ДҮҢ БАА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДҮҢ БАА''' – товарларды ири партия м-н ''ишка­наларга‚ фирмаларга‚'' сатуучу ж-а ортомчу уюм­дарга‚ ''дүң соода'' ж-а сатуучу ''компанияларга'' са­туудагы баанын бир түрү. | '''ДҮҢ БАА''' – товарларды ири партия м-н ''ишка­наларга‚ фирмаларга‚'' сатуучу ж-а ортомчу уюм­дарга‚ ''дүң соода'' ж-а сатуучу ''компанияларга'' са­туудагы баанын бир түрү. Дүң баа боюнча продукция­ларды ж-а кызмат көрсөтүүлөрдү ишканалар өз ара ж-а жабдуу-сатуу органдары аркылуу са­тышат. Өнөр жай Дүң баасы ишкананын Дүң баасынан тышкары өзүнө жабдуу-сатуунун кошумчалан­ган баасын‚ керектөө товарлары боюнча ''бюджет­ке'' алынуучу жүгүртүү салыгын да камтыйт. Чет өлкөлүк тажрыйбада Дүң баа товар даярдоочулар м-н дүң соода фирмаларынын ортосунда‚ ошондой эле дүң ж-а чекене соодагерлердин ортосундагы жүгүртүүдө пайдаланылат. Эл аралык соодада адатта ички Дүң баанын деңгээлинен төмөнүрөөк деңгээлдеги экспорттук (импорттук) Дүң баа боюнча ишке ашырылуучу дүң операциялар үстөмдүк кылат. | ||
өлкөлүк тажрыйбада | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
м-н дүң соода фирмаларынын ортосунда‚ | |||
05:14, 18 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДҮҢ БАА – товарларды ири партия м-н ишканаларга‚ фирмаларга‚ сатуучу ж-а ортомчу уюмдарга‚ дүң соода ж-а сатуучу компанияларга сатуудагы баанын бир түрү. Дүң баа боюнча продукцияларды ж-а кызмат көрсөтүүлөрдү ишканалар өз ара ж-а жабдуу-сатуу органдары аркылуу сатышат. Өнөр жай Дүң баасы ишкананын Дүң баасынан тышкары өзүнө жабдуу-сатуунун кошумчаланган баасын‚ керектөө товарлары боюнча бюджетке алынуучу жүгүртүү салыгын да камтыйт. Чет өлкөлүк тажрыйбада Дүң баа товар даярдоочулар м-н дүң соода фирмаларынын ортосунда‚ ошондой эле дүң ж-а чекене соодагерлердин ортосундагы жүгүртүүдө пайдаланылат. Эл аралык соодада адатта ички Дүң баанын деңгээлинен төмөнүрөөк деңгээлдеги экспорттук (импорттук) Дүң баа боюнча ишке ашырылуучу дүң операциялар үстөмдүк кылат.