголь ичимдиктерин ичкенде, баланын кызылча, грипп, паротит м-н оорушу, ошондой эле резус-фактор шайкеш келбегендиктен да келип чыгышы мүмкүн. Кийин пайда болгон Дүлөйлүккө кээ бир жугуштуу ж. б. оорулар же кулактын кырсыкка чалдыгышы алып келет. Ошондой эле кесип зыяндуулугу (ызы-чуу, дирилдөө), металл буулары (мисалы, коргошун, сымап, мышьяк) м-н уулануу да себеп болот. Бала сүйлөй баштаганда (3 жашка чейинки) кулагынын укпай калышы дудук-дүлөйлүккө алып келиши мүмкүн. Дүлөйлүк капысынан же бара-бара пайда болушу ыктымал. Капысынан болгон Дүлөйлүккө мээге кан куюлуу же ички кулакты кан м-н жабдуучу кан тамырлардын бүтөлүп калышы, артерия басымынын кескин өзгөрүшү, баштын кырсыкка чалдыгышы, өтө уулануу себеп болот. Дүлөйлүк отосклероздо, мээ кан тамырынын атеросклерозунда ж-а кесип зыяндуулугунун натыйжасында бара-бара пайда болот. Анын эң алгачкы белгиси – кулак чуулдоо. Угуунун төмөндөшү өтө жай жүргөндүктөн, укпай калганда гана сезилет. Ошондуктан Дүлөйлүктү пайда кылуучу ооруну өз убагында дарылоо зарыл. Алдын алууда балдардын угуусун текшерип туруунун мааниси чоң. Дарылоодо ар кандай хирургиялык операция колдонулат.
Ж. С. Сулайманов.