ДЭН СЯОПИН: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
2 сап: | 2 сап: | ||
[[File:ДЭН СЯОПИН96.png | thumb | none]] | [[File:ДЭН СЯОПИН96.png | thumb | none]] | ||
с я н, Д ы ң C я у п и н (22. 8. 1904, Кытай, Сычуань провинциясы, Пайфан – 19. | с я н, Д ы ң C я у п и н (22. 8. 1904, Кытай, Сычуань провинциясы, Пайфан – 19. 2. 1997, Пекин) – Кытайдын мамлекеттик ж-а коомдук ишмери. 1920-жылы Франциядан билим алган. 1922-жылдан Кытай Коммунисттик Жаштар Сою­зуна, 1924-жылдан Кытай КПнын мүчөсү. 1925-жылы сая­сий ишмердүүлүгү үчүн Франциядан куулуп, Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин Комму­нисттик университетинде, кийин Сунь Ятсен атындагы университетте окуган. 1927-жылы Кытайга кайтып, 1929–30-жылдарда Бпайсек ж-а Лунчжоу көтөрүлүшүн жетектеп, ошол эле учурда Кытай кызыл армияcынын ка­тарына кошулган. Япония м-н болгон согушта 8-армиянын бөлүктөрүндө комиссар болуп кыз­мат кылган. 1945-жылы Кытай элдик-боштондук армиясына караштуу 2-армиянын комиссарлы­гына дайындалган. Ушул жылдары Дэн Сяопин Кы­тай КП БКга мүчөлүккө кабыл алынып, 1949- жылдагы революцияга активдүү даярдык көргөн. Революция жеңгенден кийин Мамлекеттик Советтин (өкмөт) премьеринин орун басары болуп дайындалган. 1956–66-жылдарда Кытай КП БКнын Генералдык сек­ретары болуп иштеген. 1960-жылдардын экин­чи жарымында Кытайда «Маданий революция­нын» башталышына байланыштуу пикир ке­лишпестиктерден улам Дэн Сяопин кызматынан ажы­рап, трактор заводуна жиберилген. 1973-жылы Чжоу Эньлайдын кийлигишүүсү м-н мурунку кызма­ты кайтарылып берилген, бирок Чжоу Эньлай өлгөндөн (1976) кийин кайрадан куугунтуктал­ган. 1977-жылы Кытай КПнын 11-съездинде «төр­төөнүн тобунун» жоюлушу м-н кайрадан ак­талган. Дэн Сяопиндин сунушу б-ча Кытай КП БКнын 3-пленумунда (1978-жылы декабрь) кытайлык өзгө­чөлүк м-н социализм куруу ж-а экономикалык реформа жүргүзүү багыты кабыл алынган. Анын демил­геси м-н «маданий революция» саясаты, Мао Цзэдундун жаңылыштыктары сынга алынып, жеке ишмердикке жол ачылган ж-а ММКга ка­рата цензуралар жоюлган. 1980-жылдардын башында Кытай м-н Тайванды тынчтык жолу аркылуу бириктирүү үчүн «бир өлкө – эки түзү­лүш» аттуу идея киргизген. Өз эрки м-н 1987-жылы Кытай КП БКнын мүчөлүгүнөн, 1989-жылы Кытай КП БКнын Борбордук согуш кеңешинин баш­чылыгынан баш тарткан. Ага карабастан өмүрү­нүн акырына чейин КЭРдин жетекчилигинде не­гизги күч болуп саналган. Бишкек шаарындагы кө­чөгө ысмы берилген. | ||
2. 1997, Пекин) – Кытайдын | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
өлгөндөн (1976) кийин кайрадан куугунтуктал­ган. 1977- | |||
жүргүзүү багыты кабыл алынган. Анын демил­геси м-н «маданий революция» саясаты, Мао Цзэдундун жаңылыштыктары сынга алынып, жеке ишмердикке жол ачылган ж-а ММКга ка­рата цензуралар жоюлган. 1980-жылдардын башында Кытай м-н Тайванды тынчтык жолу аркылуу бириктирүү үчүн «бир өлкө – эки түзү­лүш» аттуу идея киргизген. Өз эрки м-н 1987- | |||
03:47, 17 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДЭН СЯОПИ́Н , Д ы ң С и-

с я н, Д ы ң C я у п и н (22. 8. 1904, Кытай, Сычуань провинциясы, Пайфан – 19. 2. 1997, Пекин) – Кытайдын мамлекеттик ж-а коомдук ишмери. 1920-жылы Франциядан билим алган. 1922-жылдан Кытай Коммунисттик Жаштар Союзуна, 1924-жылдан Кытай КПнын мүчөсү. 1925-жылы саясий ишмердүүлүгү үчүн Франциядан куулуп, Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин Коммунисттик университетинде, кийин Сунь Ятсен атындагы университетте окуган. 1927-жылы Кытайга кайтып, 1929–30-жылдарда Бпайсек ж-а Лунчжоу көтөрүлүшүн жетектеп, ошол эле учурда Кытай кызыл армияcынын катарына кошулган. Япония м-н болгон согушта 8-армиянын бөлүктөрүндө комиссар болуп кызмат кылган. 1945-жылы Кытай элдик-боштондук армиясына караштуу 2-армиянын комиссарлыгына дайындалган. Ушул жылдары Дэн Сяопин Кытай КП БКга мүчөлүккө кабыл алынып, 1949- жылдагы революцияга активдүү даярдык көргөн. Революция жеңгенден кийин Мамлекеттик Советтин (өкмөт) премьеринин орун басары болуп дайындалган. 1956–66-жылдарда Кытай КП БКнын Генералдык секретары болуп иштеген. 1960-жылдардын экинчи жарымында Кытайда «Маданий революциянын» башталышына байланыштуу пикир келишпестиктерден улам Дэн Сяопин кызматынан ажырап, трактор заводуна жиберилген. 1973-жылы Чжоу Эньлайдын кийлигишүүсү м-н мурунку кызматы кайтарылып берилген, бирок Чжоу Эньлай өлгөндөн (1976) кийин кайрадан куугунтукталган. 1977-жылы Кытай КПнын 11-съездинде «төртөөнүн тобунун» жоюлушу м-н кайрадан акталган. Дэн Сяопиндин сунушу б-ча Кытай КП БКнын 3-пленумунда (1978-жылы декабрь) кытайлык өзгөчөлүк м-н социализм куруу ж-а экономикалык реформа жүргүзүү багыты кабыл алынган. Анын демилгеси м-н «маданий революция» саясаты, Мао Цзэдундун жаңылыштыктары сынга алынып, жеке ишмердикке жол ачылган ж-а ММКга карата цензуралар жоюлган. 1980-жылдардын башында Кытай м-н Тайванды тынчтык жолу аркылуу бириктирүү үчүн «бир өлкө – эки түзүлүш» аттуу идея киргизген. Өз эрки м-н 1987-жылы Кытай КП БКнын мүчөлүгүнөн, 1989-жылы Кытай КП БКнын Борбордук согуш кеңешинин башчылыгынан баш тарткан. Ага карабастан өмүрүнүн акырына чейин КЭРдин жетекчилигинде негизги күч болуп саналган. Бишкек шаарындагы көчөгө ысмы берилген.