ДЫЙКАНЧЫЛЫК СИСТЕМАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ДЫЙКАНЧЫЛЫК СИСТЕМАСЫ''' – жерди туура пайдаланууга, топурак күрдүүлүгүн арттырууга багытталган технол. (агротех.), мелиорациялык ж-а уюштуруу иш-чаралар комплекси. Д. с. өз ара байланыштуу бир катар элементтерди камтыйт: жерге жайгаштыруу, которуштуруп айдоо, жер иштетүү ж-а жер семирткич колдо­нуу системалары, отоо чөпкө, өсүмдүк илдетине ж-а зыянкечтерине каршы күрөшүү иштери,
'''ДЫЙКАНЧЫЛЫК СИСТЕМАСЫ''' – жерди туура пайдаланууга, топурак күрдүүлүгүн арттырууга багытталган технологиялык (агротехникалык), мелиорациялык ж-а уюштуруу иш-чаралар комплекси. Дыйканчылык системасы өз ара байланыштуу бир катар элементтерди камтыйт: жерге жайгаштыруу, которуштуруп айдоо, жер иштетүү ж-а жер семирткич колдо­нуу системалары, отоо чөпкө, өсүмдүк илдетине ж-а зыянкечтерине каршы күрөшүү иштери, үрөнчүлүк, топуракты эрозиядан сактоо жумуш­тары, айрым жерлерде – сугаруу, кургатуу, жер­ди химиялык  мелиорациялоо   (гипстөө ж. б.), коргоо токой тилкесин тигүү. Дыйканчылык системасынын пайда болушу ж-а анын алмашылышы коомдук өндүргүч күч­төрүнүн өнүгүшүнө, айрыкча өнөр жай өндүрүшү ж-а илимий-техникалык прогресске тыгыз байланыштуу. Коомдук өнүгүштүн ар бир мезгилине мүнөздүү өзүнчө Дыйканчылык системасы болгон: кул ээлөөчүлүк коомдо – кысыр аңыз ж-а токой кыркып, өрттөп, айдоо аянт жасоо Дыйканчылык системасы, феодалдык коомдо – буу­лантма дан (үч кезмектүү, талаалуу) Дыйканчылык системасы, ка­питализмдин өнүгүшү м-н бирге шаар калкын азык-түлүк, өнөр жайды сырьё м-н камсыз кылуу зарылчылыгынан улам жакшыртылган дан ж-а үрөн алмаштырма Дыйканчылык системасы пайда болгон. Би­рок айыл чарба өндүрүшүн капиталисттик рыноктун конъюнктурасына баш ийдирүү үрөн алмаштыр­ма которуштуруп эгүү Дыйканчылык системасын колдонууга чек коюп, бир өсүмдүк түрүн бир эле жерге кайта­лап эгүү Дыйканчылык системасы басымдуу болгон. Дыйканчылык­тын ж-а Дыйканчылык системасынын өнүгүшүнө өндүрүштүк мами­лелер активдүү таасир кылат. Илимий жактан не­гизделген Дыйканчылык системасы топурактын күрдүүлүгүн калы­бына келтирип ж-а арттырып турат, түшүмдү жогорулатып, аянт бирдигинен аз чыгым жум­шап, көп продукция алууга шарт түзөт. Дыйканчылык системасына өзгөчө түшүнүк катары аныктаманы орус оку­муштуусу А. С. Советов «Дыйканчылык систе­малары жөнүндө» (1867) деген эмгегинде берген. Дыйканчылык системасынын түрлөрү: жөнөкөй, экстенсивдүү, өтмө ж-а ургаалдуу. Жөнөкөй Дыйканчылык системасында жердин таби­гый сапаты гана пайдаланылып, топурак күр­дүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча эч кандай иш­ чаралар жүргүзүлбөйт, өндүргүч күчтөр төмөнкү деңгээлде болот. Экстенсивдүү Дыйканчылык системасы – жөнөкөй системанын өркүндөтүлгөн түрү. Мында дан-чөп которуштуруп айдоо системасына көп жылдык чөп же отолмо өсүмдүктөр киргизилет. Топурак­тын күрдүүлүгү буулантма ж-а көп жылдык чөп эгүү жолу м-н жөнгө салынат. Өтмө Дыйканчылык системасы буу­лантма дан Дыйканчылык системасынын жакшыртылышы м-н мү­нөздөлөт. Мында көп жылдык чөп же отолмо өсүмдүктүн дан-буулантма которуштуруп эгүү системасы да киргизилет. Органикалык жер семирткич көп колдонулуп, жер жакшы иштетилип, ай­доо жер өндүрүмдүүрөөк пайдаланылат. Ургаал Дыйканчылык системасына жыш (эгин ж. б.) ж-а жөөккө себилген (пахта ж. б.) өсүмдүктөрдү алмаштырып эгүү м-н топурактын күрдүүлүгүн жогорулатуу, ми­нералдык ж-а органикалык жер семирткичтерди же­тиштүү өлчөмдө пайдалануу, жерди дыкаттык м-н иштетүү, товардык өсүмдүктөрдү эгүү мү­нөздүү. Топурак-климаттык өзгөчөлүктөрүн эске алып, ар бир белгилүү аймак (зона) үчүн Дыйканчылык системасы иштелип чыгылат. Кыргызстанда ар бир облус ж-а аймак үчүн илимий жактан негизделген Дыйканчылык системасы иште­лип чыкан.
үрөнчүлүк, топуракты эрозиядан сактоо жумуш­тары, айрым жерлерде – сугаруу, кургатуу, жер­ди хим. мелиорациялоо (гипстөө ж. б.), коргоо токой тилкесин тигүү. Д. с-нын пайда болушу ж-а анын алмашылышы коомдук өндүргүч күч­төрүнүн өнүгүшүнө, айрыкча ө. ж. өндүрүшү ж-а ил.-тех. прогресске тыгыз байланыштуу. Коомдук өнүгүштүн ар бир мезгилине мүнөздүү
өзүнчө Д. с. болгон: кул ээлөөчүлүк коомдо – кысыр аңыз ж-а токой кыркып, өрттөп, айдоо аянт жасоо Д. с., феодалдык коомдо – буу­лантма дан (үч кезмектүү, талаалуу) Д. с., ка­питализмдин өнүгүшү м-н бирге шаар калкын азык-түлүк, ө. ж-ды сырьё м-н камсыз кылуу зарылчылыгынан улам жакшыртылган дан ж-а үрөн алмаштырма Д. с. пайда болгон. Би­рок а. ч. өндүрүшүн капиталисттик рыноктун конъюнктурасына баш ийдирүү үрөн алмаштыр­ма которуштуруп эгүү Д. с-н колдонууга чек коюп, бир өсүмдүк түрүн бир эле жерге кайта­лап эгүү Д. с. басымдуу болгон. Дыйканчылык­тын ж-а Д. с-нын өнүгүшүнө өндүрүштүк мами­лелер активдүү таасир кылат. Ил. жактан не­гизделген Д. с. топурактын күрдүүлүгүн калы­бына келтирип ж-а арттырып турат, түшүмдү жогорулатып, аянт бирдигинен аз чыгым жум­шап, көп продукция алууга шарт түзөт. Д. с-на
өзгөчө түшүнүк катары аныктаманы орус оку­муштуусу А. С. Советов «Дыйканчылык систе­малары жөнүндө» (1867) деген эмгегинде берген. Д. с-нын түрлөрү: жөнөкөй, экстенсивдүү, өтмө ж-а ургаалдуу. Жөнөкөй Д. с-нда жердин таби­гый сапаты гана пайдаланылып, топурак күр­дүүлүгүн калыбына келтирүү б-ча эч кандай иш­чаралар жүргүзүлбөйт, өндүргүч күчтөр төмөнкү
деңгээлде болот. Экстенсивдүү Д. с. – жөнөкөй системанын өркүндөтүлгөн түрү. Мында дан-чөп которуштуруп айдоо системасына көп жылдык
чөп же отолмо өсүмдүктөр киргизилет. Топурак­тын күрдүүлүгү буулантма ж-а көп жылдык чөп эгүү жолу м-н жөнгө салынат. Өтмө Д. с. буу­лантма дан Д. с-нын жакшыртылышы м-н мү­нөздөлөт. Мында көп жылдык чөп же отолмо
өсүмдүктүн дан-буулантма которуштуруп эгүү системасы да киргизилет. Орг. жер семирткич көп колдонулуп, жер жакшы иштетилип, ай­доо жер өндүрүмдүүрөөк пайдаланылат. Ургаал Д. с-на жыш (эгин ж. б.) ж-а жөөккө себилген (пахта ж. б.) өсүмдүктөрдү алмаштырып эгүү м-н топурактын күрдүүлүгүн жогорулатуу, ми­нералдык ж-а орг. жер семирткичтерди же­тиштүү өлчөмдө пайдалануу, жерди дыкаттык м-н иштетүү, товардык өсүмдүктөрдү эгүү мү­нөздүү. Топурак-климаттык өзгөчөлүктөрүн эске алып, ар бир белгилүү аймак (зона) үчүн Д. с. иштелип чыгылат. Кырг-нда ар бир облус ж-а аймак үчүн ил. жактан негизделген Д. с. иште­лип чыкан.


Ад.: ''Воробьев С. А. и др.'' Земледелие. М., 1977.
Ад.: ''Воробьев С. А. и др.'' Земледелие. М., 1977.
''Н. А. Карабаев.'' [[Категория:3-том, 86-170 бб]]


''Н. А. Карабаев.''
[[Категория:3-том, 86-170 бб]]

10:44, 16 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ДЫЙКАНЧЫЛЫК СИСТЕМАСЫ – жерди туура пайдаланууга, топурак күрдүүлүгүн арттырууга багытталган технологиялык (агротехникалык), мелиорациялык ж-а уюштуруу иш-чаралар комплекси. Дыйканчылык системасы өз ара байланыштуу бир катар элементтерди камтыйт: жерге жайгаштыруу, которуштуруп айдоо, жер иштетүү ж-а жер семирткич колдо­нуу системалары, отоо чөпкө, өсүмдүк илдетине ж-а зыянкечтерине каршы күрөшүү иштери, үрөнчүлүк, топуракты эрозиядан сактоо жумуш­тары, айрым жерлерде – сугаруу, кургатуу, жер­ди химиялык мелиорациялоо (гипстөө ж. б.), коргоо токой тилкесин тигүү. Дыйканчылык системасынын пайда болушу ж-а анын алмашылышы коомдук өндүргүч күч­төрүнүн өнүгүшүнө, айрыкча өнөр жай өндүрүшү ж-а илимий-техникалык прогресске тыгыз байланыштуу. Коомдук өнүгүштүн ар бир мезгилине мүнөздүү өзүнчө Дыйканчылык системасы болгон: кул ээлөөчүлүк коомдо – кысыр аңыз ж-а токой кыркып, өрттөп, айдоо аянт жасоо Дыйканчылык системасы, феодалдык коомдо – буу­лантма дан (үч кезмектүү, талаалуу) Дыйканчылык системасы, ка­питализмдин өнүгүшү м-н бирге шаар калкын азык-түлүк, өнөр жайды сырьё м-н камсыз кылуу зарылчылыгынан улам жакшыртылган дан ж-а үрөн алмаштырма Дыйканчылык системасы пайда болгон. Би­рок айыл чарба өндүрүшүн капиталисттик рыноктун конъюнктурасына баш ийдирүү үрөн алмаштыр­ма которуштуруп эгүү Дыйканчылык системасын колдонууга чек коюп, бир өсүмдүк түрүн бир эле жерге кайта­лап эгүү Дыйканчылык системасы басымдуу болгон. Дыйканчылык­тын ж-а Дыйканчылык системасынын өнүгүшүнө өндүрүштүк мами­лелер активдүү таасир кылат. Илимий жактан не­гизделген Дыйканчылык системасы топурактын күрдүүлүгүн калы­бына келтирип ж-а арттырып турат, түшүмдү жогорулатып, аянт бирдигинен аз чыгым жум­шап, көп продукция алууга шарт түзөт. Дыйканчылык системасына өзгөчө түшүнүк катары аныктаманы орус оку­муштуусу А. С. Советов «Дыйканчылык систе­малары жөнүндө» (1867) деген эмгегинде берген. Дыйканчылык системасынын түрлөрү: жөнөкөй, экстенсивдүү, өтмө ж-а ургаалдуу. Жөнөкөй Дыйканчылык системасында жердин таби­гый сапаты гана пайдаланылып, топурак күр­дүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча эч кандай иш­ чаралар жүргүзүлбөйт, өндүргүч күчтөр төмөнкү деңгээлде болот. Экстенсивдүү Дыйканчылык системасы – жөнөкөй системанын өркүндөтүлгөн түрү. Мында дан-чөп которуштуруп айдоо системасына көп жылдык чөп же отолмо өсүмдүктөр киргизилет. Топурак­тын күрдүүлүгү буулантма ж-а көп жылдык чөп эгүү жолу м-н жөнгө салынат. Өтмө Дыйканчылык системасы буу­лантма дан Дыйканчылык системасынын жакшыртылышы м-н мү­нөздөлөт. Мында көп жылдык чөп же отолмо өсүмдүктүн дан-буулантма которуштуруп эгүү системасы да киргизилет. Органикалык жер семирткич көп колдонулуп, жер жакшы иштетилип, ай­доо жер өндүрүмдүүрөөк пайдаланылат. Ургаал Дыйканчылык системасына жыш (эгин ж. б.) ж-а жөөккө себилген (пахта ж. б.) өсүмдүктөрдү алмаштырып эгүү м-н топурактын күрдүүлүгүн жогорулатуу, ми­нералдык ж-а органикалык жер семирткичтерди же­тиштүү өлчөмдө пайдалануу, жерди дыкаттык м-н иштетүү, товардык өсүмдүктөрдү эгүү мү­нөздүү. Топурак-климаттык өзгөчөлүктөрүн эске алып, ар бир белгилүү аймак (зона) үчүн Дыйканчылык системасы иштелип чыгылат. Кыргызстанда ар бир облус ж-а аймак үчүн илимий жактан негизделген Дыйканчылык системасы иште­лип чыкан.

Ад.: Воробьев С. А. и др. Земледелие. М., 1977.

Н. А. Карабаев.