ДЕРКЕНБАЕВ Советбек Мусаевич: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

09:51, 7 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ДЕРКЕНБАЕВ Советбек Мусаевич (25.4.1953-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор айылы) – айыл чарба илимдеринин доктору (2007), профессор (2007). КАЧИни (1976), 1981-жылы Кыргыз мал чарба ИИИнин ас­пирантурасын бүтүргөн. Кыргыз мал чарба ИИИде илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, ки­йин жетектөөчү илимий кызматкер болуп иштеген. 1989-жылдан К. И. Скрябин атындагы КАЧИде ассис­тент, 1991-жылдан улук окутуучу, доцент, ка­федра башчысы (2008). КРдин айыл чарбасынын отлич­ниги. Илимий эмгектери уй өстүрүүнүн селекциялык ж-а генетикалык мүмкүнчүлүктөрүнө арналып, 62 илимий эм­геги, анын ичинде 2 монографиясы, 6 окуу куралы жа­рык көргөн.

Эмг.: Селекционно-генетические факторы улучше­ния продуктивности крупного рогатого скота в Кыр­гызстане. Б., 2005; Бодо мал өстүрүү. Б., 2006.