ДРЕССИРОВКА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДРЕССИРО́ВКА''' (французча dresser – үйрөтүү) – көп ирет кайталоо жолу менен айбанатты акырындап та­таалдашкан көнүгүүлөргө үйрөтүү. Үйрөтүлгөн айбанаттар көпчүлүктүн алдында көрсөткөн көнүгүүлөр да Дрессировка деп аталат. | '''ДРЕССИРО́ВКА''' (французча dresser – үйрөтүү) – көп ирет кайталоо жолу менен айбанатты акырындап та­таалдашкан көнүгүүлөргө үйрөтүү. Үйрөтүлгөн айбанаттар көпчүлүктүн алдында көрсөткөн көнүгүүлөр да Дрессировка деп аталат. | ||
[[File:ДРЕССИРОВКА67.png | thumb | Кыргыз Республикасынын эл артисти С.Урманбетов үйрөткөн жаныбар­лары менен оюн көрсөтүүдө (1976).]] | [[File:ДРЕССИРОВКА67.png | thumb | Кыргыз Республикасынын эл артисти С.Урманбетов үйрөткөн жаныбар­лары менен оюн көрсөтүүдө (1976).]] | ||
Көнүгүүлөрдү үйрөтүү буйрук берилген кезде аны баш тартпай аткар­туу милдетин камтыйт. Байыркы Чыгышта, орто кылымда Батыш Европада кыдырып жүргөн актёр-гистриондор, Азияда дорвоздор, орус ско­морохтору айбанаттарды үйрөтүшкөн. XIX кылымдын 20–30-жылдарында ай­банаттарды чүмбөттөл­гөн капастуу арабада кыдырып көрсөтүшкөн, 50–60-жылдарда айба­наттарды үйрөтүүчүлөр атайын цирктерде экзо­тикалык жаныбарлар менен иштей башташкан. Чүмбөттөлгөн капас ара­банын ордуна цирктин манежинде бийик темир торлор колдонул­ган. Дрессировкадагы бул жаңы ба­гыт А. Л . Дуровдун ысмы менен байланыштуу. Ал айбанаттарды интермедияларда жана репри­заларда каарман катары пайдаланган. Экс­периментчи-үйрөтүүчү В. Л. Дуров үй айбанат­тарынан баштап, пилге чейин маанилүү элемен­ттерди колдонуу ыкмасы менен манежде зоо­парктык Дрессировка программаларын аткарган. Мында ал үйрөтүүчү режиссёрдун милдетин аткарса, ал эми айбанаттар тилсиз достордун, төрт буттуу артисттердин ролун ойногон. ''Дуровдордун'' сал­ты азыр да уланууда. Кыргыз циркинде Кыргыз Республиканын эл артисти С. ''Урманбетов'' айбанаттарды үйрөтүүнүн чебери катары таанымал. ''Т. Сатаров.'' | Көнүгүүлөрдү үйрөтүү буйрук берилген кезде аны баш тартпай аткар­туу милдетин камтыйт. Байыркы Чыгышта, орто кылымда Батыш Европада кыдырып жүргөн актёр-гистриондор, Азияда дорвоздор, орус ско­морохтору айбанаттарды үйрөтүшкөн. XIX кылымдын 20–30-жылдарында ай­банаттарды чүмбөттөл­гөн капастуу арабада кыдырып көрсөтүшкөн, 50–60-жылдарда айба­наттарды үйрөтүүчүлөр атайын цирктерде экзо­тикалык жаныбарлар менен иштей башташкан. Чүмбөттөлгөн капас ара­банын ордуна цирктин манежинде бийик темир торлор колдонул­ган. Дрессировкадагы бул жаңы ба­гыт А. Л . Дуровдун ысмы менен байланыштуу. Ал айбанаттарды интермедияларда жана репри­заларда каарман катары пайдаланган. Экс­периментчи-үйрөтүүчү В. Л. Дуров үй айбанат­тарынан баштап, пилге чейин маанилүү элемен­ттерди колдонуу ыкмасы менен манежде зоо­парктык Дрессировка программаларын аткарган. Мында ал үйрөтүүчү режиссёрдун милдетин аткарса, ал эми айбанаттар тилсиз достордун, төрт буттуу артисттердин ролун ойногон. ''Дуровдордун'' сал­ты азыр да уланууда. Кыргыз циркинде Кыргыз Республиканын эл артисти С. ''Урманбетов'' айбанаттарды үйрөтүүнүн чебери катары таанымал. ''Т. Сатаров.'' | ||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] |
07:50, 15 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДРЕССИРО́ВКА (французча dresser – үйрөтүү) – көп ирет кайталоо жолу менен айбанатты акырындап татаалдашкан көнүгүүлөргө үйрөтүү. Үйрөтүлгөн айбанаттар көпчүлүктүн алдында көрсөткөн көнүгүүлөр да Дрессировка деп аталат.

Көнүгүүлөрдү үйрөтүү буйрук берилген кезде аны баш тартпай аткартуу милдетин камтыйт. Байыркы Чыгышта, орто кылымда Батыш Европада кыдырып жүргөн актёр-гистриондор, Азияда дорвоздор, орус скоморохтору айбанаттарды үйрөтүшкөн. XIX кылымдын 20–30-жылдарында айбанаттарды чүмбөттөлгөн капастуу арабада кыдырып көрсөтүшкөн, 50–60-жылдарда айбанаттарды үйрөтүүчүлөр атайын цирктерде экзотикалык жаныбарлар менен иштей башташкан. Чүмбөттөлгөн капас арабанын ордуна цирктин манежинде бийик темир торлор колдонулган. Дрессировкадагы бул жаңы багыт А. Л . Дуровдун ысмы менен байланыштуу. Ал айбанаттарды интермедияларда жана репризаларда каарман катары пайдаланган. Экспериментчи-үйрөтүүчү В. Л. Дуров үй айбанаттарынан баштап, пилге чейин маанилүү элементтерди колдонуу ыкмасы менен манежде зоопарктык Дрессировка программаларын аткарган. Мында ал үйрөтүүчү режиссёрдун милдетин аткарса, ал эми айбанаттар тилсиз достордун, төрт буттуу артисттердин ролун ойногон. Дуровдордун салты азыр да уланууда. Кыргыз циркинде Кыргыз Республиканын эл артисти С. Урманбетов айбанаттарды үйрөтүүнүн чебери катары таанымал. Т. Сатаров.