ДЮРЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЮ́РЕР''' Альбрехт (21. 5. 1471, Нюрнберг – 6. 4. 1528, ошол эле жер) – немис живописчиси | '''ДЮ́РЕР''' '''Альбрехт''' (21. 5. 1471, Нюрнберг – 6. 4. 1528, ошол эле жер) – немис живописчиси жана искусство теоретиги, ''Кайра жаралуу'' доорундагы ири сүрөтчү. Алгачкы иштеринде («Паумгартнерлер­дин алтары», 1502–1504, Эски пинакотека, Мюн­хен) реалисттик багыттагы изденүүлөрү кийин­ки готика өнөрүнүн элементтери менен айкалы­шат. Реформация мезгили менен 1525-жылдагы дыйкандар согушун чагылдырган сүрөттөрү («Төрт апостол», 1526) ''Кайра жаралуу'' доорун­дагы көркөм сүрөт өнөрүнүн ири жетишкендик­теринен болгон. | ||
[[File:ДЮРЕР99.png | thumb | А. Дюрер. «Мария наристе менен». 1512. Вена.]] | [[File:ДЮРЕР99.png | thumb | А. Дюрер. «Мария наристе менен». 1512. Вена.]] | ||
Анын портреттери («Жигиттин портрети», 1521, Дрезден, Сүрөт галереясы) адамдын ички умтулуусун, ой-аракетинин тереңдигин көрсөтөт. Дюрер философиялык терең образдарга бай, фор­масы боюнча жаңы, тематикасы ар түрдүү гравю­раларды («Рыцарь, өлүм жана азезил», 1513; «Ыйык Иероним», «Меланхолия», экөө тең 1514) жараткан. Дюрер архитектура, математика, механика жа­атында да эмгектенген. Дүйнөлүк жана немис мадания­тынын тарыхында анын трактаттары, күндө­лүктөрү маанилүү орунду ээлейт. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | |||
«Ыйык Иероним», «Меланхолия», экөө тең 1514) | |||
жараткан. | |||
05:03, 17 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДЮ́РЕР Альбрехт (21. 5. 1471, Нюрнберг – 6. 4. 1528, ошол эле жер) – немис живописчиси жана искусство теоретиги, Кайра жаралуу доорундагы ири сүрөтчү. Алгачкы иштеринде («Паумгартнерлердин алтары», 1502–1504, Эски пинакотека, Мюнхен) реалисттик багыттагы изденүүлөрү кийинки готика өнөрүнүн элементтери менен айкалышат. Реформация мезгили менен 1525-жылдагы дыйкандар согушун чагылдырган сүрөттөрү («Төрт апостол», 1526) Кайра жаралуу доорундагы көркөм сүрөт өнөрүнүн ири жетишкендиктеринен болгон.

Анын портреттери («Жигиттин портрети», 1521, Дрезден, Сүрөт галереясы) адамдын ички умтулуусун, ой-аракетинин тереңдигин көрсөтөт. Дюрер философиялык терең образдарга бай, формасы боюнча жаңы, тематикасы ар түрдүү гравюраларды («Рыцарь, өлүм жана азезил», 1513; «Ыйык Иероним», «Меланхолия», экөө тең 1514) жараткан. Дюрер архитектура, математика, механика жаатында да эмгектенген. Дүйнөлүк жана немис маданиятынын тарыхында анын трактаттары, күндөлүктөрү маанилүү орунду ээлейт.