ДИЕН УГЛЕВОДОРОДДОРУ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИЕ́Н УГЛЕВОДОРОДДОРУ''' , а л к а д и е н­ д е р – бир эле молекулада эки кош байланы­шы бар чексиз углеводороддор. Чектүү углево­дороддорго салыштырганда алардын молекула­сында 4 суутек атому кем болуп, жалпы фор­муласы – C<sub>n</sub>H<sub>2n–2</sub>. Молекулаларда кош байла­ныштардын жайгашышына жараша үчкө бөлүнөт. 1. Кош байланыштары катарлаш жай­гашкан | '''ДИЕ́Н УГЛЕВОДОРОДДОРУ''' , а л к а д и е н­ д е р – бир эле молекулада эки кош байланы­шы бар чексиз углеводороддор. Чектүү углево­дороддорго салыштырганда алардын молекула­сында 4 суутек атому кем болуп, жалпы фор­муласы – C<sub>n</sub>H<sub>2n–2</sub>. Молекулаларда кош байла­ныштардын жайгашышына жараша үчкө бөлүнөт. 1. Кош байланыштары катарлаш жай­гашкан диен углеводороддорунда эки кош байланыш бир көмүр­тек атомунда жайгашат, мисалы, аллендер CH<sub>2</sub>= =C=CH<sub>2</sub>. 2. Кош байланыштар бир жөнөкөй байланыш м-н кезектешип жайгашкан, мисалы, дивинил CH<sub>2</sub>=CН–СН=CH<sub>2</sub>. 3. Кош байланыш­тар бир нече жөнөкөй байланыштар м-н ажы­ратылган, мисалы, пентадиен CH<sub>2</sub>=CН–СН<sub>2</sub>–СН=CH<sub>2</sub>. Булар эки кош байланышы болгондук­тан, кошулуу реакциясына кирет. Эгерде 1,3-бутадиенге бромдун молекуласын таасир этсе, алар 1- ж-а 2-көмүртек атомуна кошулбастан, 1- ж-а 4-көмүртек атомдоруна кошулуп, 2- ж-а 3-көмүртек атомдорунун ортосунда жаңы кош байланыш пайда болот: CH<sub>2</sub>=CH–CH=CH<sub>2</sub>+Br<sub>2</sub>→ CH<sub>2</sub>Br–CH=CH–CH<sub>2</sub>Br. Диен углеводороддору оңой полимерле­нип, ири молекулалуу бирикмелерди пайда кы­лат. Алар алкандарды же алкендерди катали­затордун катышуусунда дегидрлөөдөн алынат. Өнөр жайда негизинен синтездик каучуктарды, ча­йырларды, полиамид булаларын, лактарды, боёкторду, дары-дармектерди ж. б. алууда кол­донулат. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
=CH<sub>2</sub>. Булар эки кош байланышы болгондук­тан, кошулуу реакциясына кирет. Эгерде 1,3-бутадиенге бромдун молекуласын таасир этсе, алар 1- ж-а 2-көмүртек атомуна кошулбастан, 1- ж-а 4-көмүртек атомдоруна кошулуп, 2- ж-а 3-көмүртек атомдорунун ортосунда жаңы кош байланыш пайда болот: CH<sub>2</sub>=CH–CH=CH<sub>2</sub>+Br<sub>2</sub>→ |
02:31, 14 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИЕ́Н УГЛЕВОДОРОДДОРУ , а л к а д и е н д е р – бир эле молекулада эки кош байланышы бар чексиз углеводороддор. Чектүү углеводороддорго салыштырганда алардын молекуласында 4 суутек атому кем болуп, жалпы формуласы – CnH2n–2. Молекулаларда кош байланыштардын жайгашышына жараша үчкө бөлүнөт. 1. Кош байланыштары катарлаш жайгашкан диен углеводороддорунда эки кош байланыш бир көмүртек атомунда жайгашат, мисалы, аллендер CH2= =C=CH2. 2. Кош байланыштар бир жөнөкөй байланыш м-н кезектешип жайгашкан, мисалы, дивинил CH2=CН–СН=CH2. 3. Кош байланыштар бир нече жөнөкөй байланыштар м-н ажыратылган, мисалы, пентадиен CH2=CН–СН2–СН=CH2. Булар эки кош байланышы болгондуктан, кошулуу реакциясына кирет. Эгерде 1,3-бутадиенге бромдун молекуласын таасир этсе, алар 1- ж-а 2-көмүртек атомуна кошулбастан, 1- ж-а 4-көмүртек атомдоруна кошулуп, 2- ж-а 3-көмүртек атомдорунун ортосунда жаңы кош байланыш пайда болот: CH2=CH–CH=CH2+Br2→ CH2Br–CH=CH–CH2Br. Диен углеводороддору оңой полимерленип, ири молекулалуу бирикмелерди пайда кылат. Алар алкандарды же алкендерди катализатордун катышуусунда дегидрлөөдөн алынат. Өнөр жайда негизинен синтездик каучуктарды, чайырларды, полиамид булаларын, лактарды, боёкторду, дары-дармектерди ж. б. алууда колдонулат.